Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова, укук коргоочу: “Кемпирабадчы 14 адамдын абактагы мөөнөтү 14-октябрга чейин узартылды”

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Кемпирабадчы 14 адамдын абактагы мөөнөтү 14-октябрга чейин узартылды”

22-август, 09:00
380 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, Кемпир-Абад боюнча соттук иш жума башында уланды, кээ бир нерселер коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда?

-- Ооба, 14-августта Кемпир-Абад боюнча соттук териштирүү болду. Камактагы 14 адамдын эки айга жылдырылган бөгөт чарасы каралды. Соттун жүрүшүндө 14 адамдын абакта кармоо мөөнөтү 14-октябрга чейин узартылды. Бирок, 21-август күнү жактоочулардын өтүнүчү менен сот абактагылардын баш коргоо чарасын карашы мүмкүн. 

-- Азимбек Бекназаровду сотто көрбөдүк, эмнеге?

-- Соттук отурумга Азимбек Бекназаров ден соолугуна байланыштуу алып келинген жок. Алдын ала маалыматка таянсак, Азимбек Анаркуловичтин саламаттыгы кескин начарлап, кан басымы көтөрүлүп, бети-башы шишип кеткен. Учурда ден соолугу канааттандырарлык, кийинки соттук отурумга катышуусу мүмкүн. Дагы бир балабыздын Таластагы апасы өтө катуу абалда экен. Ал жердеги доктурлар “Бишкекке алпаргыла” дешиптир. Ошого “апам катуу ооруп атыптыр. Бишкекке алып келип доктурга көрсөтүш керек. Менден башка эч кимиси жок” дегенине карабай, ал баланы абакта калтырды.

-- Ошондо сот ар жуманын дүйшөмбү күндөрү өтмөй болдубу?

-- Ооба. Кошумчалай кетсем, сот жабык түрүндө өтүп турмакчы.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер