Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз айыл реформасынын жетишкендиги кемчилигинен миң эсе жогору»

Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз айыл реформасынын жетишкендиги кемчилигинен миң эсе жогору»

26-август, 19:09
1 764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


Мурдагы айыл чарба министри, оппозиция лидери менен маек.


-- Бекболот байке, бүгүн реформанын күнгөй-тескейине токтолсок. Кыргыз айыл жери түшкөн жолдун келечеги барбы?

-- Колхоз-совхоздордун кыйроо процесси 90-жылдары постсоветтик баардык өлкөлөрдө жүргөн. Ал кризистен чыгуунун ар түрдүү жолдору сунушталган. Натыйжада алгач төрт өлкө (Литва, Латвия, Эстония, Армения, 1990-91-жж.), кийин Кыргызстан (1994-98-жж.), Грузия (2004-05-жж.) туура, келечектүү айыл жолуна түшө алышкан. Ал эми калгандары туура эмес жолго түшүп, анын азабын тартып келатышат.

-- Түшүндүрүп берсеңиз. Туура жолу кайсы, туура эмеси кайсы?

-- Туура жолу – жер жана агрардык реформа жүргүзүп, чакан жана орто дыйкан чарбаларын түзүү. Айыл элине жерди, мүлктү менчикке өткөрүп, аларга чарба жүргүзүү жана соода эркиндигин берүү. Туура эмес жолу – колхоз-совхоздорду акционерлештирүү, аларды физикалык жактар менен кошо юридикалык жактарга да сатуу. Ошондой эле айылда фермерлештирүү процессин жүргүзүү.

-Кыргыз айылы ал туура жолго кантип түштү? Башка варианттар да бар беле?

-- Ирети менен карайлы. СССРде 1989-жылдан тарта АКШ, Европаны көрүп, «фермерчиликке өтүү керек» деген сунуш айтыла баштаган. Бирок, мен агезде эле Кыргызстанга фермерчилик мүмкүн эместигин билчүмүн. СССРден отуздай аграрчылар 1990-жылы АКШда болуп, Айова штатында бир фермерге барганбыз. Ал өзү, аялы, үч уулу – бешөө иштешет. Менчик жери 440 гектар, арендага алганы 360. Бардыгы 800 гектарга жүгөрү, соя өстүрүп, ар жылда 800 торпок семиртип сатат экен. Мындай фермерчилик бизде мүмкүн эмес да. Салыштыралы. Мен 1989-жылы Базар-Коргон районундагы “Ленин” колхозунда илимий иш жүргүзгөм.

Колхоздо 4300 гектар жер, колхозчулардын саны 1200 адам болчу. Эми элестетели. Бул колхозду фермерлештирсек, анда 4300 гектарды болжолу жыйырма фермерге өткөрүп бермекпиз. Ал эми 1180 адамды кайда жөнөтмөкпүз? Бирок фермерлештирүү идеясы эгемен Кыргызстанга да жеткен. Өзгөчө колхоз-совхоздон тажаган, өз алдынча иштегиси келген адамдар талап коюшкан. Бийлик аларга «кайракы, таштак, каралбай жаткан жерлерди өздөштүргүлө» деген чечим чыгарып берген. Консерваторлор «айыл чарба Батыштын жолуна түштү»  деп чуу чыгарышкан. Бирок, 1990-93-жылдары фермерлер алган жер аянты жалпы айдоо аянттын жарым пайызына да жеткен эмес.

-- Анда кыргыз айылында өзгөрүү кандай башталган?

-- Россияны туурап, Чубайстын рецеби менен. Жаңы түзүлгөн КР маммүлк фонду программа кабыл алып, 1992-93-жылдары айыл чарбада да реформа жүргүзгөн. Чыгашалуу чарбаларды акционерлештирип, саткан. Айрым «жаңы кыргыздар» (мисалы Данияр Үсөнов, Юсуп Дунларов) бүтүндөй совхозду менчиктеп алышкан. Совхоздордун (бардыгы 187) сексен экиси же 45 пайызы сатылган. Бул реформа айыл жеринин кыйроосун күчөткөн. Бул жагдайда маммүлк фондунун жетекчилери, Чубайстын шакирттери менен биз, агрореформаторлор, айыгышкан күрөшкө чыкканбыз. Биз 1994-жылы жеңдик. Ал жылы 22-февралда биздин сунуш менен чыккан президенттин жарлыгына ылайык, жер жана агрардык реформаны жүргүзүү укугу маммүлк фондунан алынып, айыл чарба министрлигине өткөн. Айыл элине жер, мал-мүлк, техника үлүшкө берилип, дыйкан чарбалар түзүлө баштаган. Жер тагдыры так аныкталган. Жер айылдыктарга гана менчикке берилген. Чубайстын акционерлөө ыкмасы жана фермерлештирүү токтотулган. Биз айыл реформасынын социалдык, гумандык жана эволюциялык жолун тандап алдык. Өткөн чейрек кылым ал жолдун тууралыгын жана келечектүү экенин таамай тастыктады.

-- Ал жолду коомчулук колдодубу, же сын айткандар да болдубу?

-- Айыл эли колдоп берди. Ал эми сынчылар биз (агрореформаторлор) бийликтен кеткенден кийин (2005-ж.) пайда болду. Тарых үчүн айта кетели. Кийинки бийлик «реформа туура эмес болгон, колхоз-совхоздорду калыбына келтиребиз»  деп жар салды. Бирок, колдорунда толук бийлик, каржы булактары туруп, бир колхоз же совхоз түзө алышпады. Кур эле сөз экен. Дагы бир сынчы, экс-облаким теледен сүйлөп жатат: «Мен реформатор болгондо даяр болгон адамдарга колхоз-совхоздон жер берип, фермерчиликти өнүктүрөм»  деп. Дарбыз тандагансып, акимдер «сен жарайсың, сен жарабайсың» деп жер сурап келген адамдарды чекеге черткилеп турмак экен. Акыл болбосоң коё кал!

-- Мал менчикке өткөндө «бир койду эки-үч бөтөлкө аракка

айырбашташкан»  деген сын да бар…

-- Ал реформанын кемчилиги эмес. Колхоз-совхоздордо жатып ичер, ичкиликке берилгендер да болгон. Аларга үлүш берилбесе жаңжал салышмак да, туурабы? Азыр айылда коюн үч бөтөлкө аракка айырбаштаган бир келесоо барбы?

Ал эми «агрореформаторлор колхоз-совхоздорду кыйраткан» деп сайрап келаткандар болсо, алар же эч нерсе түшүнбөгөн дебилдер, же түшүнүп туруп беттырмаган акмактар.

-- Айыл реформасына карата дагы бир сын бар. Ал «колхоз-совхоздорду дыйкан чарбаларга бөлбөй, дароо эле айыл чарба кооперативдерине айлантуу туура болмок» деген пикир...

-- Ал сын түшүнбөстүктүн натыйжасы. Ооба, бизде да 1990-92-жылдары Россияны туурап айрым жерлерде колхоз-совхоздорду кооперативдер бирикмесине айлантуу жүргөн. Чарбанын фермалары «кооператив» деп жарыяланып, бир чарбада 20-30 майда башкармалар пайда болгон. 

Эсимде, 1991-жылы ошондой бир жаңы башкарма мага жолугуп, борборго жаңы шляпа жана портфель сатып алганы келгенин айтканы. «Кооперативдин мүчөлөрү» эч нерсе түшүнгөн эмес. Бактыга жараша, бул кампания бат эле токтоду. Анткени ал башкармалардын шляпа, портфелдеринен башка каражаты болгон эмес. Айыл кооперациясынын маңызын түшүнбөстүк дагы эле уланып келүүдө. Кыргызстан сыяктуу жери тартыш, калкы жыш өлкөдө алгач колхоз-совхоздор жоюлуп, андан соң жеке иш-аракет, жоопкерчилик, тобокелчиликти баштарынан өткөргөн эркин дыйкандардын калың катмары жаралышы зарыл. Ага кеминде он жыл талап кылынат. Анан ошол эркин дыйкандар өздөрү кооперативдерди түзүп, башкарып, иштетишет.

-- Айыл реформасы 1994-жылы башталыптыр. Анда эмне үчүн он жылдан кийин кооперация маселеси каралбады?

-- Каралган. Мен 2004-жылы (агезде премьер-министр аппаратынын жетекчиси элем) президент Аскар Акаевге түшүндүрүп, Германиянын канцлери Ангела Меркелге анын катын жөнөткөнбүз. Себеби, немистердин «Райффайзен» айыл чарба кооперациясы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү система. Меркель колдоп, каражатын да чечип берген. Он бештей Жогорку Кеңештин депутаттары жана адистер болуп Германияга барып, кооперативдер менен тааныштык. Кайтып келгенде бир депутаттын «Батыш немистери Германия Демократиялык Республикасындагы (ГДР) мамлекеттик чарбаларды айыл чарба кооперативдерине айлантышыптыр, биз да ошентсек болмок» деген маегин окуп таңгалгам. Депутат түшүнбөй жатса, анда катардагы жаран кантип түшүнөт?

-- Аларда болсо, а бизде эмнеге болбойт эле?

-- ГДР социализмдин эң өнүккөн өлкөсү эмес беле. Айыл жериндеги госхоздор биздин колхоз-совхоздордон 1,5-2 эсе натыйжалуу болчу. Жүз гектарга 15 кызматкер туура келчү. Ал эми Батыш Германия ГДРди өз курамына киргизип, зор каржы жумшап, реформа жүргүзгөндө, айылдагы калктын көбүнө башка жумуш таап берип, аларды айыл чарба тармагынан сүрүп чыгарган. Натыйжада жүз гектарга эки гана кызматкер калган. Демек, кооперативдерди түзүп койсо болобу? Болот. Бизге өтүп, дагы эле 1989-жылдагы Базар-Коргондогу Ленин колхозун алалы. Анын 4300 гектар жеринде 7-8 натыйжалуу кооператив түзсөк, анда аларда сексендей кызматкер калтырыш керек эле. Ал эми калган 1120 колхозчуга каяктагы жумушту таап бере алат элек? Же Батыш Германиядай бай демөөрчүбүз болбосо. Ушул жөнөкөй чындыкты отуз жылдан бери түшүндүрө албадык.

-- Немистер дагы кандай жардам беришти?

-- Эки профессору келди. Алар менен «Айыл чарба кооперациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун даярдадык. Ал Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Кийинки окуялар белгилүү. Соңку 15 жылда ал мыйзам турмушка ашмак турсун, окулбай, чаң басып жатат. Жаңы кыргыз дыйкандарына өндүрүш кооперативдери эмес, биринчи кезекте аларды камсыздоо, тейлөө, алар өндүргөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча кооперативдер аба менен суудай зарыл. Ал система жоктугунан айылдыктар кыйналып, азап тартып келишүүдө.

-- Айыл реформа жүргөн 1994-98-жылдардан бери 20 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бүгүн көз салсак, кандай кемчиликтер кетти?

-- Үч кемчиликти айтар элем: биринчиси, мисалы, акча реформасын өкмөт өзү эле жасаса болот. Ал эми айыл реформасы облустук-райондук жана чарба жетекчилери аркылуу гана турмушка ашырылат. Агезде баары коммунисттер болчу. Аларды кыйгап өтө албайсың. Алар реформаны ар кыл кабыл алды. Болжолу үчтөн бири колдоду, үчтөн бири ортозаар, ал эми калганы саботаж жасашты. Экинчиси, айыл реформасына жол ачкан президенттик жарлык чыкканда (22-февраль, 1994-ж.) аны турмушка ашыруу боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынган. Агезде консерватор күчтөр үстөмдүк кылгандыктан ал токтомго «үрөн өндүрүүгө жана асыл-тукум мал өстүрүүгө адистешкен колхоз-совхоздор реформаланбасын» деген жобо кирген. Жогорку Кеңеш ал чарбаларга 1995-жылы 30 млн. сом бөлүп берген (азыркы күчү 600 млн. сом). Андан тышкары, өкмөт жылына дотация берчү. Натыйжасы кандай? Алардын токсон пайызы банкрот болду. Консерваторлор «бул реформанын жыйынтыгы!» деп баса беришти. Аныгында, реформа дал ошол адистешкен чарбалардан башталып, алардан үрөн өндүрүү жана асыл-тукум мал өстүрүү бөлүгүн өзүнчө алып чыгыш керек эле. Бул маселеде реформаторлор консерваторлорго утулуп калдык. Үчүнчүсү, агезде Чүй облусунун жетекчилиги айыл реформасына абдан каршы болушкан. Алар Россияны туурап, Чубайстын моделин кызуу колдошкон. 1992-93-жылдары облустагы 55 совхоздун жыйырма бирин маммүлк фондусу аркылуу акционерлеп салышкан. Биз, агрореформаторлор, Чүйдүн жетекчилери менен тирешип, жаңжал президентке чейин жеткен. Ал тиреште компромисс керек эле. Алардын «агрореформаторлор Чүйгө жолобосун!» жана биздин «Чубайстын акционерлештирүү модели колдонулбасын!» деген талаптарга макул болгонбуз. Чүйдө «дыйкан чарбаларынын бирикмеси» деген аты жаңы, заты эски чарбалар каттоодон өткөн. Натыйжасы кандай? Ал чарбалардын жүз пайызы банкрот болгон. Эгер, мисалы, Тоң жана Кочкор райондорунда мал сарайлар толук сакталып калса, Чүйдө алар фундаментине чейин талкаланып, тонолду. Банкрот чарбалардын далай техникасын таластык, нарындык жаңы дыйкандар арзан баада алып кетишти. Чүйдүн жетекчилери «Кант МИС» деген чарбага жылына дотация беришип, «мына советтик чарба деле рынок шартында мыкты иштөөдө»  деп семинар өткөрүп турушчу. Акыры ал да банкрот болду. Аны менчиктеп алган бир адамга үлүш катары 5 миң гектар жер берилди (өлкө боюнча орточо 30 сотка болгон). Айтмакчы, Чүйдүн жетекчилери он миңдеген гектар жерди жең ичинен аткаминерлерге бөлүп беришкен. Алар мыйзамсыз ээлеп алган, болжолу 50-60 миң гектар жерди кайра алып, айыл калкына, өзгөчө жумушсуз жүргөн жаштарга бөлүп берүү азыр да кеч эмес. Мен айткан үч кемчилик, албетте, айыл реформасын аксатты, жаман көрүнттү. Бирок чечүүчү мааниге ээ эмес.

-- Анда жетишкендиктерге да токтололу...

-- Айрымдарын санап берейин:

1. Кыргыз айылы 1994-98-жылдары туура, келечектүү жолго түштү. Ооба, биз

Прибалтика, Армениядан 4-5 жыл кечиктик. Бирок, мисалы, Грузия бизден 10 жыл, Өзбекстан 26 жыл кечикти. Ал эми орус, беларусь, түркмөн калкы качан туура жолго түшөт, белгисиз.

2. СССР маалында Кыргыз ССРнин колхоз-совхоздоруна жылына союздан

орточо 6,5 млрд. рубль дотация берилип турчу. Бул эгемен Кыргызстандын (1992-ж.) бюджетинин киреше бөлүгүнөн үч эсе көп болчу. Эгер айыл реформасы жүрбөгөндө, анда азыр кыргыз өкмөтү айыл чарбасына жылына 450 млрд. сом дотация берип турушу керек эле. Жаңы дыйкандарга бир сом берилбейт да. Бул кыргыз айыл реформасынын зор ийгилиги, тарыхый жеңиши! Тилекке каршы, муну түшүнгөндөр жокко эсе.

3. Кыргыз ССР айыл чарбасында 65 миң адам (!) башкаруу, тескөө, текшерүү орган-аппаратында иштешкен. Учурда алардын саны 5 миң. Бул дүйнөгө үлгү болгудай жетишкендик эмей эмне? Нарындык дыйкан Кайырбек Сарматов белгилегендей, «союз маалында азыр мен менчигимде кармаган малды кеминде элүүдөй киши багып, дагы элүүдөй аткаминерлер башкарып, текшерип турмак. Мен болсо жубайым, уул-келиним, эки жардамчым менен эле иштейм» («Майдан», 26.02.2020.).

4. Кыргызстанда өткөн 29 жылда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 1,5 эсеге өстү. Малдын шарттуу башы 1,5 эсеге көбөйдү. Салыштырсак, бул мезгилде өнөр жай өндүрүшү 70 пайызга азайды. 

5. Союз маалында билим берүү, дарылоо, үй менен камсыздоо мамлекеттин мойнунда эле. Бул кийин элге өтпөдүбү. Айыл калкыбыз уул-кыздарын контракт менен окутушат. Эки жүздөй орто жана жогорку окуу жайлар дыйкандардын эсебинен иштешет. Айыл эли уул-кыздарына шаарлардан турак жай сатып берип, курулуш тармагын өстүрүүдө. Дыйкандардын продукциясын шаардыктар сатып, кайра иштетип, экспорттоп киреше табышат. Мунун баары ички инвестиция. Соңку 20 жылда айыл эли шаарларга болжолу 15 млрд. доллар инвестиция салды. 

6. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда «ураалап» өндүрүлгөн продукциянын төрттөн бири чирип, бузулуп кетээр эле. Жалпы менчикке адамдар табиятынан кайдыгер да. Ал эми жаңы дыйкандардын бир тоголок картошкасы чирип же бир чака сүтү бузулуп кеткенин көргөн жан барбы? Менчик ээси кара терин төгүп тапкан продукциясын көз карегиндей сактайт эмеспи.

Мындай мисалдарды мен миңдеп санап бере алам. Бирок, тилекке каршы, айыл реформасынын биринчи этабы (1994-98-жж.) ары улантылбады. Кыргыздын жаңы эркин дыйкандары айыл чарба саясаты дайынсыз мамлекеттен эбак түңүлүп, өздөрү ысыкка күйүп, суукка тоңуп, бирде туруп, бирде жыгылып, эгемен өлкөнү багып, сактап келе жатышат.

-- Рахмат байке, аман болуңуз!


Нургазы Анаркулов,

«Майдан» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер