Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Айнура Жоробекованын сөзүнө абдан ыза болдум”

Каныбек Осмоналиев: “Айнура Жоробекованын сөзүнө абдан ыза болдум”

03-июнь, 14:43
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен маек.

-- Агай, бүгүн мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам үчүнчү окуудан кабыл алынды. Жаңы мыйзамдагы негизги өзгөчөлүк эмнеде?

-- Мен негизги эки өзгөчөлүктү белгилегим келет. Биринчиси, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Мурда ушул норма “же” деген кошумча менен берилген болчу. Экинчиси, баардык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, анан мыйзамга ылайык, расмий жана башка тилдерге которулат. Мындай норма мурунку мыйзамда жок эле. “Же” деген кошумчалар баардык беренелерден алынды. Эми президентибиз кол койсо, мыйзам күчүнө кирип, көркүнө чыгат.

-- Азыр коомчулукта дипломатиялык академиянын профессору Айнура Жоробекованын эл аралык форумда сүйлөгөн сөзү аябай кызуу талкууга түштү. Тил комиссиясынын жетекчиси катары буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Мен абдан ыза болдум. Анткени, ал дипломатиялык академиянын өкүлү гана эмес, кафедранын да башчысы экен. Дипакадемиянын белдүү кызматкери мамлекеттик тилди колдогондорду “крокодилдер” деп атканы – чындыгында бүт кыргыз элин шылдыңдаганы. Мындай сөздү айтарда абдан этият болуш керек. Кайсы эл өзүнүн тилинде сүйлөгөндөрдү мазактайт? Менимче, муну ушу бойдон калтырбаш керек. Анткени, бул киши студенттерди гана окутпастан, мамлекеттик деңгээлдеги кафедранын башчысы болуп жатпайбы! Ошон үчүн депутат Камила Талиева эң туура маселе көтөрдү. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер