Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нефтетрейдерлер ассоциясынын башчысы күйүүчү майлардын эмнеге кымбаттаганын түшүндүрдү

Нефтетрейдерлер ассоциясынын башчысы күйүүчү майлардын эмнеге кымбаттаганын түшүндүрдү

30-март, 22:16
914 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Канат Эшатов декабрь айында Россиядагы дүң баалар 20 пайызга арзандаганын эске салды.

     "Дал ушул себептен январда Кыргызстандын ичинде чекене баа 3 сомго түшкөн. Бирок 25-январдан тарта заводдор кайра көтөрүп, биз үчүн дүң баа өсө баштады. Бул – биринчи себеп", - деди ал.

Анын айтымында, экинчи себеп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу.

     "Ал жерден дүйнөлүк мунай заттарынын 20 пайыздан ашыгы келет. Бул дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизүүдө. Мисалы, Кытайдын ички керектөөсүнүн жарымы Жакынкы Чыгыштын мунайынын эсебинен толукталып келген. Алар 10-марттан бери экспортту толугу менен токтотуп, импортту көп кылып жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө алар Россиядан мунай заттарын арбын сатып ала баштады", - деп билдирди Эшатов.

     Анын айтымында, эгер мурда кыргызстандык мунай трейдерлери РФтен бир тоннасын 700 доллардан төмөн сатып алышса, бүгүнкү күндө дүң баа 800 доллардан ашып, 900гө жакындады. Ал эми Кытай 1000 доллардан жана андан да жогору баада алууга даяр экенин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер