Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекен Назаралиев: “Жумабек Асанкулов Орто Азия элдеринин арасынан чыккан алгачкы генерал болгон”

Бекен Назаралиев: “Жумабек Асанкулов Орто Азия элдеринин арасынан чыккан алгачкы генерал болгон”

26-декабрь, 09:00
5 520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекен, генерал Асанкулов тууралуу аябай мазмундуу, кызыктуу китеп жазыптырсың. Кут болсун! Бул киши жөнүндө жазып калууңа эмне себеп болду?

-- Эсиңдеби, анда экөөбүз тең “Кыргыз руху” гезитинде иштеп жүргөн кезибиз болчу. Ошол кездеги биздин редакторубуз, көрүнүктүү жазуучу, драматург, бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндөгү абройлуу Түрк кеңешинин төрагасы Султан Раев себепкер болгон эле. Ал редакциянын жыйынында “КГБнын жетекчиси, генерал Жумабек Асанкулов кызматтан кетти, ошол кишиден интервью алгыла, бул басып жүргөн эле казына, тирүү энциклопедия” деген. Бирок, эч ким деле Асанкуловго кызыгып, ал туурасында жазган деле жок. Редактордун айткан сөзү ошол бойдон эле калды. Эсиңде болсо керек, ошол кезде шаар боюнча нан таңсык болуп кеткен. Экөөбүз Дзержинкадагы дүкөндөн нан алып, ылдый түшүп келатсак жолдун аркы бетинде зыңкыйган, аскер кийимчен бир киши басып келатыптыр. Мен сүрөтүнөн көргөнүм үчүн таанып, “тетиги генерал Асанкулов эмеспи?” десем, сен “ооба” дедиң. Мен колумдагы тор баштыкка салган нанды сага карматып коюп, генералды алдынан тосуп чыктым. Учурашсам, мени карап туруп, “сен кимсиң?” деди. Ким экенимди айтып, маек алуу максатымды түшүндүрсөм “эртең саат тогузда Панфилов дивизиясына кел” деди. Мен эртеси сүйлөшкөндөй, өз убактысынан он беш мүнөттөй эрте генералдын кабылдамасында болуп калдым. Кийин айтып атпайбы “сага интервью бергенге макул болгон себебим, тогузга чакырсам эртерээк келдиң. Биздикилерди тогузга чакырсаң, түштөн кийин деле бир шылтоону айтып келе берет эмеспи, алгач так жүргөнүң жакты” дейт. Ошондон кийин экөөбүз жакын болуп кеттик. Анан бир жолу сүйлөшүп отурганда “сиз көптү билет эмессизби, ошолор тууралуу бир китеп жазып чыгарайын деген оюңуз жокпу?” деп сурадым. Генерал Асанкулов “китеп кылып жазуу оюмда бар” деди. Ошентип, экөөбүз чыгарманы баштап, чоң эргүү менен китептин үстүндө шымалана иштей баштадык. Бул аралыкта генерал экөөбүз баш көтөрбөй китепке катуу кириштик, болочок китептин үстүнөн жазуу иштерин кыйла арбытып алдык десем да болот. Бир күнү барсам, кабагы бүркөө, көңүлү чөгүңкү отуруптур. Генерал Асанкулов мага тик карап, “Бекен иним, мен сени менен иштешпей турган болдум. Бир-эки Кыргыз эл жазуучулары менен сүйлөшсөм, Назаралиев деген калемгерди эч ким билбейт. Сиз жөнүндө мына биз жазабыз дешти” деди. Мен да генерал Жумабек Асанкуловго карап, “биринчиден, сиздин кол алдыңызда иштебесем. Экинчиден, сиз мага калем акы, айлык төлөбөсөңүз. Мен патриоттук сезим менен гана иштеп, жер алып, үй салып, чатырда жашап чырактын жарыгында отуруп, чиркейге таланып ушул китепти жазып атам. Анан ушундай мээнет кылган адамды жактырбасаңыз, анда өзүңүз билиңиз!” дедим. Эртеси генерал Жумабек Асанкулов Айбек Мамытов аттуу жардамчысын жиберип, кол жазмаларды сураткан экен, болгон кагаздарды сейфтен алып берип, колуна карматтым. Ошол бойдон алты айга жакын генерал экөөбүздүн ортобузда байланыш үзүлүп, жымжырттык өкүм сүрүп калды. Бир күнү жумушка келсем эле Султан Раев “атаң келип кетти” дейт. “Атам айылдан кантип келмек эле?” деп таңгалсам, “сени сурап генерал Асанкулов келип кетти” дейт күлүп. Мени редакциядан таппай, кемпири Соня эжени кошо алып, Ала-Тоо жаңы конушуна, менин үйүмө издеп барыптыр. Аяшың айтып жатпайбы, “генерал Асанкулов аялын ээрчитип кирип келсе эле эсим ооп кала жаздады” деп. Ошол кездеги кыйынчылыкты карабайсыңбы, “нан ооз тийиңиз” дейин десе, үйдө нан жок экен. Эртеси кабинетте отурсам, генерал Жумабек Асанкулов кирип келди. Мен чынын айтайын, генералды жактырбагандай кабыл алдым (жанагындай мамиледен кийин өзүн сыйлаган адамдын жини келсе керек). Кирип келип, генерал Асанкулов мага колун сунуп, “Бекен иним, токтоп калган ишти баштайлыбы?” деди. Жумабек байкенин ушул сөзү мага кечирим сурагандай таасир этти. Улуу киши баласындай болгон немеден кечирим сурамак беле, мен ошондой кабыл алдым. “Эгер кааласаңыз, мейли, китептин токтогон жеринен кайрадан уланталы” дедим. Көрсө, экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузган жазуучулар Төлөгөн Касымбеков менен Асанбек Стамов экенин кийин билдим. “Эч ким билбеген, жазуучу катары биздин чөйрөдө тааныбаган, кайдагы бир журналист сөрөй балага да жаздырасыңбы?” дешкен экен. Чындыгында ал убакта журналист катары деле элдин элегинен өтө элек кезим болчу. Генерал Асанкулов мага карап, “андан бери алты айдай убакыт өттү, өздөрү чыгынып бир барак жазышкан жок” деди. Менимче, жанагы “эл жазуучулары” КГБны башкарып жүргөн Асанкулов байлыкты басып койсо керек” дешип, генерал Асанкуловдо акча көп деп ойлошкон го сыягы. Жумабек Асанкуловдун партбилети менен генералдык алтын погонунан башка байлыгы жок болгонун ал жазуучулар кайдан билишсин? Ошентип, экөөбүз ошол күндөн баштап, китепти токтогон жеринен кайра улантканбыз.

-- Ал кишинин көзү тирүүсүндө канча маегиңер жарык көрдү?

-- Кол жазманын бир тобу “Кыргыз руху” гезитинде жарык көрдү. Ага өзүң деле күбөсүң. Бирок, генерал Жумабек Асанкулов кийин “калганын китеп кылып эле чыгаралычы. Анткени, гезиттен окуп алган соң окурман китепти окубай коёт го” деди. Мен деле генералдын айткан сөзүн туура көрдүм. Ал эми кол жазманы иштеп чыгып, анан машинкага басып, актай баракка даярдап, генералга окуганга гана алып барып берип жүрдүм. Жумабек байке көп нерселерди кошту, көп жерлерин кыскартып алды. Менин аябай таңгалганым, бул кишинин эске тутуусу укмуш болчу. Мисалы, 1953-жылы Сталин кайтыш болгон кезде Жумабек Асанкулов КГБнын жогорку окуу жайында окуп жүргөн кези. Москвада күн суук болуп, канча сантиметр кар жаап турган күнүнөн бери, эртеси аба ырайы кандай болгонуна чейин айтып берчү. “КГБнын окуу жайында окуп жүргөндө орусча билбейт элем, тилден кыйналып, сөздөрдү жаттап алып сабакта айтып берчүмүн” дечү. Кызылдай мээнет менен ушул даражага жеткен экен. Бул киши Орто Азия, Казакстан боюнча жергиликтүү элдердин арасынан чыккан алгачкы генерал болгонун биздин окурмандар, өзгөчө азыркы жаштар билишпейт. Билесиң, союз учурунда, андан да коопсуздук кызматында генералдыкты оңойлук менен берчү эмес. Генерал болгонго чейин чет өлкөлөрдө СССР КГБнын атайын тапшырмаларын аткарган экен. Араб, Чыгыш мамлекеттеринде дербиш болуп жер кыдырып, маалымат чогултуп жүргөн күндөрүн эскерип айтып калчу. Ошол кездеги СССР КГБнын жетекчиси Юрий Андроповдун эң жакын мамиледеги, урматтаган адамы генерал Асанкулов болгону чындык. Турдакун Усубалиев менен мамилеси жакшы болбой, “бул жактан кызматтан кеткенде Андропов Жумабек Асанкуловичке “Куба, Болгария, Монголияга элчилик кызматка орун болуп атат, барасыңбы?” деп сураган экен. Ал эми Асанкулов “мен чачыман баштап бутумун тырмагына чейин КГБчы болсом, менден элчи чыкпайт го” деп макул болбой коюптур. СССРдин КГБ башчысы Андропов генерал Жумабек Асанкуловду СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин алдындагы чет өлкөлүк студенттерди даярдап окуткан атайын курстун чалгындоо мектебине начальник кылып дайындаткан экен. Албетте, бул кыргыз генералы Жумабек Асанкуловго болгон сый-урмат деп түшүндүм. Ошентип, генерал Асанкулов көп жылдар бою Москва шаарында иштеп, дүйнө жүзү боюнча келген коопсуздук кызматындагы болочок офицерлерди окутуп, ал жакта жашап калат. Албетте, бул дагы Андроповдун генерал Жумабек Асанкуловдун өтө жогорку деңгээлдеги профессионал жетекчи экендиги баалагандыгынын далили деп түшүнөм. Ошол кездеги республикабыздын жетекчилиги генерал Асанкуловду баалаган эмес. 

-- “Юрий Андропов СССРдин бийлик башына келген учурда белгилүү чекист Жумабек Асанкуловичти ошол кездеги Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин ордуна алып келмек болмок экен” деген сөздөр айтыла калып жүрөт... 

-- Эми сөз жөн жерден айтылбаса керек. Андропов бир ирет “ооруканадан сакайып чыксам эле сени Кыргыз ССРинин биринчи катчылыгына дайындайм” деп экөөнүн ортосунда айтылыптыр. Бирок, Андропов өзү ооруканадан чыкпай калып атпайбы... Ошентип, генерал Жумабек Асанкуловдун багы ачылбай калганы боюнча маалыматым бар. Мен Москвада Асанкулов жашаган үйүндө болдум, ошол үйдү да Андропов алып бергенин өзү айткан эле.

-- Саясый чөйрөдө “Акаевди президенттикке Асанкулов алып келген” деп айтылып жүрөт. Мунун канчалык чындыгы бар?

-- Муну да Асанкуловдун өзүнөн сурагам. Мен маек алганда бул тууралуу Аскар Акаевдин өзүнөн да сурадым. Биринчи Акаев менен болгон маегимде “менин президент болуп шайланышым боюнча не деген гана мифтер, жомоктор айтылып жүрөт” деп Асанкуловду такыр өзүнө жолотпой койду. Ал кезде СССРдин КГБсынын күчү бар болчу, алардын уруксатысыз, алардын колдоосу жок, батасын албай, эч ким өзү эле бийлик башына келчү эмес. Өлкөнүн көмүскөдөгү тагдыры Асанкуловдун колунда болгон. Бул ачуу чындыкты эч ким жокко чыгара албайт эмеспи. 

-- Менимче, 1990-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында генерал Асанкуловдун да президенттикке талапкерлиги коюлганда, ал эмнегедир кандидатурасын алып койгон жайы бар...

-- Мына ушул жерде чоң сыр катылып жатат. Сенин бул сөзүңө Медеткан Шеримкуловдун сөзү менен жооп бергим келип жатат. Мен Асанкулов туурасында маек алганымда, Шеримкулов “1990-жылы 27-октябрда президенттикке талапкерлигин Асанкулов албаганда, чыккан талапкерлердин арасынан кимиси президент болот эле, бүгүнкү күндө эч ким жооп бере албайт” деп жооп берди. Чындыгында генерал Асанкулов өз талапкерлигин албай койгондо, ал баарын утуп чыгып, биздин тунгуч президентибиз болуп калмак. Бул ачуу болсо да чындык.

-- Анда Аскар Акаевдин бийлик башына келүүсүнө генерал Асанкулов менен СССР КГБнын катыштыгы бар болуп калабы?

-- Албетте, муну “СССР КГБнын башчысы Крючков менен генерал Асанкуловдун жеңиши” деп ачык эле айтсак болот.

-- Ал эми залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Акаевдин бийликке келишине жасаган ордучу?

-- Коопсуздук кызматынын ардагерлеринин бири, КГБнын полковниги Качкын Саргазаковдон маек алганымда “кыраакы чекист катары Асанкулов кырдаал бышып жетилгенче Акаевди ачыкка алып чыккан жок. Акаевдин фамилиясын генерал Асанкулов депутаттардын алдына көтөрүп чыкканга, ал өзү айтканга болбойт эле. Чыңгыз Айтматов аркылуу айтууга туура келген. Азыр эл арасында “Акаевди президенттикке Чыңгыз Айтматов алып келип койду” деп айтып жатышпайбы. Мен сураганда Качкын Саргазаков “эч кандай жомок да, миф дагы эмес. Ал кезде Акаевди бийликке алып келүү чындыгында өтө жашыруун сыр болчу” деп айткан.

-- Ал эми Чыңгыз Айтматов менен генерал Асанкуловдун жеке мамилелери кандай болгон?

-- Мен маек алып жатканымда Асанкулов “бир күнү отурсам Айтматов телефон чалды. Ал кезде Чыңгыз Айтматов Горбачёвдун кеңешчиси болуп Москвада иштеп жүргөн кези. “Жумабек Асанкулович, өзүңүздүн “контораңыздын” жолу менен Москвага келип кетпейсизби, жекеме-жеке сүйлөшө турган сөздөр бар” деп кыска гана туюк сүйлөдү. Экөөбүз “Россия“ мейманканасында жолугуп, андан соң Кызыл аянтта басып жүрүп сүйлөштүк. “Биринчини алмаштыруу боюнча маселе коюлуп жатат (Абсамат Масалиев туурасында айтып жатат). Кыргыз элин артынан ээрчитип кете ала турган ким бар?” дейт Айтматов. Анда генерал Асанкулов “Чыңгыз Төрөкулович, республиканы жетектеп кете турган сизден башка татыктуу адам жок” дейт. “Жок, менин жүрөгүм оорукчан. Анан баштап койгон повест, романдарым бүтпөй жатат. Мен генсектен элчиликти сурап атам, ошол жакка эле кетсем деген оюм бар. Жумабек Асанкулович, сенин кандидатураңа эле токтолбойлубу?” деп генералга карап калат.

-- Генерал Асанкулов Чыңгыз Айтматовдун бул сөзүнө макул болуптурбу?

-- Жок. Ал эми Жумабек Асанкулов “Чыңгыз Төрөкулович, НКВДнын репрессия учурунда жасаган кылмыштуу кыргыны, зыяны азыркы КГБнын кадырына да доо кетирип, тескери таасири, зыяны тийип жатат, мага да президенттикке чыкканга болбойт го” деп айтат. Чыңгыз Айтматов бир аз ойлонуп туруп, “анда Апас Жумагулов кандай?” деп генералды сынай караптыр. Ал эми Асанкулов “ал киши дайыма биринчи эмес, экинчи катардагы кызматтарды аткара турган адам” деп айтат. Айтматов менин пикиримди билгиси келип, “а сенин оюң боюнча ким жарайт?” дейт. “Аскар Акаев. Ал илимдин адамы, эч кандай кландык топторго кошулбаган, эң башкысы, булганган эмес, таза инсан” деп айтат. 

-- Демек, Аскар Акаевдин талапкерлигин биринчи айткан Асанкулов болгон экен да?.. 

-- Ага чейин СССР КГБнын Крючков экөөнүн ортосунда бул маселе талкууланган экен. Алтургай Крючков Аскар Акаевди бир нече ирет КГБнын имаратында жеке өзүн кабыл алган жайы бар. Бирок, Асанкулов саясаттагы кыйын шахматчы катары бул идеяны демократтар Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Абдыганы Эркебаев жана башка башы көрүнгөн саясатчылар аркылуу Айтматовго айттырып, кыргыз коомчулугунда Акаевди КГБ эмес, Айтматов сунуштагандай кабыл алынып калган. Бул Асанкуловдун жигин билдирбей мыкты жасаган иши. Жогорку Советте депутаттар менен тыгыз иштеген эмгегинин жемиши деп билем.

-- “Аскар Акаевди бийликке генерал Асанкулов менен СССРдин КГБсы алып келген” деген сөздөрдү айтып өттүңүз. Андай болсо, эмгеги өтсө, такка алып барып, ак батасын берип такка отургузса, дал ошол Акаев Асанкуловду иштен алып салган. Бул жагын кандай түшүнсө болот?

-- Ал да өзүнчө узак кеп. Анткени, ал кезде компартиянын күчү бар эле, жоош көрүнгөнү менен Масалиев да оңой саясый фигура эмес болчу. Асанкуловдой кыраакы, алдын ала көрө билген адам жанында болбогондо, алар Акаевди иштетпей коюшмак. Тоок деле өзүнүн балапанын ит-куш тийбесин деп коргойт го, Асанкулов да башында Акаевди ошентип так талаш оюндарынан аман сактап калып жүрдү. Акаевдин жанында анын шопурунан башка командасы жок эле. Жумабек Асанкулович КГБнын адамдарын Акаевдин айланасына казык каккандай кагып койду. Ошол эле Нуржамал Байболова, Алик Орозов, Эрик Асаналиев жана башка КГБнын ошол кездеги мыкты делген кызматкерлери айлык алышпай Акаевге күнү-түнү жан үрөп иштеп беришкен. Кыскасы, өзүнүн мыкты кадрларын Акаевге берип, анын колун узарткан – бул генерал Асанкулов. Ошон үчүн жаңыдан келгенде Акаев Асанкуловдун ар бир айткан сөзүн угуп турганы чындык. Ошон үчүн башында Акаевдин иши жакшы жүрдү. Кийин анан Текебаев айткандай, “доссекретарлары” пайда болду, аялынын тууган-уруктары чыгышып, кадр маселерин чече баштады. Анан Асанкуловдун тазалыгы, чынчылдыгы аларга тоскоол боло баштады көрүнөт. Алардын бактысына ГКЧП деген чыга калды. Асанкуловду КГБнын башчылыгынан кетирүүгө жакшы шылтоо болду. Асанкулов айтып атпайбы, “мен барсам жыйын башталып калган экен, кабылдамада отурган кыз “Жумабек Асанкулович, жыйын башталып калды, кире бериңиз” деди. “Кирип отурсам, сүйлөп жаткан Акаев суу жутуп алгансып, өз сөзүнүн аягына чыкпай тык токтоп калды. Жыйынтыгын чыгаргандан кийин мен Аскар Акаевичке карап, “урматтуу президент, менде бир суроо бар. Сиз жанатан бери айткан нерселерге КГБны кошкон жоксуз” десем, “мен сизге ишенбейм! Ден соолугума байланыштуу деп арызыңызды жазыңыз!“ деди. “Эй, жигит! Сен президент болгондон бери 4 жолу ооруканага жаттың. Мен ушул жашка келип оорукана эмне экенин билбеген адаммын. Мен ден соолугума байланышту иштен кеткениме ким ишенет? Арызымды жазбайм. Жазсам да Москва менен кеңешип, өз кабинетиме барып, үч нускада жазам!” дедим. Анан эле “сиздин ордуңузга КГБнын жетекчиси кылып мени дайындады!” деп Кузнецов деген вице-премьер эки солдат менен кирип келди. Менин жиним келип, “сени, КГБга Ак үйдөн адамдай алып келип биздин коллектив менен тааныштыра турган эч ким жокпу? Же КГБ силерге проходной дворбу? Чык эшикке!” деп Акаев жөнөткөн Кузнецовду КГБдан кууп ийдим” деп айтып берген эле. Мен Жумабек Асанкуловичтен “Акаевди президенттикке алып келгениңизге өкүнбөйсүзбү?” деп сурасам, “өкүнөм” деди.

-- Путчтун башында кимдер турганы кийин билиндиби?

-- Ооба. Ал Советтер Союзунун түбүнө жеткен кара жолтой адам, СССРдин биринчи анан акыркы президенти Михаил Горбачев өзү болгонун генерал Асанкулов айтып берген эле. Андан да Крючковдун китебинен окудум.

-- Акаев менен генерал Асанкулов экөө ошондон кийин кайра мамиле түзүшкөн эмеспи?

-- Бир топ мезгилден кийин Акаев генерал Жумабек Асанкуловду 7-кабатка сый тамакка чакырган экен. “Дасторконго казы-чучугун коюп, ошол күнүн мага арнады” деп барбалаңдап сүйүнүп айткан эле. Сөз арасында “мен бирөөлөрдүн тилине кирип, сизди таарынтып койдум. КГБга кайра барбайсызбы? Кечирим сурайм” деди. Анда мен “Аскар Акаевич, менин кызматым эмес, Советтер Союзу деген чоң империя деле кыйрап калбадыбы” деп тамашаладым. Ошондон кийин экөөбүздүн мамилебиз кайра жакшы боло баштады” деген. 

-- Аскар Акаевден да маек алган жайың бар. Легендарлуу чекист, генерал Асанкуловдой адамды жанынан кетирип алганына Акаев да өкүнгөнүн айтса керек?

-- Чай ичип отурганыбызда Аскар Акаев “Асанкулов КГБнын башчысы катары менин жанымда болгондо, 2005-жылкы мамлекеттик төңкөрүш болбой калат беле деп ойлоп кетем. Анын жоктугуна өкүндүм” деп мага чын дилин айткан жайы бар.

-- Генерал Жумабек Асанкулов Аскар Акаевдин “генералдын элибиздин алдындагы эмгегин баалап, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку наамды берүү оюм бар экенин чай үстүндө айттым” деген сөзүн кандай кабыл алган экен? 

-- Ошондой эле Акаев “мен генерал Асанкуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку сыйлыкты көзү тирүү кезинде бере албай калганыма өкүнөм” деген эле. Президент Аскар Акаевдин бул сөзүн Жумабек Асанкулович өзү дагы чындап күткөн эмес экен. Жумабек байке “Аскар Акаевич, рахмат, бул сөзүңүз мен үчүн күтүүсүз болду. Мен азырынча өз өлкөмө татыктуу ишти али жасай элекмин деп ойлойм. Кийин” деп күлүп койдум” деген эле. 

-- Бул кишинин Россияда да кадыры аябай чоң болсо керек?

-- Ооба. Асанкулов өтө белгилүү чалгынчы болгон, ал бир нече мамлекеттик төңкөрүштөргө катышканын Асанкуловдун өз оозунан укканым бар. Ошол эле Акаев бир жакшы окуяны айтып берди. Ошол кездеги Россиянын премьер-министри Евгений Примаков Бишкекке келип, мага орден тапшырмакчы болду. Биз Примаковдун урматына сый тамак бердик. Анан эле Примаков “Аскар Акаевич, ушул салтанатка бир досум бар эле, ошону чакырып койсок болобу?” деп сураныч менен кайрылып калат. Акаев Примаковго карап, “болот, албетте, айтыңыз, ким фамилиясы?” деп сурайт. Евгений Примаков “генерал Асанкулов!” дейт. Мен айттым, “Аскар Акаевич, ал экөө Египетте чогуу жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө катышкан” десем, аябай таңгалды. “Анысын мага айткан эмес, чындыгында Асанкулов жабык сейфтеги адам болчу” дейт Акаев. 

-- Сен бир ирет Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Грачёв Павел Сергеевич менен болгон окуяны Түркияда мейманканада айтып берген элең. Ошол окуяны айта кетсең?..

-- Генерал Жумабек Асанкуловдун Айбек Мамытов аттуу жардамчысы бар эле. Ошол айтат. “Бир күнү Асанкулов Москвага учуш керек болуп, мага билет алууну тапшырды. Бирок, мен Жумабек Асанкуловичке деп билет таба алган жокмун. “Кантип, генерал Асанкуловго самолетко билет жок?!” деп жини келип калды. Сергей Шойгу келгенин айтсам, “телефонун таап бер” деди. Таап берсем сүйлөштү эле, Шойгу “кантип атактуу генерал Асанкуловду Москвага алып кеткенге бир орун таппайлы? Алып кетебиз!” деп экөөбүздү тең алып кеткен. Аэропорттон Россиянын ошол кездеги коргоо министри Грачёв үч машина менен тосуп алды. Кайра Бишкекке кайтканыбызда Грачёв өзүнүн самолету менен генерал Жумабек Асанкулов экөөбүздү “Манас” аба майданына жеткиртип койду. Мен ошондо гана бизде генерал Асанкуловду баалабаганыбыз менен Москвада анын кадыры чоң экенин көрүп, биздин генералыбызды аябай сыйлашарын өз көзүм менен көрдүм. Мен ошол окуяга азыр да таңгалам...” деп айткан эле.

-- Сенин оюңча, бул китебиңде генерал Асанкулов канчалык деңгээлде ачылды деп ойлойсуң?

-- “Жүз пайыз ачылды” деп калп айталбайм. Албетте, генерал Асанкулов “Бекен, мен сага көп нерселерди айта албай жатам, себеби, ант бергем” дечү. Мен “Жумабек байке, сиз ант берген Советтер Союзу деген мамлекет түп-тамыры менен жок болду, азыр сиздин антыңызды эч ким сурабайт. Билген, көргөнүңүздү айта бериңиз, жазып коё берели, бир сааты чыкканда чыгарабыз” десем, “менин жүрөгүмдүн тереңинде антым менен абийир деген ыйык нерсе бар. Өз абийиримден аттап өтүп кете албайм!” деген эле. 

-- Сенин айтууңа караганда, бул китеп 90-жылдарда эле жазыла баштаган экен. Эмне үчүн ушу кезге чейин басылбай келди?

-- Баары эле келип каражатка такалат да. Ошон үчүн ушунча жылдар бою бул китеп өз саатын күтүп жатты. Бул ирет китептин багын Кыргыз Республикасынын Баатыры, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачты. Албетте рахмат! Асанкуловдун руху, арбагы да ордунан бир козголуп алды көрүнөт. Китеп чыккандагы менин кубанычымды генерал Асанкулов жанымда туруп чогуу бөлүшсө кандай сонун болмок! Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун көп жылдардан бери багы ачылбай келген эмгегин баалап, китепти басканга каражат таап берди. Бул китепти Жумабек Асанкулов ушунчалык күттү эле. Буюрбаптыр... “Саясатчыларды, белгилүү адамдарды, журналисттерди чакырып, бетачарын өткөрөбүз” дечү. Бирок, каражат таппай койду. Кээ бир адамдарга айтсам, “койчу, ушунча жылдар бою КГБны башкарган генерал Жумабек Асанкуловдо кантип акча жок болсун? Акчаны басып койгон да” дешер эле. Чындыгында Асанкулов айлык менен гана жашаган, чөнтөгү жука, биздей эле адам болгон. 

-- Ден соолугу эмнеден начарлап кеткен экен?              

-- Бул киши чет өлкөдө атайын тапшырма менен чалгында жүргөндө уу беришкен. Аны менен чогуу барган эки-үч офицер келип эле каза болуп калышканын айтып берген. Асанкуловдун ден соолугу күчтүү болгону үчүн эле аман калган экен. Кийин Усубалиев менен мамилеси анчалык жакшы болбой, өз каалоосу менен кызматынан кетип, Москвада СССР КГБнын алдындагы чет өлкөлүк студенттерди даярдоочу атайын курста начальник болуп иштеп турганда окуткан студенттери берген кымбат баалуу белектерин сатып, ошол акчага дарыланып жүрдү. Ачык айтсам, Акаев башында турган бийликтегилер Асанкуловдун ден соолугуна көңүл бурушкан эмес. Албетте өкүнүчтүү... Кандай болгон күндө да вирус канда калып калат экен. Учурунда организми күчтүү болгондуктан моюн сунбай, жаш өткөн сайын кайра козголо баштарын айткан эле. Россиянын ФСБсына Асанкуловдун ден соолугу боюнча маалымат жеткен соң, бул кишини Москвага чакыртып алып кетишкен. Ошолор анын ден соолугуна кам көрүшүп, дарылатышты. “Күнүгө машина келип ооруканага кан алмаштырганы алып кетет. Кайра үйүмө жеткирип коюшат” деп телефондон өзү айткан эле. Ошондой жакшы мамиле менен генерал Асанкуловдун өмүрү дагы 5 жылга узарып жашады. Ашырбек деген жакын тууганы бар. Ошол айтып атпайбы, пенсияга чыкканда айылга барып, айылдаштарындай эле үлүш алып, там салып, эл катары жашайм деген ою бар болгон экен. Ал райондун акими Ак үйдөгүлөрдөн коркуп, Жумабек Асанкуловго жер бердирбей коюптур. Атүгүл мектепке атын беребиз дешкенде да бут тосушкан экен...

-- Эмне үчүн генерал Жумабек Асанкуловдун сөөгү Москвага коюлганын биле алдыңбы?

-- Себеби, генерал Жумабек Асанкуловдун уулу Болот жаш кезинде каза болуп калган. Кийин өмүрлүк жубайы Соня эженин (Зулайканын) ичер суусу түгөнүп, сөөгү ошол Москвадагы Митинский көрүстөнүнө баласынын жанына коюлуптур. Уулу Марат ФСБнын полковниги, азыр ардактуу эс алууда. Ал эми кызы жогорку окуу жайда кытай тилинен сабак берет деп уккам. Сөөк ээси катары генерал Асанкуловдун ал жакта көмүлүп калганын балдары чечишти го. Айтарым кыскача ушул эле...



Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер