Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сарыбашов менен Мураталиевдин жасалма дипломдору текшерилеби?

Сарыбашов менен Мураталиевдин жасалма дипломдору текшерилеби?

26-июль, 22:03
375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Көз боёмочулук көпкө узабайт. Жасалма дипломдору ачыкталган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов БШК тарабынан мандаттарынан ажыратылды. Ансыз да аброю кеткен Жогорку Кеңеш кепке кемтик эмеспи. Андыктан, мындан ары да тазалануу уланышы керек. Буга чейин маалым болгондой, Таалайбек Сарыбашов менен Марат Мураталиевдин да дипломдору жасалма беле? ЖМКларга далай ирет жазылды. “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Тийешелүү органдар экөөнүн өткөн чагын дыкат иликтөөгө алышса, “иттин өлүгү” саңырсып чыгабы? Окубай эле дипломдорду сатып алуу коомчулук үчүн жат көрүнүш. Аныгында кылмыш, уят! Натыйжада, ИИМ же УКМК Сарыбашов менен Мураталиевдин кайсы жылдары ЖОЖдордо окуганына кызыкса, архивдик документтерди көтөрүшсө эле былыктары чубала баштаса керек. Экөө тең группалаштарын, кураторун, окуткан мугалимдерин айта албай отурушса, анан кантип шектенбейсиң? Мамлекеттик жогорку кызмат буларга кор болгондой “малкана” эмес да, туурабы? Эмесе, сары издерине түшүүгө мезгил келди. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер