Тогуз балама карабай жаш жигит колумду сурады, бактылуумун...


Мен күйөөм менен 20 жыл жашадым. Бала кезден эле “бактылуу үй-бүлө болом” деген кыялым бар эле. Жокко да көндүк, барга да шүгүр айттык. Бактылуу учурларыбыз көп болду, чогуу күлүп, чогуу тагдырга тизе бүктүк. Кудайымдын мээрими менен тогуз балалуу болдук. 5 уул, 4 кыз -- алар менин жашоомдун тиреги, үмүтүм, демим.
Бирок убакыт өткөн сайын турмушубуз оорлоп, күйөөм ичкликке берлип кетти. Акыры ажырашып тындык.
Үч жыл өттү. Азыр өзүмдү карап калдым. Жашоону кайрадан баштадым. Эч ким ишенбейт: “тогуз балаң барбы, жаш көрүнөсүң” деп таң калышат. Жакында кызымды узатып, неберелүү болдум. Тойго атасын чакырдык. Келбеди. "Балким, азыркы аялы жибербегендир" деп өзүмдү соороттум. Таарыныч да, түшүнүү да аралаш ошондо бир боздоп алдым.
Тагдырымдын андан да кызыктуусу тогуз балам бар экенин билип туруп үйлөнө элек өзүмдөн жаш бала колумду сурап, макулдугумду бердим. Азыр турмушум ойдогудай. Эми күйөөм “төрөп бер” деп бала күтүп жүрөт. Бирок дагы бир ирет эне болуу бактысы болобу болбойбу белгисиз...











