Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коммунисттик идеология аба менен суудай керек

Коммунисттик идеология аба менен суудай керек

02-июль, 18:13
2 074 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев саясый-экономикалык көйгөйлөрдөн сырткары идеология маселесине да көңүл буруулары керек. Идеологиянын күчү жалпы Европа мамлекеттеринен куралган А.Гитлердин армиясынан да күчтүү экенин тарых тастыктады. 

А.Гитлер жеңе албаган СССР мамлекети капиталисттик идеологиянын күчү менен таркатылганы жалпыга маалым. СССРдин курамындагы Кыргыз Республикасы, кошуна жайгашкан Кытай өлкөсү менен бирдей деңгээлде өнүгүп жатышкан өлкөлөр эле. АКШ баш болгон капиталисттердин алдамчы саясатына, алардын узак жылдар бою жүргүзүп келген идеологиялык согушуна туш болгон СССР таркатылып, ошол эле идеологиялык согуштун айынан Кыргыз мамлекети жок болуу абалына келди. Ал эми АКШны жакын жолотпогон Кытай өнүгүүнүн туу чокусуна жетишип, эң күчтүү державага айланды. Кыргыз мамлекетин бардык көрсөткүчтөр боюнча чыгартып бүтүшкөн капиталисттер коронавирус башталгандан тартып массалык түрдө эвакуация болуп кетишкен. Анткени 30 жылдык идеологиялык согуштун жыйынтыгы алар үчүн аябай жемиштүү болуп, кыргыз элинин аң-сезими 180 градуска тескери бурулуп калганы байкалды.     

Капиталисттик  идеология менен кыргыз элинин улуттук идеологиясы бири-бирине карама-каршы болгондуктан, эки тарапка бөлүнгөн кыргыз эли ич ара тирешүүдөн баштары чыкпай, өзүн-өзү жок кылуу процессин уланта беришет. Бирок, буга чейин коммунисттик система менен өнүгүп келген кыргыз эли өзүнүн улуттук идеологиясын сактай билгендиктен, 30 жылдан берки жырткычтык идеологияга каршы үч жолу элдик революцияга көтөрүлүп, жеңип чыгышты.  Капиталисттик системанын көрсөткүчү болгон коррупция менен мафия, мамлекетти талап-тоноп-уурдап келген кылмыштуулук кыргыз элинин улуттук менталитетине карама-каршы болгон үчүн мамлекеттик деңгээлде күрөш жүрүп жатат. Калың элдин колдоосуна ээ болушкан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракетине каршы чыккан коррупционерлер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, саясатты түшүнбөгөн көкмээлигин көрсөтүп жатышат. Алардын көпчүлүгү үчүнчү элдик революциядан кийин көп сандаган кошоматчылары менен тарыхтын таштандысына кетишсе, ашынган ачкөздөрү түрмөгө түшүүдө. 

Бүгүнкү күндө кыргыз элинин ишениминен кеткен АКШ кыргыз алтынынын түбүнө жеткен Канаданы колдоп чыгып, Кыргызстанга тиштерин кайрап турган чагы. Буга чейин “Афганистандын өкмөтүн, армиясын, полициясын түзүп бердик” дешип, ошол эле убакта кээде достошуп, кээде согушуп жүргөн талибандарды Афганистандын 50% территориясына каптатып ийишти. Алардын максаты – көп сандаган террористтик-экстремисттик уюмдарды талибандарга аралаштырып, Борбор Азияга көчүрүү экенин Тажикстанга карата аракети айтып турат. 

Албетте, болуп жаткан окуялар Кыргызстанга да коркунуч жаратышы мүмкүн. Анүстүнө ислам мамлекетин түзүүгө багыт алган талибандар менен кыргыз динчилдеринин айырмасы деле болбой калды. Кыргызстан светтик мамлекет деп айтылганы менен ашынган динчилдердин мекенине айланды. Россия менен Кытайдагы коммунисттик система жөнүндө сөз болуп, алардын өнүгүп жатканы  жөнүндө айтылганда динчилдердин ит кежирлиги кармап, мурдагы үй-бүлөлүк–кландык, коррупциялык режимди колдоп турушат. 

Кыргызстанды жок болуу абалына алып келген кыргыз президенттерине кошомат айтышып, колго түшкөн коррупционерлерди сүттөн ак деп мактап-жактап турушканы – бүгүнкү бийликке каршылык көрсөтүү болуп эсептелинет. 

Илим-билим, тарбия-таалимден кур калган караңгы немелер отоо чөп сыяктуу бүткүл  Кыргызстанды каптап кетишкен. Ал аз келгенсип, телеканалдарга чыгып алышып божурай бергени кимге керек? Караңгылык каптаган Кыргызстан менен талибандар каптаган Афганистандын көптөгөн окшоштуктары бар экени ачыкка чыга баштады. Баарын санап отуруунун кажети жок. 

Саясат, экономиканы Жапаров менен Ташиев экөөлөп оңдоп кетишсе, калгандары идеология маселесин колго алышы керек. Кыргыз Конституциясын түзүп чыгышкан конституциялык кеңешме сыяктуу идеологиялык кеңешме түзүлүп, анын мүчөлүгүнө саясатты түшүнбөгөн көкмээлерди, ар кандай демагогдорду жакын жолотпош керек. 

Комиссиянын максаты – өзүн-өзү толугу менен актаган коммунисттик жана улуттук идеологияны мурунку калыбына келтирүү, мамлекетке, элге зыян алып келген агымдарды токтотуу болуп эсептелет. Россия менен Кытай  пайдаланган коммунисттик  идеология Кыргызстанда калыбына келтирилсе, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөн болот. 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер