Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектердин көбү зөөкүргө айланса да, ошого чыдап жүрө берүүгө эмне себеп бар?

Эркектердин көбү зөөкүргө айланса да, ошого чыдап жүрө берүүгө эмне себеп бар?

18-май, 12:25
1 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы убакта Түркиянын Анталия шаарында иштейм. Төрт жылдан ашып калды келгениме. Кыргызстандагы жаңылыктарды калтырбай окуп, интернет аркылуу кабар алып турам. Эң эле кейиштүүсү, “кичинекей кызды зордуктап кетти”, “аялын сабады”, “аялын өлтүрдү...” деген жаңылыктар көп. Окуп алып жаман болом. Чынында эле ушундай жаңылыктардын көбү Кыргызстандан эле чыгат болуш керек. Сурайын дегеним: айымдар, канча жашта турмушка чыккансыңар? Күйөөңөр менен коркпой, эч нерсе жашырбай сүйлөшө аласыңарбы? Күйөөгө тийген айымдар, өспүрүм жаш кыздарга кандай кеңеш бере аласыздар? Эркектердин көбү зөөкүргө айланса да, ошого чыдап жүрө берүүгө эмне себеп бар?

Менин жаш кыздарга кеңешим: окуудан эч качан тажабагыла! Билим алган сайын жолуңар ачылат. Күйөөгө эч качан шашылбагыла. Финансылык жактан өзүңөрдү өзүңөр камсыздагыла. Эркектен көз каранды болгон сайын өзүнөргө болгон ишенич жоголот.

Диля

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер