Кытайдагы эң заманбап сүрөтчүлөр кимдер?


Кытай живописинде циникалык реализм деп аталган багыт активдүү өнүгүп жатат. Жакынкы убактарга чейин мындай стилде иштеген сүрөтчүлөр Кытайда мыйзамсыз деп эсептелген: алар көргөзмөлөргө катышкан эмес, алардын ысымдары өлкөдө жана чет өлкөлөрдө аз белгилүү болгон жана алардын эмгектери дээрлик сатылган эмес. Бирок 1990-жылдардын башында Кытайдын саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, анын натыйжасында циникалык реализм көмүскөдөн чыккан. Эми кытай сүрөтчүлөрү жана монтаждоочулары америкалыктарды жана европалыктарды четке сүрүп, эң кымбат заманбап сүрөтчүлөрдүн ТОП-100дүгүнө ишенимдүү түрдө кирди деп айта алабыз. Биз сиздерге Кытайдын эң жаркын сүрөтчүлөрү менен таанышууну сунуштайбыз.
Фан Лицзюнь
Эл аралык рынокто суроо-талапка ээ, коллекционерлер Фан Лицзюндун сүрөттөрү үчүн чоң акча төлөөгө даяр. Анын сүрөттөрүн башкалары менен чаташтыруу дээрлик мүмкүн эмес. Эгерде картинада азиат түспөлүндөгү таз адам тартылган болсо, анда анын автору Фан Лицзюнь болору анык. Бардык жумуштарда жүздөрү жалпы кайгыны же чарчоону чагылдырган, чачы кыркылган жаштар бар. Дагы бир кызыктуу деталь: сүрөтчү негизинен сүрөттөрүнө ат берүүдөн баш тартат, алардын ордуна номерин же жаралган датасын коёт.
Чжан Сяоган
Жандүйнөнү айыктырган сүрөтчү. Искусство тарыхчылары Чжан Сяоганды эң жаркын жана келечектүү заманбап сүрөтчүлөрдүн бири деп аташат. Чжан Сяогандын эң кымбат сүрөтү – Тяньаньмэнь аянты. Ал Гонконгдогу аукциондо 3,8 миллион долларга сатылды. Бул аянт социализм тушунда чоңойгон кытайлар үчүн көп нерсени билдирет. Сүрөттүн сары түстө жасалганына көңүл буруу зарыл. Кытайда бул түс императорлордун күчү менен байланыштуу. Буга карабастан Чжан Сяоганды саясатташкан сүрөтчү деп айтууга болбойт. Биринчиден, аны адамдын инсандыгы, психологиялык көйгөйлөрү кызыктырат. Ал өз ишинде мына ушуга басым жасоого аракеттенет.
Ю Минчжун
Кайгылуу жылмайган адам. Кытай сүрөтчүсү Ю Минчжундун дүйнө жүзүндөгү авангарддык чыгармаларына ушундай ат коюлган. Ал өзү ар бир сүрөттөн бизге жылмайып турат. Жылмайган адам көрүүчүлөргө кубаныч сезимин туудурбайт. Сүрөтчү бакыт жөнүндө эмес, жаман түштөр, бейбаштык, оору жөнүндө сөз кылат. Бирок, бул аргасыз жылмаюунун аркасында Ю Минчджун дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон. Сотбистеги анын сүрөттөрүнүн бири алты миллион долларга сатылган.



Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











