Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо – учурдун талабы
Балдарга карата зордук-зомбулук физикалык жана психологиялык басымды, сексуалдык ыдык менен аларды коммерциялык багытта эксплуатациялоону өз ичине камтыйт. Аталган көрүнүш өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө, алардын кийинки жашоосуна, үй-бүлө курууга жоопкерчиликтүү жана дени сак инсанды калыптандырууга терс таасирин тийгизет.
Бул көйгөй глобалдык деңгээлдеги көрүнүшкө айланды. Биздин республика дагы балдарга карата жасалган зомбулук көрүнүшүнөн четте калган жок. Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун саны күн санап өсүүдө.
Акыркы жылдарда балдарга карата жасалган кылмыштуулук менен зомбулук фактыларынын статистикасы өсүп, зомбулуктун мүнөзү барган сайын ырайымсыз болуп баратат. Мисалы, 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулуктун 287 фактысы катталган. Анын ичинен 287 зомбулуктун 151и кыздарга карата болгон. 177 бала физикалык зомбулукка кабылса, 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган, алардын 63ү кыздар болгон. Физикалык зомбулуктун жалпы санынын 43%ы 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата жасалган. Сексуалдык зомбулуктун 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө карата болгон. Ал эми 2021-жылы балдарга карата 325тен ашуун зордук-зомбулук катталган. Үйүнөн ур-токмокко алынган 174 балага соттор ата-энесинен, жакындарынан коргоо үчүн атайын ордер берген. 2022-жылдын башынан эле Сокулуктагы 2 жаштагы наристени ур-токмокко алуу, Арашандагы 34 жаштагы киши өзүнүн 8 жаштагы жээнин зордуктоосу, Жети-Өгүздөгү 12 жаштагы кызга 34 жаштагы кишинин сексуалдык ыдык көрсөтүүсү сыяктуу фактылар орун алган.
Бала кезинде зордукка кабылган адамдарда физикалык жана психикалык жактан көйгөйлөр, депрессия, тамеки чегүү, ашыкча салмак, алкоголдук ичимдиктерди менен баңгизаттарды колдонуу, суицид сыяктуу коркунучтар жогору. Балдарга карата орой мамиле кылуунун коомго жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасиринен тышкары, экономикалык терс таасири дагы бар. Ага зомбулуктан жабыркаган баланы ооруканаларда дарылоо, ар тараптуу психологиялык жактан кам көрүү жана узак мөөнөттүү реабилитацияга кеткен чыгымдар түзөт.
Көп учурда зомбулукка кабылган балдардын ата-энеси, туугандары фактыларды жашырып, тийешелүү укук коргоо органдарына билдирбей жатышканын кризистик борборлор, жарандык коом билдиришүүдө. Кыргыз коомундагы “башкалардын алдында уят болобуз, эл эмне дейт?” сыяктуу ой жүгүртүүлөрү жашы жете элек балдарга, айрыкча кыздарга карата жасалган сексуалдык кылмышты жашырууга өбөлгө түзөт. Биз мындай салттуу көз караштан алысташыбыз зарыл. Жаш балдарга карата жасалган ар бир кылмыш тыкыр тергелип, күнөөлүү адам катуу жазаланышы керек.
Изилдөөлөр боюнча жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын санынын тынымсыз көбөйүшүнүн себептеринин бири тышкы жана ички миграция болуп саналат. Ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн балдар карыган чоң ата менен чоң энеси же жакындарынын колунда калышууда. Алар балдардын тарбиясына, окуусуна убакыт бөлүп, карай албай келишүүдө. Жакырчылык, каржылык көйгөйлөр, балдарды тарбиялоо жаатында ата-энелердин билиминин жетишсиздиги дагы балдарга карата зордук-зомбулуктун себептеринин бири болууда. Айрым учурда ата-энелер баланы тарбиялоодо аларды сабап, физикалык күч колдонушат. Бул дагы өз кезегинде кайгылуу кесепеттерге алып келүүдө.
Бул курч теманы мыйзам жаатында жөнгө салууну Жогорку Кеңештин депутаттары бир нече жолу көтөрүп чыгышты. Тилекке каршы, кырдаал өзгөрбөй, кылмыштуулуктун саны өсүүдө.
2022-жылдын февраль айында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда депутат Дастан Бекешов педофилдерди химиялык кастрация боюнча мыйзам кабыл алынган Казакстандын тажрыйбасына көңүл бурууну сунуштаган. Кээ бир парламентарийлер болсо педофилдерди Россиядагыдай өмүр бою эркинен ажыратууну жакташкан. Химиялык кастрация жолу менен мыйзамды ишке ашыруу кымбат каржылык чыгымдарга байланыштуу бизге ылайыктуу эмес. Бир педофилди химиялык кастрациялоого кеткен чыгым жылына 6 миң АКШ долларын түзөт. Дарыгерлер жазанын бул түрүнүн натыйжалуулугунан күмөн санашат.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев балдарга карата зордук-зомбулук темасын парламентте кайрадан көтөрүп, 2020-жыл менен 2021-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын таңкалычтуу статистикасын келтирди. Ал Кылмыш-жаза кодексин өкмөт менен биргеликте кайра карап чыгууну, балдарга карата зомбулук жасагандар менен педофилдерге жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Ушул эле жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет тарабынан жашы жете элек балдарга колдоо көрсөтүү максатында социалдык кызматкерлердин штаттык санын дагы 550 адамга чейин көбөйтүү, аларга ар тараптуу социалдык жардам көрсөтүү пландалып жаткандыгын билдирди.
Буга чейин деле 2016-жылы Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору талкууланып жатканда педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган. «Мыйзамдык деңгээлде өлүм жазасын киргизүү менен педофилдерге жазаны катаалдатышыбыз керек. Эгер депутаттар бизди колдосо, Конституцияга тийешелүү норма киргизилет” деп билдирген депутат.
Тилекке каршы, Кыргызстан ратификациялаган, өлүм жазасын колдонууга тыюу салган “Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо боюнча” эл аралык конвенцияга ылайык, Бакыт Төрөбаевдин демилгеси колдоо тапкан эмес. Айта кетсек, педофилдер үчүн өлүм жазасы Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын Америкасындагы мамлекеттерде, Кытай, Иран, Ирак, Түштүк Корея жана Сауд Арабиясында каралган.
Учурда Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу комплекстүү мамилени талап кылат. Экономикалык кыйын кырдаалга карабастан ата-энелер балдарын тарбиялоого, аларга кам көрүүгө убакыт бөлүп, мээрим төгүп, жаш балдар менен өспүрүмдөргө салттуу адеп-ахлактык принциптерге таянган, жигердүү позицияга ээ болгон күчтүү, жоопкерчиликтүү инсанды калыптандырууга жардам бериши керек.
Мамлекет ата-энелерди колдогон жана балдарга жакшы тарбия берүүнү жайылткан программаларды системалуу түрдө ишке ашыруусу зарыл. Балдарды тарбиялоо эрежелерин өркүндөтүү үчүн ата-энелерге билим берүү, балдарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча билимдин деңгээлин жогорулатуу сыяктуу көп компонентүү стратегияларды иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу зарылчылыгы күн тартибине чыгууда.
Ал эми Бакыт Төрөбаевдин балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу, педофилияга карата жазаны катаалдантуу сунушун кесиптештери, жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү колдоого алышы керек деп эсептейм.
Кылыч Куталиев
"Азия Ньюс" гезити