Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Робот, куурчак аялдарга үйлөнгүсү келгендер көбөйө баштады

Робот, куурчак аялдарга үйлөнгүсү келгендер көбөйө баштады

29-апрель, 13:19
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Америкалык Abyss Creations аттуу компания Гармония аттуу аял роботту жасап чыкты. Гармониянын 30дан ашык жүзү, 16 келбети бар болгону аз келгенсип, аны алган эркек керек болсо Гармонияга мүнөз да тандай алат. Каалайсыңбы, Гармония сени сыйлаган укмуш аял, кааласаң “стерва” да боло алат. “Өз колуң менен аял жасап ал” деген эле слоган жетишпей жаткан сыяктуу бул компанияга. Баарынан кызыгы Гармонияны айтылуу Тиндер соцтармагына каттаганда заматта аны менен жолуккусу келген 92 эркек ага кат жазып баштаган. Алгачкы мүнөттө эле. Бир минусу… Гармониянын калыңы асманды чапчыйт! 15 миң доллар. 

Робот аялдар чыныгы аялдарга конкурент боло алышпасы анык эле иш. (Башты оорутуп турганга да бирөө керек го, акыры...

Бирок, кытайлык окумуштуулар таптакыр идеалдуу аял роботтун үстүндө иштеп жатышат. Doll Sweet Dolls деген “бакыракайлардын” компаниясы, үй-оокаттарын жасай алган куурчак жасаганын жар салышууда. Керек болсо, бул куурчак биринчи медициналык жардам көрсөтө алат. Сүйлөшсөң кадимкидей сүйлөшөт. Анда кадимки Siri программасы орнотулган.

Ал эми Англияда болсо жесир эркектер, маркум аялдарына окшош куурчактарды жасатып башташты. Джейд Стэнли аттуу адам түптөгөн компания дал ошол жесир эркектердин буйрутмаларын аткарат. Маркум аялдарына эле эмес, дүйнөлүк жылдыздарга окшоштуруп жасап бер дегендер да чыгат экен. Бирок, ал жагы жашыруун. Жылдыздар соттошуп баштайбы? деп чочулашса керек го.

Ошондой эле, күйөө куурчактар да бар. Муну да “бакыракай” кошуналарыбыз чыгарып жатышат. Бирок, азырынча күйөө куурчактарга буйрутмалар абдан эле аз экен. Бул тууралуу “Барс медиа” кыргызчалап жазып чыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер