Бийликчил партиялар “аңга түшүү” менен люстрация болушу мүмкүнбү?

Учурда “Ишеним”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Мекенчил эл”, “Ыйман нуру” сыяктуу партиялар бийликчил аталып, каражаттары калың экени каңкууланууда. Чылгый аттуу-баштуулар, алардын балдары, олиграхтар топтолуп атканы ыраспы? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, аталган партияларга үлкөндөр, байлар топтолсо, аягын кандай элестетебиз? Административдик ресурс колдонулбай, добуш сатылбасына ишеним барбы? Жергиликтүү бийликтерди тыйып, тартипке чакырса, ал эми таза добуш алууну кантип элестетебиз? Былтыркы “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстандын” тагдырын кайталап калышпагай эле... Ким билет? Жогорку төбөлдөр атайын бата берип коюшуп, бүтүндөй байларды, экс-чиновниктерди “аңга түртүшкөнү” жатышабы? Люстрациянын дал ушундай жаңы ыкмасы жасалып жүрбөсүн? Албетте, олуттуу суроолор жаралууда. Саясаттын миң сайы бар...
"Азия Ньюс" гезити