Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Садыр Жапаров ачкөздүккө, ичкүйдүлүккө алдырбаса...”

Мамбетжунус Абылов: “Садыр Жапаров ачкөздүккө, ичкүйдүлүккө алдырбаса...”

24-январь, 01:26
1 867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус ага, Кыргызстандагы учурдагы саясый кырдаалга кандай баа берет элеңиз?

-- Жаңы президент шайланып, элде кичине үмүт болуп турат. Жаңы бийлик келип, өлкөбүз укуктук талаага кирдик өңдөнөт. Коомчулукта “жаңы шайланган президент эмнеден баштайт? Командасы кандай куралат экен?” деп жакшы нерсени күткөнсүйт. Азырынча ушундай кырдаал байкалып турат.

-- Башмыйзамда эмне өзгөрүүлөр болгонун коомчулук так билбей аткансыйт. Ушул жаатта пикириңизди уксак?

-- Садыр Жапаров өзү Башмыйзамды өзгөртүүнүн башында демилгечи болгонсуп кирген эле. Ошондон улам конституциялык кеңешменин курамы түзүлүп, алар жаңы долбоорду даярдамак. Бу жерде эки учур каралып атат: мамлекеттик башкаруу системасы парламенттикпи же президенттикпи делип, референдум катары такталып, эл президенттик башкарууну тастыктап беришти. Ошого карата 28-январда президенттин инаугурациясы өткөндөн кийин Конституцияны кайра референдумга алып чыгуу жана кайсы пункттарына өзгөрүү киргизилери тууралуу элге алып чыгар алдында юристтер баардык жагын кынаптап, бышыктап чыгышары айтылууда. Ал эми референдум болсо апрель айында жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бир күндө өтөрүнөн да кабардармын. 

-- Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Ал ишти эмнеден баштаса деп турасыз?

-- Кыргыз мамлекети абдан оор акыбалда турат. Каягын карабайлы, чечилбеген маселелер көп. Бул президент элдин атынан шайланып келгенден кийин эң ириде ачкөздүгүн карматпаса дейт элем. Себеби, биздин буга чейинки президенттер ачкөздүгүн карматып, акыры эмне менен бүткөнүн баарыбыз көрүп атабыз. Ачкөздүк бар жерде коррупция чыгат экен. Экинчиси, жанында жүргөн кошоматчыларга алдырбаса деген ой. Бизде кошоматчыларды эл тааныйт. Алар Акаевдин “Алга Кыргызстан”, Бакиевдин “Ак жол”, Атамбаевдин КСДП, Жээнбековдун “Биримдик” партияларына улам-улам журт которуп өтө калгандар. Ушулар кайтып келип Садыр Жапаровдун үгүт иштеринде тамандары жыртылгыча чуркап жүрүшпөдүбү. Эгерде Садыр Жапаров ушулардын чеңгелинде калып кала турган болсо, анда Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртө албайт жана өзүнүн тагдыры да аянычтуу бүтүп калышы ыктымал. Мындан сырткары, ичкүйдүлүккө алдырбаса дейт элем. Саясатка, бийликке келген адамдардын ичкүйдүлүк оорусу кармаса жаман болот эмеспи. Муну башыбыздан өткөрдүк го. Атамбаев ушунун айынан баардык саясатчыларды камап чыкты. Саясый куугунтукка дуушар кылып, коррупцияга шектеп, же “бийликти басып алат” демиш этип. Азыр кимди алып көрбө, баары эле соттолуп же камакта отуруп чыккан болуп атпайбы. Азыркы президент да ушул жолго түшө турган болсо, анда анын тагдыры Атамбаевдикин кайталап калат. Дагы бир жолу кайталап коёюн, болгону ачкөздүккө алдырбасын, кошоматчылардын чеңгелинде калбасын жана ичкүйдүлүгүн карматпасын...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер