Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Соттолгон киши соттуулугу бүтсө дагы саясый кызматка бара албайт”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Соттолгон киши соттуулугу бүтсө дагы саясый кызматка бара албайт”

21-июнь, 19:26
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, бүгүн соттуулугу жоюлган жарандар президенттик, депутаттык кызматтарды ээлей албастыгын караган мыйзам долбоору талкууланып жатканда, сиз мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча айттыңыз. Легалдаштыруу да талапкердин катталуусуна жолтоо болушу мүмкүнбү?

-- Жаза-процессуалдык кодексинде «реабилитацияланган эмес» деген жагдай бар. Легализация кылсаң, сага иш козголсо, ошол ишти кылган болуп эсептелесиң. Туура, ишти козгоп, аны дароо жабышат. Себеби, Жаза кодексинде ошентип жазылып турат. Бирок, ал саясый кызматка бара албай турган болуп калат. Улуттук банктын, министрлер кабинетинин, эсеп палатасынын мүчөлөрүн дайындоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Соттолгон киши соттуулугу бүтсө дагы жогорку саясый кызматтарга бара албайт. Мен ошону айттым. Мыйзамдын демилгечилери “жок, сиз туура эмес түшүнүп жатасыз” дешет. Бирок, мен долбоорду жакшы эле окудум. Бир эмес, эки-үч жолу окудум.  

-- Сиз айткандай болсо, жарандар мүлкүн легализация кылгандан чочуп калышпайбы?

-- Легализация бүтпөдүбү. 29 миң киши берди да. Просто бул жерде бир нерсе бар, биз «кандай мүлкүңөр бар экенин коркпой көрсөткүлө» дегенбиз да. Эми мындай мыйзамдар кабыл алынса “а, кепилдик жок турбайбы” деген сөз болуп калышы мүмкүн…   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер