Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков, генерал: “Биз коррупциялашкан, авторитардык өлкө катары таанылдык”

Исмаил Исаков, генерал: “Биз коррупциялашкан, авторитардык өлкө катары таанылдык”

29-апрель, 19:30
821 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исмаил Исакович, өкмөткө, өзгөчө парламентке сын-пикирлер айтылып, күчөп келет. Тарап кетишсе пайдасы канчалык?

-- Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн, албетте, парламенттин же өкмөттүн тарашы же кетиши эмес, алардын ырааттуу иштеши жана аракеттери өтө маанилүү. Учурдагы кээ бир багыттардагы аткарылып жаткан иштер да бар. Мисалы, өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча коррупцияга жана кылмыштуу топко каршы күрөш жалпысынан ырааттуу эле кетүүдө. Тилекке каршы, аткарылып жаткан алгылыктуу иштер, президент Садыр мырза менен УКМК жетекчиси КамчыбекТашиевдин чечкиндүү аракеттеринин негизинде болгону бир жагынан кубандырса, экинчи жагынан бийлик бутактарынын жана анын кызмат адамдарынын системалык, укуктук негиз менен бирдиктүү аракеттеринен болбогондугу өкүндүрөт. Ошондуктан, жарандарыбыздын басымдуу көпчүлүгү бардык эле бийлик бутактарына өзгөчө кээ бир министрлерге, тергөө, прокуратура, укук коргоо органдары менен сот бийлигине нааразы. Аларга койгон дооматтары орундуу. Мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөй албаган, аткаруу бийликтин кээ бир органдарынын өзүм билемдиктерин мыйзам чегинде ооздуктоого кудурети жетпеген, шайлоочуларынын мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин коргой албаган жана кээ бир депутаттардын кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланыштарынын ачыкталышына байланыштуу коом парламентке дагы нааразы. Нааразычылыктар менен дооматтарды жана кетирилген кемчиликтерди негиз кылып, мөөнөттөрүнүн жарымынан көбү өтүп кеткенден кийин алардын таркап кетишин талап кылуу, андан кийин жаңы шайлоо өткөрүп, ага эбегейсиз акча коротуп, аты-жөнү гана өзгөрүлгөн депутаттарды алып келүүдөн, “шибегени самынга” дегенден принципиалдуу эч нерсе өзгөрбөйт. Ушуга байланыштуу алардын таркашынын кажети жок деп эсептейм.

-- Айрым жогорку бийлик бутактарындагы жетекчилердин алмашуусуна кандай карайсыз?

-- Аткаруу бийлиги боюнча, министр Ташматтын ордуна Бекматтын келгени менен деле баары бир элдин мүдөөсү канааттандырылбайт. Ансыз деле өкмөт мүчөлөрү мурда болуп көрбөгөндөй алмашылып жатат. Мисалы, башкы прокурор тарабынан жети эпизод менен козголгон кылмыш ишине карабай “аны жеңип”, же анысы же өзү кетпей, “ызы-чуудан” кийин кайра ордуна келген үчүнчү саламаттык сактоо министри дагы “чуулгандуу” майданда башкы каарман. Төртүнчү болуп келген энергетика министри майнинг компаниялардын саны боюнча “30-катталган” десе, анын орун басары “25-катталган” деп, ТЭЦтеги авариянын алдын алгандын ордуна келгенден бери эсеп-кысабын тактай албай “кыйналууда...”. Алтынчы болуп келген билим берүү министрлигинде акыбал оңолдубу? Мурунку министрлик учурда коом менен эсептешпей, адистердин жана эксперттердин пикирлерин эске албай, анын оң-терс жактарын иликтеп, анализдебей туруп эле “15-сентябрдан окуу процессин баштасак жыргайбыз” дешти эле, жыргадыкпы? Эми ошондой эле жол менен 12 жылдык окуу процессине өтүүгө багыт алыппыз... 12 жылдык окууга программалар түзүлдүбү? Маселе коомдук талкууга чыктыбы? Азыркы программа боюнча окуу китептер 50-67,5% араң камсыз болсо, калгандары качан басылып чыгат? Жетпеген китептерге, кошумча жаңыдан басылып чыгарыла турган китептерге канча каражат кетет? Качан каражат бөлүнөт? Кыскасы, маселе бүдөмүк жана толгонокой, мурда баскан тырмоочту кайта эле басмай...

-- Акылбек Жапаров боюнча учкай пикириңизди айта кетсеңиз?

-- Албетте, президент Садыр мырза менен УКМК төрагасы Камчыбек мырза коррупция менен кылмыштуу топко каршы болуп көрбөгөндөй күрөшүп жаткан учурда министрлер кабинетинин төрагасы аларды ыңгайсыз абалда калтырбоо максатта “мындан ары кызматымда калууга моралдык укугум жок” деп өз ыктыяры менен кетип калса дурус эле болмок. Болбосо “бармак басты, көз кысты” дегендей болуп, “күрөшүүнүн” натыйжалуулугу күмөндүү болуп калат. Ушундай акыбалыбызда өлкөбүз өнүккөн өлкөлөрдөй бардык тараптан дүркүрөп өсүп кетпейт, мыйзамдардын аткарылышы, жарандардын укуктары менен эркиндиктери баары бир толук кандуу камсыз кылынбайт, сот адилеттиги жүзөгө ашып, адилеттүү болуп калбайт, күнүмдүк товарлардын жана дары-дармектердин асманга чыккан баалары төмөндөп жерге түшпөйт... 

-- Сөзүңүзгө аралжы, түпкүлүгүндө биз кандай багыт алдык?

-- Алсак, кетирилген каталардан башка көйгөйлөрдүн түпкү тамыры, маселенин туура чечилиши жана аткарылышы Башмыйзамда бекитилген бийлик системасынын түзүлүшүнө жана ааламдашкан замандагы ички-тышкы объективдүү жагдайларга дагы байланыштуу жана көз каранды. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

1. Бийликтин абсолюттук бир колго топтолгону. Бийлик бутактарынын ортосундагы чектөө жана каршы салмактуулук системасынын жоктугу (отсутствует системы сдержек и противовесов). Жалпак тил менен айтканда, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук, бири-биринин тизгинин тарта турган механизимдердин жоктугу. Мындайча айтканда, тизгини жок аттай. Кайда барат, качан токтойт – өзү билет дегендей...

2. Мамлекеттик органдарда кызмат өтөп жаткан чиновниктердин жана депутаттардын кызматтарына ылайык билимдеринин квалификацияларынын жоктугу жана жогорулатпаганы, кызматты тепкич-тепкич менен басып өтпөгөндүктөрү жана тажрыйбаларынын жетиштүү эместиги. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз бекеринен айтылган эмес.

3. Досуңду көргөз, мен сенин ким экениңди айтам” дегендей, биз биримдикке кирип, алака кылган өлкөлөрдүн дүйнөдөгү орду жана алардын өнүгүү багыттары, алардын таасири эбегейсиз зор. Аны баарыбыз күн сайын сезип жатабыз. Эл аралык “Трансперенси Интернэшнл” уюмунун 2023-жылдын иликтөө жыйынтыгы боюнча коррупция менен демократиянын индекстерине көз салсак, коррупция боюнча 180 өлкөдөн Россия эң коррупциялашкан өлкө катары алдыңкы он өлкөнүн бешинчи орунунда турат. Беларусь 98, Казакстан 93-болуп, баары коррупциялашкан өлкөлөргө кирсе, демократия индекси боюнча 167 өлкөдөн Белорусь 141, Казакстан 139, Россия 134-орунду ээлеп, автократия, авторитардык өлкө экендиги тастыкталды. Коңшуларыбыз коррупция боюнча Өзбекстан 121-орун, Тажикстан 162-орун, демократия индекси боюнча Өзбекстан 157-орун, Тажикстан 160-орунду ээлешип, биздин уюмдагыдай коррупциялашкан жана авторитардык өлкө болуп чыкты. Бул өлкөлөрдө жарандардын укуктары менен эркиндиктери камсыз кылынбайт. Жарандык коом менен сөз эркиндигине басым күчөп, жабык коомго айлануусу аз келгенсип, ар тараптан экономикалык, саясый санкцияга кириптер болушууда. Досторубуз менен коңшуларыбыз кандай болсо, биз дагы коррупция боюнча 141-орунду, демократиянын индекси боюнча 101-орунду, саясый жана жарандык эркиндик боюнча (Freedom House) 159-орунду ээлеп, болуп көрбөгөндөй күрөшкө карабай коррупциялашкан, авторитардык жана эркин эмес өлкө (!) деп таанылып, Конституцияда бекитилген демократиялык багыттан тайганыбыз аныкталды. Армения коррупция боюнча 62-орунда, ал эми демократия индекси боюнча 86-орунду ээлеп, бизге окшоп автократияга жана коррупциялашкан өлкөгө кирбей, өнүккөн өлкөлөр тарапка ыктап, Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмундагы мүчөлүгүн токтотконго багыт алды. 

4. Ата-бабаларыбыз “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп айткандай, бийликтин ушул тараптагы кетирип жаткан каталары.

5. Башмыйзамдын 1-беренесиндеги “Кыргыз Республикасынын эли – эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы” деген түшүнүктүн маңызына маани бербей, бийлик системасындагы негизги орунубузду элибиздин билбегени. Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын кызмат адамдары – болгону элге кызмат кылууга убактылуу биздин салыктын эсебинен жалданган кызмат адамдары экендигин түшүнүп-түшүнбөй “кожоюндай” мамиле кылып, аларды өз ордуна коё албаганыбыз.

Акырында, “жаман айтпай жакшы жок” дегендей, элибиздин пейилинин бузулгандыгынан эки жүздүү, кошоматчы, куйту, паракор, зөөкүр, мансапкор, жеке кызыкчылгын көздөгөн алдамчылар барган сайын көбөйүүдө. Ал эми кара кылды как жарып чындыкты сүйлөгөндөр, адилеттүү жарандар басымда же фейк троллдордун тепкисинде калууда. Буларга кошумча шайлоо учурунда татыктуу талапкерлерди тандоонун ордуна “пендечиликке” берилип, болбогон нерсеге алданып, келечегибизге балта чапканыбызда.

-- Көйгөйлөрүбүздүн тамыры кетирилген каталардан башка бийлик системасын түзүлүшүндө жана сиз айткан жагдайларда болсо, анда эмне кылыш керек? 

-- Орус жазуучусу, окмуштуу, ойчул, революционер-демократ Н.Чернышевский эл арасындагы “эркиндик, теңдик жана жаңы коомдун түзүлүшүнүн принциптери жөнүндө 1890-жылдын аяктарында “Эмне кылыш керек?” (“Что делать?”) деген романын жазган. 1901-1902-жылдары В.Ленин дагы өзүнүн кыймылынын көйгөйлүү маселелери боюнча ошондой ат менен китебин жазып, көйгөйлүү маселелердин бири катары сындын эркиндигине жана сынга көңүл бурган болчу. Барып-барып революция болуп, СССР деген өлкө пайда болду. Анан ал ыдырап, биз эгемендикке ээ болдук. Эгемендүүлүккө жетишкенден тартып ошол суроонун так жообун таппай, үч төңкөрүштү башыбыздан өткөрүп, ондон ашуун өзгөрүлгөн Башмыйзамды кабыл алдык. Ага карабай “эмне кылыш керек?” деген суроо дагы деле оркоюп чыгууда... Эми сурооңдун жообу боюнча аны деталдаштырып көбөйтпөй, кыскача эле жооп берейин. 

Биринчиден, бийлик бутактарынын, өзгөчө мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосундагы чектөө жана каршы салмактуулук системасын же бири-биринин тизгинин тарта турган механизимдерин Башмыйзамга киргизүү керек. Ал үчүн конституциялык өзгөрүүгө барышыбыз зарыл. Ансыз демократиялык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет декларативдүү түрдө эле болуп кала берет. Бийликтин абсолюттук түрдө бир колдо кармалып турушу аны кармап турган адамга да, мамлекетке жана элге дагы зыянынан башка пайда алып келбейт. Андай бийликти кармап турган өлкө жетекчилеринин жана элинин тагдырын, алардын трагедиясын тастыктаган мисалдар толтура. Ошондуктан бир колдогу хандык, императордук, падышалык бийликтерден кол үзүшүп, демократиялык принциптердин негизинде түзүлгөн бийлик системаларына бекеринен өтүшкөн эмес. Аны тарых дагы тастыктап берет.

Экинчиден, азыркы айыл өкмөттөрдү ирилештирип жаткан реформаны улантып, облустук деңгээлдеги кызматтарды жоюп, район менен шаарларды дагы ирилештирип, аларга кадр жана финансы маселелерин өздөрү чечүүгө мыйзамдуу укуктарды берүү менен шаар башчыларын түз шайлоонун негизинде шайлап алуу, ал эми райондун жетекчилерин райондук кеңештеринин макулдугу менен дайындоо системаларын түзүү. Ошондо гана аткаруу бийлиги мамлекеттик деңгээлдеги иштер менен алек болуп, мыйзамдардын аткарылышына жана стандарттардын сакталышына басым жасап, шаар менен район деңгээлиндеги маселелерди шаар менен райондун жетекчилери эл менен биргелешип чечүүнү өз моюндарына алышат. Бийлик борборлоштурулбай, ар кимдин өзүнүн “кулак сөйкөлөрү” болот. Ошондо гана айылдын, шаардын же райондун көйгөй маселери боюнча жарандарыбыз президентке кайрылгандан баш тартып, президент азыркыдай “башкы өрт өчүргүч” болбой, райондун жана шаардын маселелерине кийлигишпей, стратегиялык маселелерге көбүрөөк көңүл буруп, өз ыйгарым укугунун алкагында гана иштейт. Эң негизгиси, кадрлардын тепкич-тепкич менен өсүшүнө жол ачылып, күчтүү кадрлар резерви пайда болот.

Үчүнчүдөн, сот бийлиги боюнча “сот реформасы деген чапанды” түстөрүн эле өзгөртүп кийгизе берип, “баягы эле баягы, Байгазынын таягы” кылбай, чыныгы реформага баруу керек. Ал үчүн үч тепкичтүү сот системасын түзүү зарыл. Санын азайтып, сапатын жогорулаткан Жогорку сот, анын судьяларын президенттин указы менен дайындоо; апелляциялык соттор, алардын судьяларын Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен дайындоо; жергиликтүү соттор, алардын судьяларын жергиликтүү жетекчилердин сунушунун негизинде райондук жана шаардык кеңештердин макулдугу менен судьялык кызматтарга дайындоо зарыл. Ушундай система сотторду аткаруу бийлигинин жетекчилеринин үстөмдүгүнөн, кийлигишүүлөрүнөн сактайт. Ушундай системада соттор көз каранды болбой, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Сот бийлигинин аброю жогорулап, сотторго болгон ишеним күчөйт. 

Төртүнчүдөн, барып-барып, биз мүчө болгон кээ бир уюмдардан (бирикмелерден) чыгышыбыз дагы абдан маанилүү. Анын ордуна эки тараптуу келишимдин негизинде өзгөчө өнүккөн өлкөлөр менен байланыштарды түзүү жана бекемдөө керек. 

Бешинчиден, баарыбыз пейилибизди оңдоого аракет кылып, чындыкка, адилеттүүлүккө, калыстыкка, мыйзамдуулукка басым жасап, Башмыйзамда бекитилген ордубузга ылайык бийлик бутактарынын кызмат адамдарына конституциялык укуктарыбыз менен эркиндиктерибизди кынтыксыз камсыз кылуулары боюнча мыйзамдуу талаптарыбызды күчөтүү менен өлкөбүздө мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотууга жана ар бир бийлик бутактары өз ыйгарым укуктарын ачык жана так аткарууларына биргелешип аракеттенишибиз зарыл. Ушуларды аткаргандан кийин гана Конституцияда бекитилген демократиялык, укуктук багытыбыздагы тоскоолдуктар алынып, туура багытка бурулганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

-- Ошондо конституциялык реформага барыш керекпи? Сиз айткан принципте бийлик бутактары түзүлсө эле баары оңолуп кетеби?

-- “Эгерде ошондой кадамдарга барсак, эртеси эле оңолуп кетебиз дегенден алысмын, бирок терең ишенем, сөзсүз оңолобуз жана нукура демократиялык өлкө курабыз. Себеби, бир жагынан түзүлгөн система ким, кандай инсан бийликке келбесин, кыйшаюуга жол бербейт. А эгерде аша чапкандар болсо, анда мыйзам чегинде төңкөрүш-мөңкөрүшү, революциясы жок эле ээрден өз ыктыяры менен кызматтан кеткенге түзүлгөн система мажбур кылат. Германия, Швеция, Япония, Түштүк Корея, Түркия жана башка өнүккөн өлкөлөрдүкүндөй система иштейт. Экинчи жагынан, жарандык коом менен массалык маалымат каражаттары рентген сымал баарын көзөмөлдөп, жасалган кыймылдардын баарын элге талдап берет дагы, бийлик менен элге туура чечим кабыл алууларына шарт түзөт. Ушундай принципте түзүлгөн бийлик бутактары туруктуу болуп, анын кызмат адамдарынын бардыгы (биздегидей бир-экөө эмес), мамлекети жана эли үчүн артын караганча ырааттуу иштейт, жакшы аракеттенет. Анын жыйынтыгында, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылынат, жарандык коомго жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө басым-кысым болбойт. Жарандардын экономикалык эркиндиктери жана ишмердүүлүктөрү мамлекет тарабынан колдоого жана коргоого алынат. Медициналык, социалдык жана башка маселелер чечилет, эң негизгиси, бийликтин бир колго ашыкча топтолуп, анын “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемине” жол берилбейт. Өлкөдө укуктун үстөмдүгү орноп, сот адилеттүүлүгү толук кандуу жүзөгө ашырылат дагы, мамлекеттик органдар, алардын кызмат адамдары жана жарандардын баардыгы мыйзам алдында бирдей болуп, бирдей жоопкерчиликти тартат. Ушулардын бардыгы биригип өлкөнүн өнүгүшүнө алып келет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер