Акыркы кабарлар
» Коом » Жарандар 106 миллиард сом насыя алышкан
Жарандар 106 миллиард сом насыя алышкан
12-декабрь, 10:05
469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ушул тапта Кыргызстан боюнча 25 коммерциялык банк жана 587 кредиттик компания иштейт. Алардын көбү Бишкек шаарында иш алып барышат.
Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандагы банктар жана кредиттик компаниялар тарабынан дээрлик 106 миллиард сом насыя берилди. Бул туурасында маалыматты улуттук статистика комитети жарыялады. Анын ичинен 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар камсыздаган. Алынган насыялардын басымдуу бөлүгү соода чөйрөсүнө (кредиттердин жалпы көлөмүнүн 26,1 пайызы) жана айыл чарбасына (19,3 пайызы) жумшалды. Аймактарга бөлүп айта турган болсок, эң көп насыя алгандар Бишкекте жашайт.
"Азия Ньюс" гезити