Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров: “Илдеттен тартипти сактоо менен гана арыла алабыз”

Төрөбай Зулпукаров: “Илдеттен тартипти сактоо менен гана арыла алабыз”

25-март, 14:30
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төрөбай мырза, бир топ шаарларга, район, айылдарга өзгөчө абал киргизилди. Өкмөт бул илдеттен коргонуу боюнча дагы кандай чараларды көрүүгө тийиш?

-- Бул жалгыз эле өкмөттүн иши эмес. Жалпы бийлик бутактары, эл, коомчулук бири-бирибизди түшүнүп, биргеликте күрөшүшүбүз керек. Мына, коронавирус чыкканына жетимиш күндөй болуптур. Акыркы күндөрү өтө катуу тараганы сезилүүдө. Эки айдын ичинде бул илдетти жүз миң киши жуктурган болсо, акыркы эле төрт күндө дагы жүз миң киши жуктуруп атат. Эми ушул темпте кете турган болсо, элестетип көрүңүз! Ошон үчүн элге түшүндүрүшүбүз керек. Алардын бири-бири менен болгон жолугушууларын мүмкүн болушунча азайтуу зарыл. Бүт дүйнөдөгү медицина тармагындагы атактуу адамдар көчөгө чыкпай, үйдө отурууга чакырып жатышат. Алардын кеңешине кулак түрүп, чыдап отуруп койсок жакшы болот. Жолугушуп калганда да кол алышпай, алыстан сүйлөшүп, медиктер койгон талаптарды так аткарууга аракет кылуу кажет. Кытай эпидемияны ушул жол менен жеңди. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер