Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБнин өздүк курамы начальник Азамат Ногойбаевге нааразы

Бишкек ШИИБнин өздүк курамы начальник Азамат Ногойбаевге нааразы

26-сентябрь, 22:49
1 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көлгө КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлери келгенде Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев катуу майрамдап, ичкилигин улантып, андан соң ооруканага жатып калганын билдиришти. Аныгында, башкалаадагы коомдук-коопсуздук абал ойдогудай эмес. Кылмыштуулуктун алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү токтогону кандай? Өздүк курам да чаржайыт, жумушка көңүлдөрү жок экенине ынандык. Себептери арбын. Маселен, шаардагы үйү жок милицияларга квартиралар таратылмак, тилекке каршы, аларга ипотека менен берилгени калыптыр. Негизи муктаждарга бекер эле таратылмак экен. Кайсы бир деңгээлде “жең ичинен тарткан” кызыкчылык кимдин пайдасына ойноп атат? Андан сырткары, 20 жыл системада иштеген кызматкерлерге 50 пайыз пенсия каралмак, бул жагына да тоскоолдук жаралганын айтышты. Ошого катар чоңдордун баскан-турганына, зуулдап көчөдөн өткөнүнөн бери күзөткө алышкан “кызыл шапкечендер” тажашып, тымызын каршылык көрсөтүшкөн кербездериби? Ушул таризинен да талкуулар жанданууда. Айтор, Бишкек ШИИБнин өздүк курамы ич ара чыңалып, жакында жарылчудай абалга баратканын билдиришүүдө. Албетте, биз өздүк курамдын кызыкчылыгын, аларга шарт түзүлүүсүн ойлойбуз. Азамат Ногойбаев болсо иштей албай, ден соолугу да начарлап, орто жерден көпчүлүктү кыйнап, жарыгы тийбей калганы өкүндүрөт. Эркелетип отура беребизби? Туй ата! Бишкек ШИИБ начальнигине ИИМдеги профессионал полковникти дайындашса, баардык көйгөйлөр чечилмек. Камчыбек Ташиев ушул маселеге олуттуу карап көрөбү? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер