Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Президенттин финалдык жыйынынан көп нерсе күттүм эле”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Президенттин финалдык жыйынынан көп нерсе күттүм эле”

26-декабрь, 09:25
411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттин бул жылкы пресс-конференциясы сизге кандай таасир калтырды?

-- Президенттин бүгүнкү пресс-конференциясы өлкөдөгү абал абдан курчуп турган кезде өттү. Жалпы эле узап бара жаткан 2019-жыл өтө эле драмалуу болбодубу! Ошондуктан, мен президенттин финалдык жыйынынан көп нерселерди күттүм эле. Иш-чараны абдан катуу даярдашса керек (!) деп ойлогом. Тилекке каршы, ал үмүт акталбады. Мисалы, былтыркысы бир топ эле маалыматтуу болгон. Президенттин кириш сөзүн премьер-министрдин парламенттеги жылдык отчетунун тезистик варианты катары эле кабыл алуу керек. Таңгалдым, спичрайтерлери ойлонушпайт экен, да! Президент өкмөттүн функциясын узурпациялап жатат!” деген дооматтарга жем таштап коюшпадыбы! Ушул кантип болсун? Анан калса, суроолордун 90%ы мажирөө жана директивалык эле болду. Президент аларга оңой эле жооп берип жатты. Жыйын пресс-катчынын толук көзөмөлүндө болуп, эл күткөн курч маселелер коюлган деле жок. Мурдагы президенттин, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинин тагдырлары жөнүндө жакшы жооптор болду. Азыркы парламенттин ишмердүүлүгү боюнча жооптон качып кетти. Ал эми саясый мотив менен камакта жаткан Садыр Жапаровдун тагдырын сотко шылтоосу туура болбой калды. Анткени, мунапыс маселесин президент өзүнүн алдындагы атайын комиссиясы менен эле чечип коёт да! Бир үмүт, коррупция менен күрөш уланарын айтты. Келерки жылдын январь айында коопсуздук кеңешинде катуу суроо-талап коюларын эскертип өттү. Мунусу жакшы. 

Жалпысынан караганда, катардагы эле иш-чара орун алды. Дагы деле президентибизден катуу жана чечкиндүү иш алып барышы керек деген үмүтүбүз өчпөй келет...


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер