Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов: “Бийликтин ачкөздүгү – казак элине мүмкүнчүлүк берди...”

Медербек Саидов: “Бийликтин ачкөздүгү – казак элине мүмкүнчүлүк берди...”

06-январь, 16:57
1 278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медербек мырза, мурда Казакстандын ушул жаңжалдар чыккан калааларында иштеп кайткан экенсиң. Казак боордоштордун козголоңу акырындан бышып жетилип, эми эл жарылгандай. Себептер тууралуу токтолсоң?

-- Казакстанда саясый кризис 2011-жылы Мангыстау облусунун Жаңаозен шаарында болуп өткөн трагедиялык окуядан кийин курчуган. Ошол мезгилде дагы нефть өндүрүүчү компанияларда иштегендердин нааразычылыктары себеп болгон. Учурдагы саясый кризис дагы дал ушул Жаңаозен шаарында орун алууда. Негизги себеп: унаа газга болгон баанын эки эсе өскөнү болуп турат. Жылдын башталышы менен Мангыстау облусунун жашоочуларына сюрприз жасалгандай эле сезилди. Январь айынын алгачкы күнүндө 10 чакты адам газга болгон бааны төмөндөтүүнү бийликтен суранган болчу, бирок аз сандагы элдин талабы аткарылган жок. Андан кийин 2-январь күнү 500дөй эл Жаңаозендин негизги аянтына чогулуп, бийликке бир канча талаптарды коюшту, алардын арасында азык-түлүккө болгон бааны төмөндөтүү, айлыкты көтөрүү жана мунай өндүрүп чыгаруучу заводдорго жергиликтүү адамдарды жумушка алуу талаптары дагы бар эле. Митингдин үчүнчү күнү Касым-Жоомарт Токаев баардык экономикалык кызыкчылыктарды эске алуу менен унаа газына болгон бааны 80-90 теңгеге чейин түшүрүүнү аткаруу бийликтен талап кылат. Тилекке каршы, эл бул чичимге канааттанбай, бийликке болгон талап күчөп, газга болгон бааны 50 теңгеге чейин түшүрүүнү жана мыкчыгер чиновниктердин оставкасын талап кыла башташты. Бул арада Токаев чукул жыйын өткөрүп, өкмөт аралык комиссия түзүп, бааны 50 теңгеге түшүрөт. Бирок элдин талабы 30 жыл аралыгында бийликте отурган тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин кетүүсүн жана анын жакындарын жоопко тартууну талап кылышты. Ал арада бүтүндөй Казакстанда бийликке нааразы болгон митингдер уюштурула баштайт. Негизи эле митинг башталган Мангыстау облусу газ жана нефть өндүрүү боюнча алдыңкы орунду ээлейт, бир заматта унаа газына болгон бааны эки эсе көтөрүү – бул элге болгон чыккынчылык болчу. Бул жерде чоң кызыкчылыктар ойноп, айрым бийлик адамдары ачкөздүк жасашты. Бирок, бийлик окуя мындай болуп кетерин эч качан билген эместей. Казак эли аягына чейин турса керек, мындай массалык түрдөгү нааразычылыктар 30 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Казак эли үчүн бул акыркы мүмкүнчүлүк. Эгер бийлик элди күч менен таркатып жиберсе, Белоруссиядагыдай репрессия күчөй баштайт. Бул оппозиция үчүн чоң жоготуу болуп эсептелет.

-- Геосаясый жагына токтолсоң?

-- Геосаясый жагын карасак, азырынча орус бийлиги сырттан байкоо жүргүзүп жаткандай. Бир жагынан Токаевдин бийликтен кетишин деле каалагандай. Акыркы учурда президент Токаев Москва менен эсептешпей, бир канча саясый кадамдарга барганы белгилүү. Ал арада Борбор Азия өлкөлөрү дагы сырттан байкоо жүргүзүп, саясый-экономикалык, коопсуздук тарабын бекемдөөгө аракет жасап жатат. Казакстанда болуп жаткан кризис Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында эле бар. Бизде деле азык-түлүккө болгон баа 2-3 эсе көтөрүлдү. Унаа газына жана күйүүчү майга болгон баа былтыркы жылдарга караганда эки эсе өстү. Экономика серепчилери баа дагы көтөрүлөрүн айтышууда. Бул дагы саясый социалдык кризиске алып келиши толук ыктымал. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер