Олигарх Нариман Түлеев кантип Данияр Нарымбаевден өчүн алды?
Оо анда АШАнын доору эле. Данияр Нарымбаев президенттик аппаратты башкарып, саясый талааны калчай баштаганда, капысынан кылтакка илинген. Агезде Нариман Түлеев түрмөдө жаткан эмеспи, анын кызынан Коркмазов аркылуу 50 миллион доллар пара алып аткан жеринен кармалып калат. Мындай шартта президент Алмазбек Атамбаев жандоочусун кечирбей, колун шилтеп салганы эсибизде. Ошентип, Данияр Нарымбаев кылмышынын айыбын жарым-жартылай өтөп, жалынып-жалбарып жүрүп эркиндикке чыкса керек. Убакыт өтүп, күндөр алмашып отуруп, саясый айдыңдагы баатырлар да жаңыланып, алардын катарынан Нариман Түлеев да баш көтөрүп, “Ак Бата” партиясы менен күздөгү парламенттик шайлоого даярданып аткан чагы. Ошол арада тымызын түрдө кызынан пара алган душманынан өч алуу вазыйпасын ишке ашырып, максатына жеткени каңкууланды. Негизи экс-аппарат башчысы Кумтөргө байланыштуу бир топ кыңыр иштер үчүн сурак берип, Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмөсүн жаадырганы айтылууда. Баш айланткан тагдырдын тамашасын кара. Данияр Нарымбаевди кылмышка шектүү катары депутаттар айыпташканы аңызга айланып кетти. Ошондо өлкөбүздө өйдөңкү катмардагылар бири-бирин “казып” атышат. Коом акыры ушинтип элдин ырыскысын жегендерден тазаланабы?
"Азия Ньюс" гезити