Биздин сүйүү аябай күчтүү эле, тагдыр экен, экөөбүздүн жолубуз бир болбоду...
Канча жыл өттү, сени элестетип турган жерлер, буюм, сөздөр... Анан кылыктар эске түшөт. Күлгөнүң, жиниңдин келгени кантип балдарыма жугуп калганын билбейм. Азыр жакшы жашоо куруп жашап келебиз, Кудайга шүгүр айтам. Бирок ушу сени унута албадым, эстебей калсам, түшүмө кирип эстетип турасың. Билем, биздин сүйүү аябай күчтүү эле. Турмуш, тагдыр экен, экөөбүздүн жолубуз бир болбоду. Сен башка, мен башка менен кол кармаштык.
“Эки жүрөк катуу сүйсө, бирин бири алыстан сезип турат” дешет, балким чындык. А мен да сенин түшүңө кирсем керек, билбейм. Сен да мени көп сурап, эстеп каларыңды угуп жүрөм. Бактылуу болушуңду тилейм. Эмнегедир түшүмө көп кире бересиң. Билбейм. Сурай албайм.
Ал убакта башкача сүйүү башыбыздан өтчү. Минтип өмүр бою жүрөк жаралап келет. Бир гана бакыт тилейм. Жарык дүйнөдө бар экендигиң эле мага чоң бакыт.
Альбина
"Азия Ньюс" гезити