Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акырында башка кызга үйлөнүп алганың ичти күйгүздү...

Акырында башка кызга үйлөнүп алганың ичти күйгүздү...

29-май, 00:28
895 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Биз кыз-жигит болуп үч жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бул үч жыл аралыгында далай ирет суугуңа тоңуп, ысыгыңа күйүп, бактылуу да, кайгылуу да күндөрдү баштан кечирдик. Биз жаңыдан таанышкан кезде студенттик куракта болсоң, окууңду ийгиликтүү аяктап, бакыйган жакшы жумушка орноштуң. Ортодо жол кырсыгына учурадың. Ошондо сени жоготуп алуудан коркуп, күндөп-түндөп боздоп-сыздап ыйлаганымды айтпа. Сабагымдын, жумушумдун баарын токтотуп коюп, жабыркатып алган бутуң айыкмайынча жаныңда болдум. 

     Биз жетелешип жүрүп жаштыктын бактылуу күндөрүн кечирдик.   

     Негедир акыркы күндөрү сен өзгөрө баштадың. Башка адамга айланып бараткандайсың. Менин көңүлүмдү калтыра турган сөздөрдү айтып жүрүп, акырында башка кызга үйлөнүп алганың ичти күйгүздү! Атасыз өскөн жупуну турмуштагы мендей жөнөкөй кызды чанып кеттиң. Эми атасынын байлыгына, бийлигине ишенген ак сөөктүн кызы сага кандай жубай болуп берер экен? Ал аялыңа сенин кандай сезимдериң бар? Чын жүрөктөн сүйө алдыңбы?  

                                                                                                                                                           Даря  
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер