Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков: “Кумтөр боюнча мамлекетке чыккынчылык кылгандарды жоопко тартууну колдойм”

Кубанычбек Исабеков: “Кумтөр боюнча мамлекетке чыккынчылык кылгандарды жоопко тартууну колдойм”

29-июль, 13:28
1 924 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек мырза, бүгүнкү күндө Кумтөрдүн айланасында бир топ маселелер бар. Жакында эле Нью-Йорктон жакшы кабар келди. “Центерра” компаниясы “Кумтөрдүн мүлкүнө арест коёбуз” дегенине уруксат берген жок. Мына ушу боюнча эмне айта аласыз?

-- Туура, Нью-Йорктун соту карап, “Центерранын” сунушун четке кагып койду. Бирок, андан мурунку отурумунда ошол эле Нью-Йорктун соту “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” менчиктери кол тийбес болсун” деген чечимди чыгарып койгон. Мурункусунда кыргыз өкмөтү утулуп калган. Бирок, “кыргыз өкмөтү башка сотко кайрылат” деп атты эле, ал жагын билбейт экенмин. Андан кийин ЖМКга чыгып кетти, “канадалыктар Гаага сотуна кайрылып, Кумтөр менен маселени кайсы сот карайт, аныктап бергиле” дегени. Азыр бул маселе боюнча чечим чыга элек. Эң акыркы Нью-Йорктун соту “Центерраны” четке кагып койгону боюнча “Кыргызстандын сотунда да бул маселе каралып атат. Кыргызстандын сотунун чечими аткарылыш керек” деп атат. Нью-Йорктун соту да Кыргызстандын ички мыйзамдары кандай экенин сөзсүз түрдө эске алат. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, кайсы соттун чечимин айтып атышат?

-- Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 сом (3 млрд. доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Эмне үчүн биз Канада менен Американын сотторунун чечимине баш ийип, а канадалыктар биздин соттун чечимине баш ийбеши керек?! 

-- Кумтөр боюнча азыр бир топ адамдар сурак берүүдө, алды түрмөдө...

-- Кумтөр боюнча элге, мамлекетке зыян кылып, чыккынчылык кылгандарды камап, жоопко тартып аткандарын колдойм. Мамлекеттин кызыкчылыгына, элдин кызыкчылыгына каршы иштегендер, өз чөнтөгүн жогору койгондор сөзсүз соттолушу керек. Эгер далили болсо, мыйзам чегинде да. Аларды “кустуруп”, эзели мамлекеттик кызматка жолобос кылып чечим кабыл алынышы керек. 

-- Кумтөрдү токтотуп койсо эмне болот?

-- Токтотпош керек. Бийлик сырттан башкарууну апкелди. Алардын мөөнөтү бүткөнү калды. Андан ары кандай чечимге барат – бул жакта көп маселелер жатат. Саясый жана экономикалык жагы. Саясый жагын алсак, азыркы мамлекеттик комиссияда отурган кээ бир мүчөлөрү орустар айтмакчы, “ни рыба, ни мясо” дегендейлер отурат. Аларга кесипкөй адистерди кошуш керек эле. Андай комиссияга Бекбосун Бөрүбашевге окшогон адамдарды жок дегенде орун басар кылып койгондо, иштер бир аз алдыга жылмак. Ал эми экономикалык жагын алганда, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан берки ири долбоор ушу Кумтөр. Бул маселени токтотпош керек. Ишин токтотсок шерменде эле болобуз. Анда биз баардык жагынан утулабыз. Биринчиден, салык, социалдык төлөмдөр токтоп калат. Экинчиден, экологиялык жактан чоң проблемага апкелет. Уулуу заттарды сактаган опурталдуу жер жана чоң аңгек менен калабыз. Үчүнчүдөн, юридикалык жактан да уттурабыз. Төртүнчүдөн, ал жерде 3,5 миң киши штатта айлык алып жанын багып атат. Подрядчик, субподрядчик болуп, жалпы жонунан 12-13 миңдей кишилер жумушсуз калат. Бул жакшы эмес. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер