Фейсбуктагы политолог достор вирусологго айланышканда...
Арга жогунан
Замирбек Аскаровдон анекдот.
Бирөө даарат кагаз чыгарган фирмага телефон чалат:
-- Кагазыңар канча сом турат?
-- Биздин каталогдун 273-бетин окусаңыз, ошол жерде жазылуу.
-- Эгер менде сиздердин каталог болгондо даарат кагаз алмак эмесмин.
Шартка жараша
Гезиттеги жарыядан: “Гречка, макарон запасы бар жигит кумшекер, күрүч, май запасы бар кыз менен таанышат”.
Ким кимди оңоду?
Клара Сооронкуловадан анекдот.
Бишкектин тургунунун байкоолорунан: “Суракматов мэр болгондон бери башкалаабыз кандай оңолгонун баары эле айтып жүрүшөт. Бирок, мэр болгондон кийин Суракматов өзү кандай оңолгонун эмнегедир эч ким айтпайт”.
Качыр-кучур
Динара Ошурахуновадан анекдот.
Бир келин врачка келип:
-- Доктур, күйөөм кечинде уктап жатканда тишин кычырата берет. Бул эмне, карылыктын белгисиби? - дейт.
-- Жок. Күйөөңүз кечинде жатканда тишин стаканга салып койсо, мына ошол карылыктын белгиси.
Көргөндүн акысы
Фархад Бекмамбетов “Азия Ньюска” жарыя берип атат: “Кечээ Бишкек циркинен бир аюу качып кетти. Ким көргөн болсо циркке келип, 100 сомдон төлөп кетсин”.
Жогунан бер
Абдышүкүр Нарматовдон анекдот.
Бир молдоке тилек кылып атат:
-- О, Жараткан! Адамдарга акыл берчи? Майы, кумшекери, уну ансыз деле бар.
Үнөм
Чыныбай Турсунбековдон анекдот.
Бир сараң үй-бүлө жаңы эле тамактанууга отурушат. Аңгыча беш жаштагы уулу кыйкырып калат:
-- Ата, ата, мен жаңы эле бир чымынды жутуп алдым.
-- Ой, Айша! - дейт анда күйөөсү ашканада жүргөн аялына кайрылып. -- Мукуга тамак куйбай эле кой, эми эле эт жеп алыптыр.
Кымбатым менин
Пархат Түлендибаевден анекдот.
Бир жигит эртең менен пиво ичкенге жөнөп калат.
-- Үйдө эле отурсаң болбойбу? - дейт аялы наалып. -- Сага мен кымбатмынбы, же пиво кымбатпы?
-- Албетте, сен кымбатсың, - дейт анда күйөөсү. -- Пиво сага салыштырмалуу итбекер да.
Тек гана сөөлөт
Жылдыз Жолдошовадан анекдот.
Бир келин күзгүгө каранып атат:
-- Аябай эле толуп кеттимби? -- деп сурайт күйөөсүнөн.
-- Жок, - дейт анда күйөөсү. -- Просто, бараандуу көрүнөсүң.
Туңгуюк
Толкунбек Абдыгуловдон анекдот.
Бир жигит талаада баратса жол экиге бөлүнүп, жолдун кесилишиндеги кара ташта мындай жазуу туруптур: “Сол жакка барсаң атың өлөт. Оң жакка барсаң өзүң өлөсүң. Түз барсаң “каңк“ этип, башың менен ташты сүзөсүң...”
Эсеп так болсун
Күмөндөр Абыловдон анекдот.
Бир жигит курал саткан дүкөнгө келет:
-- Мага револьвер керек эле.
-- Сегиз ок батчубу, же алты ок батчубу?
-- Азыр, бир мүнөт.
Анан телефон чала баштайт:
-- Алло, банкпы? Кечинде канча киши күзөттө турушат?..
Түшүнүксүз көрүнүш
Ильхом Маннановдон анекдот.
Бир депутат өмүрүндө биринчи жолу опера-балет театрына барат. Бир аз угуп отуруп, эчтеке түшүнбөйт.
-- Тиги таяк кармаган неме эмнеге тиги катынды коркутуп атат? - деп сурайт жанында отурган кишиден.
-- Коркуткан жок.
-- Анда тиги катын эмнеге кыйкырып атат?
Эки тамчы суудай
Айсулуу Мамашовадан анекдот.
Бир эгиз кыз курбусунан сурайт:
-- Менин түгөйүмдү көргөн жоксуңбу?
-- Эми эле сурап кетпедиң беле?
Коронавирустун айынан
Марс Сариевдин байкоолорунан: “Мурда менин Фейсбуктагы досторум жалаң политологдор болчу. Азыр болсо жалаң вирусологдор менен таанышып жатам”.
Алыс тууган
Дайырбек Меймановдон анекдот.
Бир жигит жумушка орношкону келет:
-- Жеңиш Кубатов... Токтоңузчу, Жоомарт Кубатов сиздин бир тууганыңыз эмеспи?
-- Ооба, бир тууганым, бирок, алыс тууганым десем да болот.
-- Кандайча?
-- Биз он эки бир тууганбыз. Жоомарт байкем эң улуубуз, а мен эң кенжесимин. Ортобузда он бир тууганыбыз бар.
-- Оу, чын эле алыс турбайбы!
Aryba.kg