Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Эшикте элдин токсон пайызы тууну өзгөртүүгө каршы”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Эшикте элдин токсон пайызы тууну өзгөртүүгө каршы”

02-декабрь, 18:03
429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, бүгүн улуттук туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Сиз долбоорго каршы экениңизди билдирдиңиз, эмне үчүн?

-- Туу боюнча мыйзам кечээ комитеттен өткөн. Бүгүн пленардык жыйынга кирип, 66 добуш менен өтүп кетти. Туунун авторлорунун бири азыр ооруканада жатат. Мен бир нерсени баса белгилеп айтып коёюн, эгер эртең ошол киши бир нерсе боло турган болсо, ушулар жооп берет. Ал караманча каршы. Биз андай авторлорду жокко чыгарып коюу менен упай топтой албайбыз. Бул алешемдик, көз боёмочулук жол менен өткөрүлдү. 

-- Сиз процедурасын айтып жатасыз. Ал эми тууну өзгөртүүнүн өзүнө эмнеге каршысыз?

-- Туу кайсы учурда алмашат, кайсы учурда сайылат, кайсы учурда жыгылат? Туу эки эле учурда өзгөрөт: согуш учурунда, анан республикага бир республика кирип, же анын курамынан чыгып атса, туу өзгөрүшү мүмкүн. Тууну ким саят? Эгемендиги бар, эркиндикти, азаттыкты алган эл саят. Тууну ким жыгат? Душмандар жыгат. Ушул эле. 

Эми тууну өзгөртүүнүн экономикалык, каржылык жагына келе турган болсок, ар бирибиздин балабыздын күбөлүгүнөн баштап, паспорт, айдап жүргөн унааларыбыздын номерлерине чейин, иш кагаздары, БУУга чейинки документтерибиз, сырткы эл аралык байланыш кагаздары – баары өзгөрүшү керек. “Буга каржы кетпейт” деп дагы калп айтып атышат. Мунун баарына каржы кетет. Кимдин эсебинен кетет? Элдин эсебинен. Ар бир адам өз документин өздөрү төлөп алмаштырат. Бул эмне дегендик? Элдин жонун сыйрып алуу да. Эл менен эсептешпегендик. Эшикте элдин токсон пайызы “тууну өзгөртүүгө каршыбыз” деп турушат. Кулагы укпаган, көзү көрбөгөндөргө мен ушул жерден дагы бир ирет “баракелде!” дегенден башка эчтеке айткым келбейт. 

-- Азыркы туубуз чоктой кызыл. Эми бир аз кочкул болуп калабы?

-- Азыр эми “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” болуп атпайбы. Каяктан кулак чыгарарды өздөрү билип атат. Ошон үчүн туунун түсү кандай болот: кочкулбу, кызыл болобу – ал жөнүндө сөз жок. Бул жерде сөз анын нуру жөнүндө. Ошону “түз кылабыз” деп атышпайбы. Демилгечилердин жооптору далилсиз болду. Мен шайлоочулардын суроолору менен жүрүп, кечигип келип калдым. Меникин “макул” деп басып коюптур. Ошон үчүн мен Конституциялык сотко беришим керек. Эгер сотко бериле турган болсо, бул маселе сот бүтмөйүнчө токтоп турушу керек деп ойлойм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер