Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдырайым Базарбаев: “Дары-дармексиз куландан соо айыкканыма таңгалам”

Абдырайым Базарбаев: “Дары-дармексиз куландан соо айыкканыма таңгалам”

13-апрель, 22:11
1 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

80 жашка таяп калган Базарбаев Абдырайым ажы ата атайын биздин редакцияны издеп келиптир. Өзү Ош облусунун Ноокат районунан болот экен. Алыстан келген адамга сөз узатып, айткандарын тыңдадык. Аксакал дарттан айыгып, даба тапканын кубанып айтып отурду.

-- Мен көп жылдардан бери түрдүү дарттар менен ооруп жүрдүм: остеохондроз, панкреатит, бөйрөк ж.б. дарттар жаныма жай бербей жүргөн. Өзүм экинчи топтогу майыпмын. Ооруканадан ооруканага жатып, дарыларды ичип жүрүп сакайганым жок. Бир жолу “Вестник ЗОЖ” деген гезиттен космоэнергетик Мирхалил Каримов тууралуу окуп калдым. Ооруларды биоток менен айыктырат экен. Ушундан бир даба издеп, дарыланып көрүүнү чечтим. Баш оору, зоб, астма, панкреатит, бөйрөк, боор, простатит, радикулит ж.б. Байкашыма караганда, бүт эле ооруларды көрүп, биоэнергетикасы менен дарылап атат. Бул оорулардын баары менде бар эле. 

2013-жылдан бери ар бир алты ай сайын келип турам. Ал адамдагы биотоктун күчүнө көбү ишенишпейт. Мен дагы ишене албай жүрүп келгем. Дары-дармексиз эле оорулардан айыктырып коёт экен. Куландан соо адамга айланасың. Мен дартыма ушул жерден даба таптым. Азыр жашым 78де. Алдан тая түшкөндө эле келе калам. Кайра кубат алып, Ошко, Ноокатты көздөй сапар тартам. 

Аккумуляторду заряддагандай эле көрүнүш. Адам алдан тайып, алсырап калганда заряд алгандай күчкө толот. Кудай берген күч кубаты бар. Бактерияларды, дарттардын баарын кубалап чыгат. 

Пандемияда илдетке чалдыккандардын иммунитети түшүп, анүстүнө антибиотик алып, каза болуп калып жатышат. Андан көрө биоэнергиясы бар Мирхалил Каримовго кайрылышса, илдетти оңой жеңип, энергия, жаңы күч алып чыгышат. Дареги: Восток-5 кичирайону, үй номуру 2. “Аймеза” медициналык борборго кайрылышса, мага окшоп ыраазычылыктан башка кеп таппайт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер