Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам”

“Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам”

11-май, 18:13
1 008 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Суперстандын” “Жүрөк сыры” бөлүмүнө “Күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып, өзүмдү кылмышкер сезип жатам” деген аталыштагы окуя жарыяланган.

“Күйөөм мени төрт балам менен эч нерседен кем кылбай багып келет. Чүрпөлөрүм али кичине. Мен убактылуу үй кожойкесимин. Күйөөм экөөбүз ынтымактуу жашаганыбыз менен ал бир келинди сүйүп калгандыгын жашырбай эле айтты. Эгерде мен уруксат берсем, экинчи кылып алгысы бар. Мен кайдан уруксат бермек элем? Каршы болдум. Кайненем, кайын сиңдилерим да каршы болушту. Ошентип күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыраттым. Азыр күйөөм анысы менен жолугабы, билбейм. Бирок күйөөмдүн ичинен сызып, аны эстеп, аттиң кылганын көрүп, өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Бир оюм бекер кылдымбы жайына койбой десе, бир оюм балдарымдын, өзүмдүн бактым үчүн күрөштүм дейт. 

Достор, мен күйөөмдү сүйгөнүнөн ажыратып туура кылдымбы? Кээде өзүмдү кылмышкердей сезип кетчү болдум”.

Пикирлер: Сен кимсиң уруксат бербегидей? Төрт балаң менен жакшы багып атыптыр, экинчисин алганга сенин жана тууган-уругуңдуң уруксатынын кереги жок. Аны күйөөң өзү чечет, өзү жооп берет, сен жооп бербейсиң ага”;

Башында эле каршы болуп туура кылыптырсың. Антпесе эки аял менен жашагандан кийин балдарга да залакасы тийет. Андай сүйүүлөр боло берет жана болуп келген. Ата-эне балдарга үлгү болот;

Кетем деген эркек кетет, аны токтотуш кыйын. Ал келинди үй-бүлөсүнөн да артык көрсө, кош бол деп узатып жибериңиз. Сүйүү, ынтымак жок үй-бүлө жок.

Супер кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер