Акын Омор Султанов жазгандай, цианид уусу элге, жаратылышка эбегейсиз чоң зыян келтирди

“Кумтөрдөн жылына 16-17 тоннадан алып турсак, 2031-жылга чейин жетет” деп техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков маңдайы жарыла кубанып турат. (“Азия Ньюс”, 30-март, 2023-жыл).
“Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын келишими аркылуу 500 тоннадай алтын иштетилип кетти” деп сиз 500 тоннаны чамалап айтып жатасыз. “Центерра голд” мындан да көп алтын өндүрсө керек. Себеби, кыргыз өкмөтү алардын кандай иштеп жатканын жердин ээси өңдөнүп түздөн-түз көзөмөлдөй алган эмес. Акылбек Жапаровго окшогондор барса, иштеп жаткан жерге терең киргизбей, үстүртөн гана көрсөтүп турушкан. Буга дагы бир далил, Жогорку Кеңештин трибунасында “Центерранын” президенти Янаткинсон “мен экологияга жооп бербейм!” деп суурдун айгырындай кыйкырып атты. Бир да депутат баш көтөрүп, “эмне кыйкырасың?” деп айта алган жок. Себеби, келишимге экология маселеси кирбей калганы чындык да. Ошондуктан депутат имиштер жер карап отурушту. Андан да канадалык компания менен алынган пайданы 50-50 пайыз менен бөлүшүүгө макулдук берип коюшкан. 500 тоннаны мен “чамалап айттыңыз” дегеним, бизге анын 150 тоннасы гана тийди (бул менин жеке оюм). Бул жарым-жартылай тийген пайданын ичинен А.Акаев баш болгон президенттер менен Жогорку Кеңештин депутаттары өз үлүштөрүн (долясын) алып жатышты. Ошондо жердин ээси болгон бечара кыргызстандыктарга болор-болбос гана бирдеме тийип жатты. “Кумтөр болбосо силер пенсия албай калмаксыңар” деп өкмөт элди коркутуп, суусаган адамдын эринин суу чүпүрөк менен сурткөнсүп, айына 3 миңден 5-6 миңге чейин пенсия беримиш болушту.
“Макул элем, башкасынын баарына,
Балдар жатат, майып болуп төрөлүп” деп залкар акын Омор Султанов жазгандай, экологиянын тартиби так сакталбагандыгынын кесепети элге, жаратылышка да эбегейсиз чоң зыян келтирип жатат. Геофизика илиминин далилдөөсү боюнча цианид уусу 1 мүнөттө 2 см жердеги таш-кумду эритип турат экен. “Эгер ушу бойдон болсо, миллион тонналаган цианид уусу кайсы бир жылдарда Ысык-Көлгө куюлат” деген ой-пикиримди ошол кездеги президент А.Атамбаевге, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына көзмө-көз кирип айтсам, бирөө дагы көңүл бурган жок” деп Каракол шаарына бараткан маршрутканын ичинде аял киши айтып баратканын биздин күйөө бала Чыңгыз Акжолтой уулу угуп, бирок жаштык кылып, окумуштуунун аты-жөнүн сурабаптыр. Ал аялдын “эгер ушу бойдон болсо, цианид уусу Ысык-Көлгө куюлат” дегени – Кумтөр деңиз деңгээлинен 4 миң метр жогору, Ысык-Көл болсо андан 2 миң метр төмөн турат.
Алтынга кызыгып 2031-жылга чейин жерди талкалап каза берсек, эл менен жаратылыштын тагдыры эмне болот?! Же кыргыз цианид уусу эмес, атом бомбасы жарылып кетсе деле кыңк этпей чыдай береби?! Алла Таала, Көкөтеңир кыргызга чыдамдуулукту ушунчалык марттык менен берген экен да! Баракелде, чыдай бергиле кыргыздар, атаман болосуңар!
Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү, №19
"Азия Ньюс" гезити