Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болот Купешов кетет, кетпейт... Билим берүү системасы коррупцияга айландыбы?

Болот Купешов кетет, кетпейт... Билим берүү системасы коррупцияга айландыбы?

18-октябрь, 01:21
1 281 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министри Болот Купешовдун дайындалганына алты ай болуп калды. Президент кабыл алып, “билим берүү системасын жакшыртуу керек” деп жаңы министрдин алдына чоң милдеттерди койгон. Бирок ал ташырмаларды деле аткарганга шайы келбей, эки жакты караганча убакыт өтүп, кылган ишинин дайыны жок. Эми болсо “Болот Купешов Ысык-Көлгө президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кетет экен” деген сөз желдей тарады. Купешовго “кылмыш иши козголду, козголгон жок” деп да талаштуу маалыматтар чыгып жатат... Билим берүү министрлиги азыр эң чоң министрликтердин бири, ага ЖОЖдор жана мектептерден башка дагы илим департаменти, кесипчиликке даярдоо агенттиги, мугалимдердин билимин жогорулатуу мекемеси, билим берүү академиясы сыяктуу толгон-токой бирикмелер карайт. Аларда иш кандай жүрүп жатат, эмне көйгөйлөрү бар – Болот Купешов ага деле кызыккан жок. Ал билим берүүнү оңдомок тургай өзүнүн кол алдындагы адам ресурстары бөлүмүнүн кызматкери Жибек Мусаева мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн билим берүү кызматкерлеринен үмтөтүп, “рахмат” айткандардын документтерин коллегияга сунуш кылып, аны ыраазы кылбагандардын документтерин өткөзбөй жатканын билбейби? Жибек Мусаева же алгандарын министр менен бөлүшүп, сыйлык берүүнү “кормушкага” айландырып алышканбы? Башка чоң көйгөйлөрдү жөн эле коёлу, министр Болот Купешов жок дегенде өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген кызматкери Жибек Мусаеванын тизгинин тартып, маселесин карап, тартипке чакырганга жарайбы? Же “колунан кармап бергиле” деп шалдырап отура береби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер