Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Кемелов, ЖК депутаты: «Кумтөрдөн жашыруун документтерди алдым, оозум буулуп калды...»

Акылбек Кемелов, ЖК депутаты: «Кумтөрдөн жашыруун документтерди алдым, оозум буулуп калды...»

16-декабрь, 10:08
2 604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттин жыйынында Кумтөрдө башаламандыктар болуп жатканын айттыңыз, ал жакта чынында эле жергиликтүүлөрдү жумуштан кетирүү орун алып жатабы? 

-- Ооба, бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында бир эмес, эки-үч ирет айттым. Себеби, мага жарандар кайрылышкан. Алар «Кумтөрдүн жетекчилери бизди жумуштан кетирип, башкаларды алып жатат» дешкен. Бирок мен муну көтөргөндөн кийин Кумтөрдөн мага маалымат катары жашыруун документтерди беришкен. Мен аны менен таанышардан мурун «муну эч жака чыгарбайм» деп кол коюп бергем. Ошондуктан оозум буулуп, кеңири маалымат бере албай калдым. Чындыгында мага муну ошол жакта иштегендер айткан. Алар мурда Кумтөр менен келишим түзүп жүргөндөрүн, эми болсо башка мамлекеттин компаниялары менен келишимдер түзүлүп жатканын айтышкан. Мындан улам, «Кумтөрдүн жетекчилиги Жогорку Кеңешке келип, маалымат берсин» деген талап койгом. Тилекке каршы, ал аткарылган жок. Себеби, элде, журналисттерде, анын ичинде бизде деле азыр Кумтөрдө эмне болуп жатканы боюнча жыңылык жок. 

-- Эмнеге отчет бербей жатышат?

-- Жашыруун документте деле эмнеге Жогорку Кеңешке маалымат бербей жаткандары боюнча так жазылбаптыр. Менин жеке пикиримде, сот процесстерине байланыштуу ушундай болуп жаткан окшойт. Бирок, «жашыруун маалыматтар чыгып кетет» деген кооптонуулар бар болсо, жабык эшик артында деле парламентке алып келиши керек эле. Балким, бул чакырылыштын сапары карып баратканына жараша отчет бербей жаткандыр. Анткен менен Кумтөр компаниясы расмий сайты аркылуу мага көңүл айткан жооп жазыптыр. Чынын айтсам, бул менин күлкүмдү келтирди. Алар «депутат Кемеловду түшүнүп жатабыз, шайлоодо жетиштүү добуш ала албай калды, эл колдобой койду, ушуга байланыштуу ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барып жатат. Эл сизди тандаган жок, муну туура түшүнүңүз, кимди шайлаш керек экенин эл чечет, депутат добуш албай калганы үчүн өзүнө арзан пиар жасап жатат» деп жазышыптыр. Негизи абройлуу ири мекеменин расмий баракчасында ушундай сөздөрдүн жазылганынын өзү уят. Ушундай өңүттөгү жооп берүү кооптонууларды жаратууда. Эртеси эле «мен депутат болбой деле кызмат кыла берем, кылып келгем. Силер андан көрө ичиңерде болуп жаткан былыгыңарды жөндөп алгыла» деп айткам. Коомчулуктун оюн бузууга жасалган аракет болду. Бул чоң көйгөй, жумуштан кеткендердин өздөрүнөн уккам, миллиарддаган акча айланган компаниянын ар бир кыймылы элдин көз алдында. Анүстүнө Кумтөр жеке ишкана эмес, ал мамлекеттики, башында ачылганда эле жергиликтүү подрядчиктерди, жарандарды жумушка алууга артыкчылык берилери белгилүү болчу. Алар ушунча жылдан бери ошол жакта иштеп келишкен. Депутат катары элден ушундай болуп жатканын угуп, унчукпай коё албадым. Бирок, Кумтөр менин бул сөздөрүм үчүн туура эмес кадамга барышты. «Өзүмдү өзүм билем» дегендей мамиле болду. Депутат маселе көтөргөндө, мамлекеттик мекемелер ага кулак салып, көйгөй менен таанышып, аны чечкенге, түшүндүрмө бергенге аракет кылышы керек. Булар анткендин ордуна күлкүнү келтирип, кайра мага туура эмес сөздөрдү жазышты.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер