“Өзүңө чыйыр салып өт, Таптабай жолдун даңгырын”


(6-макала)
Алыкул Осмоновдун талантынын дагы бир айкын өзгөчөлүгү жөнүндө сөз кылып өтөлү. “Мен биринчи чыйырымды салып жатам деген жерге небак эле темир жол салынып калыптыр” деп бир философ айткандай, адабиятта ырдалбаган, жазылбаган тема калбагандай. Кылымдарды аралаган көркөм сөздө бу дүйнөдө не бир түркүн нерселер болсо, ошолордун баардыгы чигинен да, бөгүнөн да өкчөлүп, алчысынан да, таасынан да түшүрүлүп жазылгандай. Бирок ошол эле көнүмүш, эски тапталган темаларды аласалдырып карап, жаңы кырын көрүп, буга чейинкилер аңдабаган жагын байкап, теманы өзүнчө чечмелеп, өзүнүн боёктору менен бөлөктөрдүкүнө окшоштурбай жаңыча ырдап салган оригиналдуу таланттар да болот. Алыкул Осмонов мына ушундай акын. Маселен, материалдык-этнографиялык маданият жагын алсак, жарыктык, кадимки ак койдун жүнү байыртан келе жаткан эски нерсе го. Ошол эски жүндөн байпак, чокой, кийим - кече, кийиз жасап келишкен. Дагы бир мезгилде ушул эле демейки салттуу жүндөн дагы бирөө күтүүсүздөн эле көз жоосун алган шырдак жасап таштайт. Салыштырып айтсак, Алыкул Осмонов көнүмүш демейки темалардан жаңы “шырдак” жасай билген талант. Мисалы, сүйүү, мекен, согуш темасында кимдер гана жазбаган. Бирок Алыкулдун бул темалардагы “Аялга”, “Сулууга”, “Майдын түнү”, “Ата журт”, “Жеңишбек” сыяктуу кыйла ыр, поэмалары Кыргыз поэзиясынын классикасы болуп калды. Ошондой эле, акындын эмгек темасында жазылган ырларынын мыкты үлгүлөрү да оригиналдуу поэтикалык табылгаларга, кайталангыс көркөм боёкторго, чын ыкластуу интонацияларга бай, жөнөкөй карапайым эмгекчи адамга, колхозчуга, жумушчуга карата гуманисттик мамилеге толо.
(Мисалы, “Маляр”, “Жибек кийген эрке кыз”, “Рахмандын илими” деген сыяктуу ырларын эске түшүрөлү).
Илгери акын Молдо Багыш “Өзүңчө чыйыр салып өт, таптабай жолдун даңгырын” деп ырдаган экен. Мурдатан чабылган жолдо бирөөлөрдүн изине түшпөй, өз чыйырын тапкан, ушул А.Осмонов болуптур.
А.Осмоновдун мекен темасындагы “Ата журт” аттуу белгилүү ырына кайрылып көрөлү. “Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн Ата журт”... Бул ыр бүгүн бала бакчаларда, мектептин класстарында, жогорку окуу жайларынын аудиторияларында көркөм окулуп, сахналарда обондолуп ырдалып, аянттарда жаңырып, жарандык-патриоттук поэзиянын туу чокуларынын бирине айланган. Андай болсо, “Ата журт” ырынын сыры, поэтикалык күчү, тузу, куну, жаңылыгы эмнеде (?) деген суроо туулат. Биздин оюубузча, А.Осмоновдун “Ата журтунун” поэтикалык күчүн, мазмундук кунун, башка чыгармаларга окшобогон өзгөчөлүгүн, эстетикалык татыгын сынчы Кадыркул Даутов өзүнүн кыска-нуска талдоосунда таасын айтып берген. Эмесе, Кадыркул Даутовго сөз берели. “Ата-журт” темасындагы ырлар Т.Үмөталиевден деле, Т.Шамшиевден деле, М.Жангазиевден деле, К.Акаевден деле, И.Исаковдон деле каалаганча табылат. Анда А.Осмоновдун булардан айырмасы кайсы? Маселе А.Осмонов эмнени айттыда эмес, кантип айтты жана ошол ыр менен кошо жалпы кыргыз поэзиясына жаңы эстетикалык ачылыш катары кандай жаңы белгилер киргендигин табууда турат. A.Осмоновдун башкы олжосу поэтикалык ойду айтуунун өзгөчө формасын тапкандыгында. Баса, муну ыр техникасы, муун өлчөм, уйкаш жагына кирген киреше экен деп түшүнүп албайлы. Ата журт бир жагынан, конкрет да, экинчи жагынан, жалпылаштырылган абстрактуу да түшүнүк. Туулган жер, же бүтүндөй жашаган мекениң, башкача айтканда, географиялык чөйрө, тоо-таштар менен талаа-түздөр. А.Осмонов ошону поэтикалык персонификациялап, кадимкидей тирүү жан, жарыкчылыктагы эң кымбат, эң ыйык, эң улуу, эч качан кыйгыс, бирден бир сыйынып урматтап, жашоо мазмунум, өмүр тагдырым деп санаган адамына айлантып алып, жүрөгүнө жүрөгүн тыңшатып туруп, агынан жарылып сүйлөшүп, эч кимге ыраа көрбөгөн асыл сырларын ишенип айтып, бизди да ошого табигый түрдө ишендирип алууга жетишкен. Сен да жер-суу менен өз энең, же эң жакшы көргөн балаң кылып ачылышып каласың. Акындын акындык күчү -- таап алган сыйкырдуу ойду жылаңач схемалабай, эстетикалык туйгунун керемети менен табигый гармонияга келтирип бергендигинде. Ошол туюнтманын баарын А.Осмонов бүткүл акындык тулкусунун түпкүрүнөн тутантып, бүткүл акыл, сезимдин ашташкан кайнооруна буулантып, жаркыган жылуулук чачтырып алып чыккан. Жалпыга маалым чындыктан жаңылык ачуунун, ага жүз марталап кайталап таптап өтүп турушкан таанымал кашка жолду таптакыр жаңыртып басып, өзүнчө башка жол салып, кирүүнүн классикалык үлгүсүн тартуулаган”. (Даутов К. Тереңдиктер жана бийиктиктер. – Фрунзе, “Адабият”, 1991, 263-64-беттер). Мына ушинтип, мурдатан ырдала келген Ата-журт темасын жазганда Алыкул көнүмүш даңгыр жолду таптабай, өзүнүн жеке чыйырын салып өткөн.
А.Осмоновдун “Ата журт” ырынын идеялык-эстетикалык маани-маңызын, айырмалуу өзгөчөлүгүн, тереңдигин, жаңылыгын, Ата журт деп соккон акындык жүрөктүн ажайып сүйүүсүн мынчалык деңгээлде таасын мүнөздөп берүү буга чейин кыргыз сынында, адабият таануусунда кезиккен эмес эле. К.Даутовдун сынчылык көрөгөчтүгүнө жана тереңдикти кылдат сезген табитине баракелде. Бул талдоону биз К.Даутовдун “Ата-журт” ырын ачышы дээр элек. Кадыркул Даутовго улай төмөнкү пикирди кошумчаламакпыс. “Ата журт” ырында А.Осмонов өзүн сейрек талант катары гана эмес, даанышман катары да көрсөткөн. Акын бу дүйнөнүн татаалдыгын, турмуш деген Чернышевский айткандай, “Невск проспектисинин түптүз кеткен тротуары эмес” экендигин көрүп турат. Ошон үчүн акындын көңүл түпкүрүнөн “Жолуң алыс, жылуу кийин үшүрсүң, кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп. Суугуңду өз мойнума алайын, жол карайын, токтой турчу Ата журт” деген тынчсызданган саптар чыгып жатат. Акын “Ата журтту” демейдегидей салтанат-шаң менен жазган жок. Ошо кездеги кээ бир коммунистик утопияга ишенгендер Ленин, Сталин аталарыбыз Ата журт үчүн даңгыр жолду жаркыратып чаап койбоду беле? А.Осмоновдун партиябыздын жол башчылары чапкан жолго ишенбегенсип, “Жолуң алыс, жылуу кийин үшүрсүң, кыш да катуу бороон улуп, кар уруп” деген пас маанайы кандай, “жол карайын” деген эмнеси, жолду партиябыз карабады беле (?) деп акынга шектүү да караса керек. Ал эми акын-диалектик А.Осмонов үчүн бул оомал-төкмөл дүйнөдө жеке адам да, Ата журт да, эч ким кыйратып кетчү кырсыктан, кыйын-кезеңден, тагдырдын кыянатчылыктарынан гарантияланган эмес. Ошон үчүн жол караш керек. Жол карайын деген бул даанышмандык да. Көптөр жол карабай эле “Ата журт” деп кыйкырып отурбайбы. Бүгүнкү “устаранын мизинде оодарылган” (Арстанбек) заманда, глобалдашуунун шарттарында мекенибиздин, улутубуздун тагдыры кандай, күчтүү постиндустриалдык державалардын алкымына оп тартылып кетпейбизби? Улутубуз, тилибиз сакталып калабы? “Жол карайын токтой турчу Ата журт” деп мекенчил атуулдарыбыз Алыкулчасынан алды жакка кайгуул салып, санааркап ойлонуп турушат го.
Алыкул 21-кылымда Ата журту менен кошо жашап, алды жакка чалгын салып, буудан болуп таскак салып баратат. Анан калса, “Ата журттун” эстетикасын дагы бир карап өтөлүчү. А.Осмонов Ата журтту баарлаша турган тирүү жанга айландырып, искусстводогу көркөм шаттуулук ыкмасын кылдат пайдаланган. “Жолуң алыс, жылуу кийин” деген сөздөр сапарга чыгып жаткан баласына бир боор ата-эненин жан мээримин төгүп айткан сөзүндөй сезилет. Искусстводо кыйкырып айткан сөзгө караганда, акырын шыбырап айтылган сөз алда канча таасирдүү деген ой ырасында, акыйкат белем! Алыкул “ураасы” жок эле, “жолуң алыс, жылуу кийин” деген акырын чыккан үнү жана сөзү менен эле Ата журтка болгон уулдук сүйүүсүн, жүрөк мээримин жарыя кылып койгон. Анан кантип Алыкулду ыр токуунун устаты, поэзия чебери дебейсиң. Орус адабиятчысы Зелинскийдин айткан сөзү туура: “Чыңгыз Айтматов прозада кандай новатор болсо, Алыкул Осмонов да поэзияда ошондой роль ойногон”.
"Азия Ньюс" гезити











