Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Жаңжал чыгып кетсе, шайлоонун легитимдүүлүгүнө доо кетет”

Каныбек Осмоналиев: “Жаңжал чыгып кетсе, шайлоонун легитимдүүлүгүнө доо кетет”

24-сентябрь, 19:25
1 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аравандагы акыркы окуялар маанай түшүрдү. Шайлоо адилеттүү өтөрүнө ишеничиңиз калдыбы?

-- Мен баардык жарандар сыяктуу эле 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого чоң үмүт менен карап келдим эле. “Бул сапар эл түшүнүп калды, эми жемин жедирбейт” деген ишеним пайда болгон. Бирок, турмуш өзүнүн ырайымсыздыгын көрсөтүп коёт экен. Карапайым эл түшүндү. Ар-намысына кирип, эми татыктуу депутаттарды тандап алат. Ал эми бийлик ушундай максаттарды көздөп, мыйзамдуу шарттарды түзүп береринен ишеним кетип, аруу тилектер шайлоого жакындаган сайын таш каап бара жаткандай. Мындай пессимисттик ойлорго өлкөбүздөгү акыркы чыр-чатактар түртүп жатат. Кечээги Араванда болгон эки партиянын өкүлдөрүнүн жана алардын жактоочуларынын ырайымсыз мушташы үрөйдү учурду. Мындай тайпалашып алып мушташкан учур жаңы Кыргызстан тарыхында биринчи жолу болуп отурат. Болгондо дагы эки ири жана фаворит делинген партиялардын тарапкерлери. Эмне болуп баратабыз? 

Расмий бийлик менен БШКнын кулагына күмүш сырга! Муну тез аранын ичинде катуу жаза менен токтотуу зарыл! Мындай зөөкүрлүк иштерди XXI кылымдын ортосуна жакындап бара жаткан кезибизде болгону Кыргызстандын эл аралык аброю биротоло төгүлүп бара жатканынан кабар берет.

-- Эми мындан ары кандай болот? Шайлоо башаламан өтчүдөй таасир калтырууда...

-- Азыр эми эки жол калды. Биринчиси, тезинен ошол эки партияны шайлоо марафонунан четтетүү. Экинчиси, керек болсо шайлоонун өзүн токтото туруу жана тез аранын ичинде шайлоого байланыштуу укуктук-нормативдик документтерди жаңыдан кабыл алуу. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 400 миңден ашуун жаран форма-2 менен шайлоого барат экен! Бишкектин өзүндө эле 128 миң болуптур! Бул өтө резонанстуу көрүнүш! Ал турсун добуштарды массалык түрдө сатып алуу, паспортторду жыйнамай, админресурстарды ачык эле колдонмой, кээ бир кандидаттардын карапайым элге болгон зөөкүрлүк мамилелери, ж.б.у.с. жагымсыз жана мыйзамсыз аракеттер. Эми ушуну БШК тыкан карап, ошол шайлоо күнү даректерин өзгөрткөндөрдүн так эсебине чыга алабы? Массалык добуш сатып баштагандарды токтото алабы? Чоң жаңжал чыгып кетсе эмне болот? Демек, шайлоонун өзүнүн легитимдүүлүгүнө доо кетет. Анан эрегишүүлөр болбой койбойт (!) деп ким кепилдик бере алат? Ойлоно турган иш болуп жатат!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер