Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замирбек Осмонов: “Мекенчилдик сезим менен беш жылда зор ийгиликтерге жетишебиз”

Замирбек Осмонов: “Мекенчилдик сезим менен беш жылда зор ийгиликтерге жетишебиз”

09-сентябрь, 12:29
844 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Биримдик демократиялык социализм – Евразиялык тандоо” саясый партиясынан шайлоого аттанган талапкер Замир Осмонов Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул, Катраң айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Осмонов партиянын программасы менен тааныштырды. 

Талапкердин парламентке аттанганынын негизги себеби – жергиликтүү элге тийешелүү мыйзамдарды демилгелегенден баштап, анын аткарылуусуна чейин көзөмөлдөө. “Биздин максат эптеп добуш сатып алууда эмес, тескерисинче, биз мыйзамдуу, таза, адал жол менен жеңишке жетүү” дейт Замирбек Осмонов.

Анын айтымында, Лейлек жергеси өзүнүн туулган жери болгондуктан, маселелерин жана көйгөйлөрүн абдан жакшы билет жана ар бир маселе боюнча өзүнүн көз карашы, сунуштары бар экенин айтты. “Облустагы маселелер боюнча атайын программа иштеп чыгып, негизги багыттарын белгилеп койгонбуз. Анда биринчи орунда элдин саламаттыгына жана бакубат жашоосуна басым жасалып, саламаттык сактоо жана социалдык маселелерге көңүл бөлүнөт”.

Ал өлкөнүн учурдагы санариптештирүү саясатынын алкагында райондо жана шаарларда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун борборлорун да санариптештирип, калкка сапаттуу медициналык кызматын көрсөтүү негизги багыттарынын бири экенин айтып өттү. 

Осмоновдун айтымында, реформалык кадамдар социалдык маселелерден башталат. “Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жөлөк пул, пенсия, таза суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн бул тармакта реформалык кадамдарды жүргүзүүнү сунуштайбыз. Өлкөбүздүн келечеги кең. Баарыбыз чогуу колкабыш кылып, популизмден алыс болуп, ар ким өз көмөчүнө күл тартпай, мекенчилдик сезимдер менен иштесек, жакынкы беш жылда зор ийгиликтерге жетишебиз. Чечкиндүү кадамдарды жасаш үчүн саясый эрк, реформаторлук чечимдер жана ак ниеттик керек” деп сөзүн жыйынтыктады.

Айыл тургундары өз кезегинде талапкерине ийгилик каалап, ак баталарын берип узатышты. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер