Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Абакиров, ЖК депутаты: “Окуучулардын коопсуздугу үчүн бюджеттен каражат бөлдүрөлү”

Эльдар Абакиров, ЖК депутаты: “Окуучулардын коопсуздугу үчүн бюджеттен каражат бөлдүрөлү”

07-февраль, 20:42
981 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эльдар Курманбекович, бүгүн мектеп окуучуларынын коопсуздугу боюнча маселе көтөрдүңүз. Кандай дейсиз, бул көйгөй учурда аябай актуалдуу болуп турат окшойт...

-- Башка өлкөлөрдү карасак, билим берүүгө каралган каражаттын орточо 4 пайызы балдардын коопсуздугу үчүн бөлүнөт экен. Биздин бюджетте болсо, такыр эле андай берене каралбаптыр. Бул коопсуздукка такыр көңүл бурбайбыз (!) деген сөз. Коопсуздуктун ичине эмнелер камтылат? Албетте, видеокамераларды коюу, күзөт агенттиктин кызматкерлерин тартуу, окуучулардын мектепке барып, кайра кайтышын уюштуруу. Мүмкүн, атайын автобустар бөлүнөт. Ошонун баары балдардын коопсуздук бюджетине кирет. А бизде жогоруда айтканымдай, андай статья каралбаптыр. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо азыр чындыгында эле актуалдуу болуп турат. Жакында эле социалдык түйүндөр аркылуу тараган видеону баарыбыз эле көрдүк да. Ошондуктан, биз коопсуздук маселесин колго алууга тийишпиз. Укук коргоо органдары андай чар-чатактардын алдын алып, психологдор иштеши керек. 

-- Бизде мен билгенден, күзөтчүлөрдү жалдоо үчүн ата-энелер акча төлөшөт... 

-Азыр ата-энелерден акча жыйнаганга болбойт. Эгер жыйнаса, мугалимдер, директорлор жоопко тартылат. Демек, бюжеттен бөлүшүбүз керек. Бала бакчалар боюнча да иш алпаруу зарыл. Бизде азырынча өрт өчүргөндөй эле болуп жатат. Өткөндө бир тарбиячы кичинекей баланы сабагандан кийин, президенттин тапшырмасы менен көп бала бакчаларга камералар коюлду. Ага чейин коюлбай келген. Биз качан ошондой окуя болушун күтпөй, эл аралык тажрыйбаны эске алып эле алдын алуу чараларын көрүүбүз шарт


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер