Нурланбек Буркановдун эки кызматкери пара алып кармалдыбы?


Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин алдында актанып, кызматкерлери пара албай турганын айткан. Элдин баары эфирден көргөн эле. Анан эмне болду? Чатак! Жакында Ош ОИИБнин баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча кызматкери 40 миң сом кымырганы, Кара-Суу РИИБнин милициясы 3 миң доллар алганы ыраспы? Биз атайын суроо жолдоп атабыз. Себеби, официалдуу маалыматты чыгарышпай, “тумчуктуруп” жатканын айтышты. Кандайдыр бир деңгээлде жаза басышса, анысын жашырып-жабууда мандем барбы? Жергиликтүү кызматкерлер арасында уу-дуу кептер козуп, бизге чейин угулду. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дегендин өзү кооптуу го? Ош ОИИБнин начальниги катары Нурланбек Бурканов жогорудагы биз жолдогон суроолорго жооп кайтара алабы? Кол астындагы өздүк курамдын катарындагылар кыйшайса, мыйзам бузушса жетекчи жооп бериши керек да. Анан калса, Камчыбек Ташиевге да сөз берип, “кызматкерлерим пара албайт” баса белгилеген эле. Айыбы ачылса эңсеген генерал-майорлук чин-даража эмес, тек гана ээлеген креслосунан ооп түшөрү калетсиз. Анүчүн из кууш керек. Аз күндө былыктары дагы ашкереленеби? Шашпай тургула...
"Азия Ньюс" гезити











