Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайненемдин кара дуба жазылган тумарларын таптым, чечмелетсемби?..

Кайненемдин кара дуба жазылган тумарларын таптым, чечмелетсемби?..

01-февраль, 12:58
2 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиздер менен жашыруун сырымды бөлүшүп отурам. Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. 20 жашымда баёо сезимим менен келин болуп келдим. Мен келгенде жолдошумдун бир туугандарынын баары үйлөнүп-жайланып калышкан. Жолдошумдун кичүү иниси бар. Биз өзүнчө бөлүнүп кетмекпиз, бирок төрт жыл чогуу жашап, көрбөгөн күндү көрдүм. Жолдошум аябай чечкиндүү, бирок “келин деген ушундай болот экен” деп жүрө берипмин.  Мурун жаштыкка салып, эч нерсеге маани берчү эмес экем. Азыр биле баштадым. Кайним үйлөнүп, биз азыр өзүнчө жашайбыз. 

Бир жолу кичүү абысынымдыкына барсам, үйүн жыйнап жатыптыр. Анан коробканын ичинен кара дуба окутулган үч тумар көрдүм. Мен ал тумарларды алып алдым, азыр жанымда. Бул тумарлар бирөөгө сөзсүз зыянын тийгизерин билем. Мунун баарын кайненем жасайт. Анын ичинде башкача жазуулар бар экен. Бирок азыркы учурда “берсемби же ичин окутуп чечмелетсемби?” деп жүрөм. Мен аябай коркуп атам, ушундай шум кайнене, шум үй-бүлөгө келин болуп келипмин. Аларды көргөндө калтырак басып, көпкө чейин кыйналчу болдум.

Алтынай

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер