Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим майданында: Хабиб Арзыкулов менен Алмаз Араповдун баарлашуусу

Билим майданында: Хабиб Арзыкулов менен Алмаз Араповдун баарлашуусу

28-ноябрь, 19:41
1 612 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чет өлкөдө билим алгысы келген жаштарды колдоо уюмунун негиздөөчүлөрү Хабиб Арзыкулов жана Алмаз Арапов менен болгон маек.

-- Алгач уюм жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз?

-- “GEF” бул – Global Education Foundation деп аталып, коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. GEFтин эң негизги максаты – мыкты окуган жана келечекте эли-жери үчүн кызмат кылам деген, бирок каржы жагынан ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жок болгон зээндүү жаштарды демөөрчүлөрдүн колдоосу менен чет өлкөлөрдөн сапаттуу билим алып келүүсүнө шарт түзүү. Биздин өлкөдө акылдуу жана зээндүү балдарыбыз өтө көп. Бирок, тилекке каршы, каржы жагынан колдоо болбогондугу үчүн алардын бийик ийгиликтерди багындыруууга мүмкүнчүлүктөрү жок. 

-- Уюмду түптөө идеясы эмнеден улам пайда болду?

-- Бул фондду түптөө идеясынын бир канча себептери бар десек болот. Биринчиден, мамлекетибиздин кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу азыркы экономикалык жана билим берүү тармагындагы кейиштүү абалы. Экинчиден, өлкөбүз бизге эмне кылып берди?” эмес, мамлекетибиз ушундай кыйын абалда турганда, биз анын өнүгүүсүнө кандай салым кошо алабыз?” деген суроону өзүбүзгө бердик. Ошентип, бир-эки жылдан бери бул долбоордун үстүндө иштеп, бирок баштай албай жүргөнбүз.

Анүстүнө кайсы гана өлкө болбосун, мамлекеттин өнүгүүсү жана өсүшү бир гана сапаттуу билим берүү системасына ээ болуу менен жана ошондой эле элинин сабаттуулугу жогору болушу менен гана мүмкүн экенин практика жузүндө көрүп келе жатабыз. Мисалы, жакынкы коңшубуз Казакстанды алсак, алар акыркы 10 жыл ичинде 15 миңден ашуун студенттерин өнүккөн өлкөлөрдөн окутуп, окуусун бүткөндөн кийин алардын баарын кайра мамлекеттик кызматтарга орноштурду.  Алар билимин жана тажрыйбасын өлкөсү үчүн колдонуп келет. Убагы менен бул дагы мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымын эбегейсиз кошту. Мына ошондуктан алар бизге салыштырмалуу бир кыйла алдыда десек жаңылышпасак керек. Алардын бул ийгиликтери бизди намыстантпай койгон жок!

-- Демөөрчүлөрдү табуу жагы кантип ишке ашат?

-- Мен өзүм Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунда 10 жылдан ашык жетекчи болуп иштеп жүрүп, көптөгөн эли-жерин ойлогон, патриот ишкер агаларыбыз жана эжелерибиз менен мамилелеш болуп калдым. Мына ошол жеке ишкер ага-эжелерибиз колдоого алып жатат. Мындан сырткары, чет өлкөлөрдө да көп жылдардан бери эмгектенип иштеп келе жаткан, мамлекет үчүн күйгөн ишкер агаларыбыз жана досторубуз колдоо көрсөтөбүз деп жатышат. Буюрса, бул долбоорду колдоого кызыкдар болгон жеке ишкерлер жана компаниялар бар.

-- Чет өлкөдө окугусу келген студенттер кандайча тандалып, аныкталат?

-- Биринчиден, чыныгы татыктуу окуучуларды тандап алуу процесси ачык-айкын өтүшү үчүн кыргыз элине таанымал акыйкат кишилерден турган атайын комиссия түзүлөт. Балдарды мына ушул комиссия тандайт. Экинчиден, балдарды тандоодо атайын критерийлер болот. Мисалы, мыкты окуган, англис тилин жакшы билген жана чындыгында каржы жагынан ата-энесинин мүмкүнчүлүгү болбогон сыяктуу. Сынак 3-4 баскычтан болот. Ар бир баскыч кылдаттык менен текшерилет.

-- Бул уюм демөөрчүлөрдү таап эле тим болобу, же андан кийинки жагдайларга да көз салабы?

-- Албетте, биз бир гана демөөрчү таап берүү менен чектелбейбиз. Иштин натыйжалуу болушу үчүн балдарга дайым колдоо керек болот. Негизи эле биз окууга жибере турган өлкөлөрдөгү кайрымдуулукта кызматташып келген мекендештер өздөрү демилге көтөрүп, окуучу балдарды көзөмөлдөп, жардам беребиз дешүүдө. 

-- Алгачкы студенттер үчүн демөөрчүлөрдү таап, чет өлкөгө окууга жиберүү иши качанкыга пландалууда?

-- Буюрса 2021-жылдын сентябрь айына пландалып жатат. Биз максатты бийик коюп, жок дегенде 40-50дөй баланы жиберели деп жатабыз. Бирок, албетте, бул да болсо колдоочуларыбыздан көз каранды болот.

-- Эмне үчүн чет өлкөдө окутууга басым жасалды? Мүмкүн ошол демөөрчүлөрдүн жардамы менен биздеги окуу системасын өзгөртсө, көп студенттерде жакшы билим алуу шансы жогоруламак...

-- Албетте, айтканыңыз туура. Бул жаатта да фонддун атайын программалары бар. Мисалы, мугалимдердин деңгээлин көтөрүү үчүн АКШ, Германия жана Англиянын элчиликтери менен биргеликте ошол өлкөлөрдөн атайы эксперттерди алып келип, тренинг жана семинарларды өткөрүү; тажрыйба алмашуу максатында биздин мугалимдерди ошол өлкөлөргө жиберүү жана жакшы окуган окуучуларга стипендия берүү сыяктуу.

Биз үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү жана технология тармагындагы тажрыйбаларын үйрөнүү өтө маанилүү. Себеби, алар ушул тармактар аркылуу өнүгүп-өсүп жатышат. Ошондуктан биз дагы баштапкы жылдары мугалимдик, программисттик жана психология сыяктуу кесиптерди окуганы көбүрөөк жиберсекпи деп жатабыз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер