Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: "Бакыт Төрөбаев президентти мактаса, мен да колдойм"

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: "Бакыт Төрөбаев президентти мактаса, мен да колдойм"

21-ноябрь, 20:32
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

- Тынчтык мырза, Евразиялык экономикалык комиссия кеңеши Кыргызстандын Өкмөтүнүн автоунааларга бажы төлөмдөрү үчүн жеңилдикти узартуу сунушун колдогон жок. Муну айрымдар ЕАЭБдин диктатурасы катары кабылдап жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

- “ЕАЭБдин диктатурасы” дегенибиз бир аз копол сөз. Бизге жеңилдик катары үч жылдык мөөнөт берилген. Биз ал мөөнөттү колдондук. Анан эми ар бир мамлекет өзүнүн экономикасынын өсүшүнө, өндүрүшүнүн алдыга жылышына кызыкдар да. Россияда автопром бар. Алар автоунааларын чыгарып сатылышына кызыкдар. Мен түшүнүп турам. Үч жыл ичинде биздикилер Америкадан, Европадан сапаттуу, арзан унааларды алып келип, сатып, элибизге кандайдыр бир деңгээлде ыңгайлуулук түзүлуп калган. Эми анын жокко чыгып жатканы чычалатууда.  Өтүнүчүбүз четке кагылды. Бул да болсо  келишимдин негизинде болду. Демек, туура эмес иш кылышкан жок комиссиядагылар. 

- Акчаң болсо сырттан унаа алып келип айда, жок болсо “жигули” айда деген заман келеби эми?

- Россиядан чыккан унаалар көп келе баштайт. “Жигули”, “УАЗ”, Корея, Япон унааларынын Россияда чогултулганы. Алар эми Кореянын, Япониянын өзүндө чыгарылганга караганда сапаты бир аз төмөн. Бирок, баасы бизге ылайыктуу болуп, сатып алганга болот.

- УКМКда кылмыш ишинин ичиндеги акчанын жоголушу эмнеден кабар берет? 

- Вещдок (вещественное докозательство) кылмыштын ичинде болуш керек. Жазык-процесстик Кодексинин негизинде тартиби ошондой. Эгерде, ал вещдок катары сейфте туруп, тергөө маалында жоголуп кетсе, бул кылмыш. Андайга жол берилбеши керек. Жоголгону аныкталса, тергөөчү кылмыш жообуна тартылат. 

- Биринчи май райондук соту Уланбек Чалбаевди (200 миң доллар пара алган деген шек менен кармалган Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы) беш жылга кескен чечим чыгарды...

- Мыйзамды ушундай каралган. Чалбаевдин тагдырын бир гана сот чечет жана чечти. Аны эркинен ажыраткан чечим чыгарганда ошол эле вещдок боючна да айтылды. Ал эми кармоо процессинде вещдок катары алынган 200 миң доллардын тагдырын да сот чечет. Мамлекеттин эсебине чегерилеби, же акчаны берген кишиге кайра кайтарылып берилеби, аны да бир гана сот чечет. Маалымат окудум, далил зат катары алынган 199 миң 500 доллар жана «Samsung Galaxy S6 edge» үлгүсүндөгү уюлдук телефон мамлекеттин пайдасына чегерилгенин. 

- Лидериңиздер Бакыт Төрөбаев президентти мактап, дарегине жакшы сөздөрдү айта баштады. Мындан улам, коомчулукта “Төрөбаевдин кийинки шайлоого бараарына уруксат берилиптир” деп чыккандар болду. Туруп-туруп эле президентти мактап киргендин бир себеби болсо керек?.. 

- Президент – бул эл шайлаган адам. Мен дагы кошумчалап кетким келет, жөн эле адам президент боло калбайт. Кудайдын назары түшкөн адам президент болот. Эл шайлап, ишеним көрсөткөн соң, анын ишин колдош керек. Бир саясатчы мактаганы проблема эмес да. Бирөө мактайт, бирөө жамандайт. Ар бир адамдын сезими ар кандай. Бирөөнө иши жагат, бирөөнө жакпай, сындайт. Бизде демократия. Бакыт Эргешовичтин президент тууралуу айткандарына кошулам.  

Ал эми кийинки шайлоого барат, барбайт жөнүндөгү маселе азыр күн тартибинде эмес. Шайлоого дагы бир жыл бар. Кудай билет, дагы кандай иштер болуп кетет. Жаманбы, жакшыбы, “Өнүгүү-Прогресс” деген партия бар, парламентте фракция бар. Элге пайдалуу бир топ иштерди жасады. Кайсы партияны кандай тагдыр күтүп турат, бул боюнча эч ким кепилдик бере албайт. 

- “Шайлоо босогосу 9% бойдон калсын” деп бекем турасыздарбы?

- Ооба. Себеби, мен юрист катары айтып коюшум керек. Мыйзамдын күчтүүлүгү анын аткарылышында. Жакшы мыйзам, жаман мыйзам болбойт. Кабыл алындыбы, биз аны аткарууга тийишпиз. “2020-жылкы парламенттик шайлоо 9 пайыз босого чек менен өтсүн” деп мыйзам кабыл алынган. Ошонун тегерегинде иш алып барышыбыз керек. Албетте, сунуштарды кабыл алганга убакыт бар. “5%га, 7%га түшүрүу керек” деген сунуштар айтылууда. Каралса, эске алынса, мыйзам кабыл алынса, ошол боюнча иштейбиз. Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин, туура ой жүгуртүп, баары мыйзам чегинде ишке ашканы туура болот. 

Динар Турдугулова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер