Маданият чордонуна Нурбек Серкебаев чуу салдыбы?

Акыркы мезгилде маданият чордонунда көптөгөн ушактар тарады. Анын түйүнү барып бир адамга такалууда. Ар тараптуу кесипкөй музыкант Нурбек Серкебаевди сөөмөй менен кесе көрсөтүп дегендей. “Ошол чөйрөдө эле эч бир саясатка аралашпай, тынч гана кыргыз маданиятына салым кошуп, өз ишин кылып жүрө берсе болмок” деп кесиптештери каңкуулашууда.
“Маданиятта нечен жылдап жүргөн адамдардын үстүндө үйлөрү жок. Үй керек!” деп барбаган жери, какпаган эшиги калбай жүрүп, өзү бир бөлмөлүү батирлүү болгондон кийин ал маселе “лам” жабылды. Эми эки күн мурун “филармониянын директорлугуна ак таңдай акын Азамат Болгонбаев татыктуу” деп соцтармакка пост жазып, “жаштар келсин, иштесин, реформа кылсын” деп кошумчалап, элди дүрбөттү. “Көркөм өнөр университетине Самат Көчөрбаевден артык ректор жок” дегендей пост жазып, талкуу кылууда. Жөн койсо, маданият министри болгондо эбак эле филармониянын директорлугуна Азаматты, көркөм өнөр университетине Саматты шайлап, будуң-чаң кылып жатып калмак окшойт...
Не дейли, бу көлдүк жигит эси барда этегин жаап, ата-энесинин кашыктап чогулткан кадыр-баркын чакалап төгүп ийбей, ар нерсени ойлонуп иш кылса жакшы болот беле? Бул боюнча Нурбек Серкебаев өзү не дейт, күтө туралы...