Акыркы кабарлар
» Саясат » Кыдык Исаевдин “күчүгү” Мирбек Кожоев иштей албай жүдөп атыптыр
Кыдык Исаевдин “күчүгү” Мирбек Кожоев иштей албай жүдөп атыптыр
19-июнь, 18:52
937 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жаңы дайындалган Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Кожоев убагында Кыдык Исаевдин жардамчысы болчу. Кыздай болгон неме келиндей кызмат кылып жүргөнү төркүнгө маалым эмеспи. Ушундай адашкан кадрлар өсүп атат да. Убагында Кыдык Исаев Ысык-Көлдү башкарып, оппозицияны кодулап, жумуртка менен урдуруп, Болот Шерди сабатып, элге кандай жек көрүндү эле? Мына ушунун таалимин алган, калп эле интеллигент көрүнгөн Мирбек Кожоев эмнени кыйратмак эле? Ансыз деле ишин тарта албай, кыйналып жатыптыр. Эң башкысы, Ысык-Көл ОИИБ начальниги Канат Жумагазиев алчы-таасын жеген, дасыккан кадр да, көп кемчиликти жоюп, облустун ишин алга сүрөп, тымызын билгизбей жүк көтөрүүдө. А болбосо Кыдыктын “күчүгү” кыңшылап, бери жактан эле ыйлап калмак да...
"Азия Ньюс" гезити