Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Баңгизаттар сатылып, өспүрүмдөр мектептерде атайын клейлерди жытташат...”

Марлен Маматалиев: “Баңгизаттар сатылып, өспүрүмдөр мектептерде атайын клейлерди жытташат...”

08-апрель, 12:00
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, социалдык түйүндөрдө тараган “Принцесса дури” кылмыштуу тобу тууралуу видеосюжет коомчулукту аябай дүрбөлөңгө салып, будуң-чаң түшүрдү десек болот. Бул боюнча сиз эмне айта аласыз?

-- Анын коомчулукка чыгып кеткени бир жагынан жакшы болду. Себеби, көбү билчү эмес, мындай көрүнүш Кыргызстанда болуп жатканы түшкө кирбес нерсе эле. Ошол окуядан кийин бир-эки саат эле изилдөө жүргүзүп көрсөк, тилекке каршы, биздин мектептерде андай топтор көп экен. Конфет түрүндөгү баңгизаттар сатылып, өспүрүмдөр мектептин ажатканаларында электрондук сигареттерди чегишип, атайын клейлерди жытташат экен. Ошондуктан, бул көрүнүш менен күрөшүүгө тийишпиз. Биз ошон үчүн комитетте бул маселени карап, анан жалпы палатанын жыйынына да чыгаралы деп жатабыз. Бул жерде жоопкерчилик маселеси да бар.

-- Бул окуя коомчулукта чоң суроону пайда кылып койду. Эмне үчүн мындайга жол берилди? Эмне себептен, мугалимдер, укук коргоо органдарынын түздөн-түз балдар менен иштеген түзүмдүк бөлүктөрү билишкен эмес?

-- Ошон үчүн мен жогоруда айткандай, жоопкерчиликти сөзсүз карашыбыз керек. Тийешелүү мамлекеттик органдардагы чиновниктер жазаланууга тийиш. Антпесек, мындай көрүнүштөр кайталана берет. Берилген тапшырмалардын негизинде бир топ жыйындар өтөт. Фракциянын да жыйынын өткөрөйүн деп турам. Айтор, бул иштин аягына чыгарабыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер