Былтыр 2100дөн ашуун бала мектепке барган эмес


2021-2022-окуу жылында 2158 бала мектепке барбай калды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 614 бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эми 425и ар кандай себептерден улам класстан көчпөй калгандар. Алардын ар бири менен өз алдынча иш жүргүзүлүп жатат.
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети 31-январда үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында балдарга жасалган зомбулукка байланыштуу маселени талкуулап, тийешелүү мекемелердин маалыматын укту.
Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 30 миңден ашат. Жалпы өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн саналуу гана мектеп бар. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын канчасы мектепке барбай жатканы тууралуу маалымат жок.
Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн. 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар жана кыздар.











