» Саясат » Көлбаев менен алыш-бериш Абдыкаровдун тушунда түзүлгөнбү?
Көлбаев менен алыш-бериш Абдыкаровдун тушунда түзүлгөнбү?
24-октябрь, 19:30
1 024 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Генерал Данияр Абдыкаров ИИМди калчап турганда Камчы Көлбаев менен мамиле түзүп, ай сайын бир канча миң доллар алып турганбы? Убагында айтылбай, азыр ачыкка чыга баштадыбы? Ошондон тарта “салтка айланып”, ИИМдин айрым башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө “сүт эмизгендей” ырымдап, майрамдарда марытып койчу беле? Көлбаев милицияларды да “чүлүктөп” келгенби? Кызык, ушул таризде жөн салды эле кеп чыкпаса керек.