Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Мелис Аспековду мактап, же жамандагым да келбейт”

Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Мелис Аспековду мактап, же жамандагым да келбейт”

04-декабрь, 18:53
891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төлөгөн мырза, Мелис Аспековдун СИЗОдон тартылган сериалдарына ишенсе болобу? Сиз кандай баа бересиз?

-Мен Мелис Аспековду чынында жакындан билбейм. Президент менен кантип мамилеси бузулганына да кызыккан эмесмин. 2015-жылдары Садыр Жапаровду колдогондордун бири Мелис Аспеков болчу. Азыр президенттин айланасында жүргөн жаштар Садыр Жапаров чет өлкөдө куугунтук жеп жүргөндө, камалганда башка адамдардын айланасында жүрүп, тиричилигин өткөрүп жүрүшкөн. Ошондуктан Мелис Аспековду мактагым же жамандагым да келбейт. 2020-жылы жаштардан чыккан лидер катары эски бийликти кетирүүгө аргасыз кылган чөйрөдө эле...

2015-жылы Садыр Жапаров Польшада жүргөндө мага күн алыс байланышып турчу. Ошто өзүм жана саясый жактан активдүү адамдар менен скайп аркылуу видео байланыш түзүп, саясый темаларды сүйлөшчүбүз. Бир күнү Садыр Жапаров мага байланышып, “Бишкекке барсаң “Мекенчил” партиясы штаб ачып жатышат, шайлоого чогуу баралы” деген сунушун айтып калды. Мен макул болуп, Бишкекке барып, Мелис Аспеков, дагы бир-эки балдарга кезигип, Жогорку Кеңешке шайлоого бир команда болуп баруу жөнүндө сүйлөштүк. Андан кийин Садыр Жапаровго кайрылып, булар жаш балдар экенин, шайлоого катышып, утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аздыгын айттым...

-- Камчыбек Ташивге жазылган киллердин каты жана курьердин кармалышы боюнча кандай пикирдесиз?

-- Биринчиден, Камчыбек Ташиевге кат жазган кандай адам экенин, акыл-эси жайындабы же психикалык жактан оорусу барбы-жокбу тактап, каттоодо турар-турбасын тыкыр иликтөө зарыл. Буга чейинки кыймыл аракеттери, баскан-тургандары, үй-бүлөсү, колдонгон буюмдарына чейин изилдеп, кандай адам экендигин талдоо абзел. Киллерге ким буюртма берди, канча акча төлөдү, буга чейин ушундай буюртма менен кылмыш жасаганбы? Ушунун баарын аныкташ керек. Учурда тергөө жүрүп жатса, тергөөнүн шарты үчүн биз кызыккан көп суроолор азырынча ачыкталбашы мүмкүн...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер