Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыганда ийгилик жараткан атактуулар

Карыганда ийгилик жараткан атактуулар

02-март, 09:00
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сократ 70 жашында гана көптөгөн музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүп, бул өнөрдү кынтыксыз өздөштүргөн. Микеланджело өзүнүн эң белгилүү полотнолорун 80 жашында жараткан. Гёте 80 жашында «Фаустту» жазып бүтүргөн. Немис тарыхчысы Леопольд Ранке 91 жашында «Бүткүл дүйнөлүк тарыхты» аяктаган. Исаак Ньютон 85 жашында талыкпаган илимий ишмердүүлүк менен алектенген. Лев Толстой 82 жашта талаада чалгы чапкан, жаш чөп чапкычтар ага жете албай калышкан. «Согуш жана тынчтыктын» ак сакалдуу автору коньки тепкен, велосипед тээп, ат минип, "тапанча" деген зарядканы (бир буту менен) кырктан ашык отуруп туруп жасаган!

Америкалык композитор жана дирижер Игорь Стравинский 88 жашка чейин иштеген. Берангер акын 77 жашка чейин эмгектенген. Лев Толстой 82ге чейин, Виктор Гюго 83кө чейин, академик Иван Павлов 87ге чейин, Бернард Шоу 94 жашка чейин иштеген...

Адамдын мээси мурда ойлогондой 25-30 жашка чейин эмес, 50 жашка чейин өнүгөт экен. Анүстүнө адам активдүү психикалык иш менен алектене берсе, анда мээнин картаюусу дээрлик болбойт!

Жашообуздагы эң чоң тоскоолдуктардын баары биздин ичибизде. Аларды талкала! Биздин жаныбыз, ички күчүбүз карыбайт. Биз тирүү кезибизде дагы эле бийиктикке чыгууга – руханий көтөрүлүү жолубузда дагы бир бийиктикти багынтууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Жакшы убакытты күтпө – бир гана жакшы убакыт болушу мүмкүн. Ал “АЗЫР” деп аталат. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер