Бүгүн күзгүдөн өзүмдү көрүп алып, аябай ыйладым
Менин эки балам бар. Бири айыкса бири ооруп, азап тартып келем. Каралашкан адам жок. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, мындайда күйөөңдүн колдоосу чоң жардам болот экен. Тескерисинче, “түшкө чейин уктайсың” деп менден кыйкым издегени издеген. Иштен келип курсагын тойгузат да, жаздыгын көтөрүп алып башка бөлмөгө жөнөйт. Бошураак убактысы болсо досторуна жөнөйт. Удаа төрөлгөн балдарымдын улам тумоологону мени депрессияга кабылтты. Жөндөп жууна албай, же жыргатып тамактанбастан, түнү менен уктабай көздөрүм шишип жүрөм. Бүгүн күзгүдөн өзүмдү карап алып, көпкө ыйладым. Бул менин өз жүзүмө эмес, бүгүнкү жашоомдун кебетесине. Балдарыма ойдогудай дары, витаминдерин, тамактарын алып бере албай, ооз ачсаң буркулдаган күйөөмдүн ачуу сөздөрү жүрөгүмө тийип ыйлап отурам. Эркектер, башканы коюп, үй-бүлөңөрдү, балдарыңарды тыңдап караганды үйрөнгүлөчү?!
Бактыгүл
"Азия Ньюс" гезити