Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: «Режиссер Руслан Акун улуттук дөөлөттөрдү эмес, исламды даңазалаган»

Аскар Медетов: «Режиссер Руслан Акун улуттук дөөлөттөрдү эмес, исламды даңазалаган»

25-март, 09:00
274 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти менен маек.

-- Аске, «Бейиш эненин таманында» фильми күтүлбөгөн окуя болду го. Кино 20 күндөн бери коюлуп жатат, дагы деле кире албай жүргөн эл көп экен, буга карата кандай пикириң бар?

-- Руслан Акун бир топ көркөм фильмдерди тартып такшалды, азыр аншлаг менен жүрүп жаткан лентасы анын режиссер катары жетилип келатканынан кабар берип турат. Эң негизгиси, провинциалдык деңгээлде жүрө бербей Америкага барып, кино искусствосу боюнча билимин тереңдетип келгени жакшы болуптур. Ошол алган билимин тажрыйба менен айкалыштырып, жигердүү чыгармачылыкта иштеп жаткан кези да. Мурдагы заманды алсак, режиссёрлор Москванын кино мектебинен билим алышчу эле, эгемендик жылдарында жаштарда андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Ошол кенемтени Руслан чет жерден кесиптик билимин тереңдетип толтурган экен, анысы массага багышталган кино ленталарынан ачык эле байкалып турат.

-- Бу технологиялык доордо Меккеге жөө барган киши реалдуу турмушта болгонбу деги?

-- Азыркы күндө Кыргызстандан жөө-жалаңдап ажыга жөнөгөн киши катталбаптыр. Чыгыш Европадагы Босниядан бир киши, Россияда гастарбайтер болуп жургөн бир тажик жараны да ошол жактан жөө барган экен. Демек, бул турмушта боло жүргөн эле көрүнүш.

-- Алардын ушундай «эрдигин» даңазалаган фильм тартылган бекен?

-- Жок, фильм тартылган эмес, бирок учурунда ЖМКда кеңири чагылдырылган.

-- Кыргыз элине дүрбөлөң салган бул сенсациялуу фильм тууралуу сөзгө өтөлү…

-- Мени бул киного байланыштуу эки нерсе таңкалтырды. Биринчиси, демейде бир да фильмдин презентациясынан көрүнбөгөн экс-муфтийлер, ажылар, кожо-молдолор, эшен-калпалар, таксырлар, сопулар, жамааттардын презентацияга түп көтөрүлө көчүп келгени. Ушундан улам ойлоп калдым, бул фильмдин жаралышына молдокелердин салымы бар го, же аларга тасманын диний мазмуну тууралуу кабар алдын ала берилген. Экинчи таңкалганым, эгемендүүлүк жылдарында көп эле фильм тартылды, мисалы, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров сыяктуу режиссерлор чыкты, бирок алардын бир да фильми мынчалык аншлаг болгон эмес. Бул лента кассалык фильм катары каржылык киреше алуу жагынан кыргыз киносунун тарыхында рекорд койду. Эми ушул жогоруда айтылган эки маселенин тегерегинде сөз кылып көрөлү.

-- Азыркы учурда Кыргызстанда Бишкек, Оштон башка 31 шаар, 9 шаар тибиндеги поселок, 1941 кыштак бар болсо, аларда 3436 мечит, 122 медресе иштеп жатат. Бул фактыга кандай дейсиң?

-- Мечиттер шарияттын укуктук жана моралдык-этикалык нормаларын элге жайылта турган, коомду исламга мобилизациялап, диний саясатты жүргүзө турган борборлор да. Жума намазында мечитте даават айткан молдолор идеалдуу ислам коомун куруу, жер жүзүндө Алланын башкаруусун орнотуу, Аллага баш көтөрбөй кызмат кылуусун момун мусулмандардын кулагына куюп жатышпайбы. Ушунун баары ислам идеологиясы да. Китеп палатасынын маалыматы боюнча өлкөбүздө жылына төрт жүздүн тегерегинде китеп жарык көрөт, анын 70 пайызы ислам дини темасындагы китептер. Азыр жалаң диний багыттагы китептерди чыгарган басмаканалар, аларды таратып саткан дүкөндөр иштеп жатат. Демек, ислам динин жайылтууга, пропагандалоого чет өлкөдөн чоң каржылоо келип жатканын айкындап турат. 

Фильмдин алгачкы аталышы бекеринен «Хадж» деп аталган эмес. Анткени, фильм башынан аягына чейин диний идеологияга сугарылган. «Марал» радиосуна берген интервьюсунда журналисттин «Тасманы көргөндө эл кандай сабак алат?» деген суроосуна режиссер Руслан Акун: «Бири-бирибизге жакшылык кылалы, боорукер бололу» деген түшүнүктөр бар. Баарыбыз үчүн Жараткандын алдына бара турган күн келет. Жооп бере ала тургандай жашашыбыз керек» деп фильмдин негизги идеясын, квинтэссенциясын ачып берген. Режиссер ислам дининин маңызын түзгөн идеяларды синонимдер менен айтып жатат… Калп айтканды билбеген, адилетти сүйгөн, боорукер, колу ачык, күнөөсү жок, наристедей таза оорукчан бала Адил ошол исламдын идеалдарын алып жүргөн каарман болуп жатпайбы. Кинонун каармандары түштүк жергесинен алыскы Арабстанга ажылык узак сапарга жөө аттанып жатышат. Фильмде башка жер, бөтөн элдеги бейтааныш мусулман бир туугандардын жардамы менен (Сирияда көргөн кыйынчылыктарын эске албаганда) Адил энеси экөө жети өлкөнү оңой эле кезип өтүштү. Ушунун өзү ислам дини улуттарды, мамлекеттерди тааныбай турган космополиттик дин экенин каңкуулап турат. «Мамлекет, улут ислам үчүн эч кандай мааниге ээ эмес, эң негизгиси, мусулман болуш керек» деген насыйкат бар. Фильм ачык эле ислам идеологиясын жайылтып, элди үгүттөгөн тасма болуп калган. Ошон үчүн фильмдин презентациясына кожо-молдолор көчүп келген тура, көрсө. 

-- Депутат Нуржигит Кадырбеков фильм кинотеатрларда коюла электе эле мактады го…

-- Ооба, Кадырбековдун ал интервьюсун мен да уктум. Илгери илимдер академиясында диссертацияга талкуу болуп жатса, бир аалым «окубасам деле оюмду айтып коёюн» деп озунганда маселеге принципиалдуу караган академик Болот Юнусалиев «окубасаң кантип оюңду айтасың?» деп сөз бербей, тыйып койгон экен. Анын сыңарындай, колу Коконго, буту Букарга жетип турган, динчилдердин арасында айрыкча абройго ээ болгон депутаттын мунусу осол иш деңизчи, бирок, өзүн окумал, маданияттуу катары эсептеген Нуржигиттин тасманы көрбөй туруп эле идеяларын мактап пикир айтканы «өзүм билемдик» эмес, болжолу анын күн мурунтан картина менен тааныштыгы болсо керек, себеби, режиссер менен ал диний көз караш жагынан алганда пикирлеш, санаалаш да…

-- Бул кино жалаң эле динчилдерди эмес, элдин баарын өзүнө магниттей тартып жатпайбы…

-- Жогоруда Руслан Акун Америкадан билим алганын сөз кылбадыкпы. Ал кино тартуунун голливуддук усулдарын эле эмес, кино продукцияны көрөрманга жеткирүү, товар катары сатып өткөрүү жагын да жакшы өздөштүргөн. Фильм эптүүлүк менен пиар болду, маркетинг коммуникациясы да жакшы уюштурулду, тынбай реклама жүрдү. Ушунун бардыгы тасманын көрүүчүлөрүн өзүнө тартып, дегдетип, эңсетип, шайтандай азгырып, кинотеатрга ашыктырды да...

Эми фильмдин өзүнө келе турган болсок, тасмада турмуштук татаал көрүнүштөрдү жөнөкөйлөштүрүп, карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жаап-жашырып, жонуп-түзөп, жасалгалап Голливуддун калың элге багышталган «кыялдар фабрикаларындай» эле «ислам биримдигин» идеялизациялаган. Эне менен баланын ортосундагы эң аялуу сезимдерди эмоциялуу сентименталдык мотивдер менен берип, элдин баары жашып, көз жашын төгүп, шолоктоп жатканы ошондон. Эң өкүнүчтүүсү, бул тасмада окуяны чиелеништирип, каармандардын көз караштарынын кагылышуусуна алып келе турган, мүнөзүн ачып бере турган терең конфликт жок. Фильмде бардык маселелер жеңил-желпи чечилет, момун мусулмандардын бир тууганчылыгынын «сыйкыры» менен бардык тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды тез эле жеңип, максатка оңой гана жетишет. Фильмдин аншлаг менен жүрүшүнүн дагы бир себеби, ислам дининин идеологиясын даңазалаган тасмага карата элдин болгон кызыгуусу күчтүү экен, анткени, бул кыргыз коомуна ислам кеңири жайылганын, үстөмдүгүн далилдеп турат. Фильм коммерциялык максатта тартылган. Негизинен сырткы эффекттерге, окуялуулукка негизделген, жөнөкөй, кызыктуу, көрөрмандарга эмоционалдык таасир берүүгө багытталган. Мунун бардыгы массага багытталган тасманын белгиси. Көрөрманды ойго сала турган терең мазмун жок. Режиссердун бир актуалдуу социалдык маселе коюп, аны чечмелөөгө ниетсиз, реалдуулук менен эсептешпейт. Кызыктуу окуялар биринен сала бири жоктон бар болуп турат. Фильмде колдонулган жети башка жерден тартылган экзотикалуу эпизоддор жомок сыяктуу берилген, мында көркөмдүк милдет аткарбаган каармандар бир көрүнүп жок болот, бөтөн жерлер натурализм менен иллюстрация катары көрсөтүлүп жатканда фильмдин мазумунуна айкалышпаган даяр музыкалар жаңырып, тасманын чулу концепиясы жок экенин кашкайтып көрсөтөт. Тасмада нукура көркөм синтездөөгө караганда натурализм менен берилген патетикалуу эпизоддор басымдуулук кылат. Момун мусулмандардын бир тууганчылыгы, биримдиги идеализацияланып, ал бардыгынан жогору коюлган. Ушул мусулман бир тууганчылыгы көрөрманды турмуштун катаал реалдуулугунан алыстатып, азгырмалуу иллюзияларга жетелейт. Бул албетте, голливуддук «кыялдар фабиркасынын» белгиси, элди шайтандай азгырган бул лента ушул сапаты менен массалык маданияттын туундусу экенин кашкайта далилдеп турат.

Актёр Эмил Эсеналиев башкы каарман – оорулуу баланын сырткы көрүнүшүн, сөлөкөтүн эле ойноп жатат, ички дүйнөсү, психологиясы ачылбаган бойдон калган. Чыгарманын сюжетинде автор да, молдолор да байкабаган бир жагдай бар. Жаш кыз никесиз төрөлгөн баланы Бекетте бейтааныш аялга таштаган. Бул мусулманчлыкка жат көрүнүш. Негизги конфликт ошол драмада жатат. Бирок режиссер ажылык окуясынын артынан кууп, «мусулман биримдиги» идеясын чагылдыруу максатын көздөп, каармандын трагедиялуу тагдырын, адам өмүрүнүн субстанциясын, инсандык табиятынын экзистенциясын изилдей турган сюжеттик негизги бутакты «садага» чаап салган…

Режиссердун айтымында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров фильмди каржылоо менен «исламдын идеологиясын даңазалап, жайылт» деген көрсөтмө деле бербептир. Тилекке каршы, режиссер өзү исламга берилгени үчүн тасмада мусулман баалуулуктарын даңазалап, кыргыздын улуттук дөөлөттөрү, элдин биримдиги, мекенди сүйүү, коргоо деген сыяктуу патриоттук идеяларды көмүскөдө калтырган. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер