Кыргыздын 40 уруусунун бири Оргунун тарыхы жазылды


Жолборс Жоробеков агабыз учурда саясаттан оолак болуп, тарыхтын сары изине чөп салып, китеп жазып жатканынан кабар алдык. Гезиттин бу санында Оргу уруусунан чыккан кадимки эле Уркуя Салиева эжебиздин санжыра-таржымалын ачып бериптир.
Эгемендүү Кыргызстандын калкын түзгөн 40 уруунун бири Оргу уруусу. Кийинки 30 жылда уруулардын тарыхын изилдеген китептер жазгы жамгырдан кийинки козукарындай чыгып жатат. Аны жазууга коммерциялык багыттагы “адис тарыхчылар”, “санжырачылар” да пайда боло баштады. Ошондуктан базалык билимим тарыхчы болгондуктан жана этнография боюнча стажировкадан өткөн адам катары Оргунун тарыхын жазууну өзүм эле колго алдым. Буюрса, негизги тарыхы жазылып бүттү. Эми Оргудан чыккан инсандар тууралуу материалдар да топтолуп, аягына чыгуу алдында. Оргудан кандай тарыхый инсандар чыккан, эли-жери үчүн кандай кызмат кылган, баардыгын камтууга аракет кылдык.
Айталы, 1912-1917-жылдары Орус думасына Фергананын Ичкилик уездинен думага шайланган Сатывалдиев Омурзак (Өмүрзак дөмө) деген инсан болгон экен. Ал киши думадагы революциялык маанайдагы адамдар менен достошуп, революциянын алгачкы жылдарында Кыргызстандын түштүгүндө Совет өкмөтүн орнотууда чоң роль ойногон. Т.Айтматов, А.Орозбековдор менен үзөңгүлөш болгон. 1933-1934-жылдары репрессия болуп, Өмүрзак дөмө, Уркуя Салиева ж.б. ондогон инсандардан баштап жакында эле көзү өтүп кеткен Кыргызстан мусулмандарынын мурдакы Азирети муфтийи Мураталы ажыга чейинки инсандар бар. Ал эми Социалисттик Эмгектин Баатырлары Абдулла Кыпчаков, Пахридин Алимбаев, Пазыл Абжалиев, Тажибай Мажакипов, эмгектери менен элдин эсинде калган Эсенали Саитов, Нажимидин Мусаев, кийинки биз менен замандаш коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдималик Анарбаев, Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал окумуштуу Иматбек Раззаков ж.б. бир топ инсандардын баскан жолдору жаш жеткинчектерди туура тарбиялоого жана Атамекенди сүйүүгө багыттоодо чоң роль ойномокчу.
Ушул жерге Уркуя Салиева тууралуу материалды айрым кыскартуулар менен келтире кетейин.
Уркуя Жумабай кызы
Уркуя Салиева – Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхына алтын тамгалар менен жазылган ысым. Бул легендарлуу эжебиз жөнүндө көркөм чыгарма, кинофильм тартылып, Бишкектин чок ортосуна монументалдуу эстелиги орнотулган. Деги эле бул инсандын трагедиялык өмүрү Кыргызстандын кыз-келиндеринин бир канча муунуна патриоттуктун, эли-жерди сүйгөндүктүн, эл үчүн кызмат кылуунун эталону катарында кызмат кылып келди. Бүгүнкү күндүн ой жүгүртүүсүндө да Уркуя жөнүндө маалымат Кыргызстанга аба менен суудай керек болуп турат. Анткени азыр кыргыз кыздары ата-бабабыз жасабаган оронуп-чулганган, паранжы жамынган мезгилге келе жаткан кезде Уркуянын образы атам замандан бери эле ат жалында ойногон кыргыз кыздарынын, коомдук жана мамлекеттик иштерге эркектер менен чогуу катышкан Айчүрөк менен Каныкейдин, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкалдын, Курманжан датка баш болгон соңку жаңы тарыхтагы ондогон кыргыздын чыгаан кыздарынын образдарынын уландысындай сезилет.
Элестетип көрүңүз, Уркуя он жашка чыккан кезде Россияда орустардын эле эмес кыргыздардын да турмушунда ири бурулуш болгон Улуу Октябрь Социалисттик революциясы жүз берет. Ал Ош облусунун мурдакы Үч-Коргон (Молотов) районундагы Тактектин Беш-Бурхан деген айылында 1907-жылы, ал кездин айтымында, кедей дыйкан Жумабайдын үй-бүлөсүндө жарыкка келет. Оргу уруусунан Асаддан Бостонбай, Бостонбайдан Ысмаил жана Жумабай деген эки уулу болот. Ысмаилдан Зулум чоң ата, Козу чоң ата жана Адалат деген эжебиз болгон. Ал эми Жумабай менен аялы Бүбүкандан жалгыз кыз Уркуя болот. Зулум чоң ата менен Козу чоң аталарды биз да 1960-1970-жылдары көрүп-билип калдык.
Уркуя “атка жеңил, тайга чак”, чыйрак, зирек өсөт. Атасы Жумабайга ар түрдүү жумуштарына колкабыш кылып, эркек балдардан кем эмес жардам берет. Ал жылдардын тартибине ылайык ошол эле айылдык Тойчу деген кишиге күйөөгө беришет. Бирок көп өтпөй эле (балалуу боло элегинде) аны элдин айтымында, чанып, ажырашып кетишет. Ажырашкандан кийин атасы Жумабайдын үйүндө отуруп калат. Анан алыстагы Жүлгөлүк (Меркит Муркуттук) Колдош менен кайдан, кандай жагдайда таанышып, жылдыздары туура келип калат, ал жөнүндө так маалымат жок. Тарых ал мезгил жөнүндө унчукпайт.
Бирок Уркуянын алгачкы тарыхый тагдыры (биринчи күйөөсүн жактырбай) легендарлуу Курманжан даткага окшоштугу айдан-ачык көрүнүп турат. Курманжан датка демекчи, айрым маалыматтарда Курманжандын атасы Маматбай да 1800-жылдары Беш-Бурхандан көчүп кетип, Оштун жака-белинде Ороке деген жерде туруп калган. “Оргулук, Оргу деген айтымдар бузулуп, Ороке делип калган” деген эл арасында сөз бар. Муну тактоо же тануу бул азыркы биздин максатка кирбейт.
Албетте, Беш-Бурхандык Молдо Үсөндүн баласы Курманжан датканын бакма баласы Карабек жөнүндө өзүнчө жана өзгөчө сөз болот. Ал эми Уркуя менен Колдош бирин-бири жактырып баш кошушканы бул тарыхый чындык. Демек, Уркуя Меркит-Мүркүткө келин болуп келген кезде, бир жагынан тап душмандары басмачылар күчөп, экинчи жагынан колхоз курулушу, колхоз уюштуруу кампаниясы кызуу башталып калган мезгилге туш келет. Уркуя табиятынан жаңылыкка умтулган инсан катары бул ишке тез эле аралашып, анын лидерлеринин бири болот.
Маматкалык Омурзаков деген Беш-Бурханда тарыхчы мугалим профессор С.А.Аттокуровдун жетекчилигиндеги дипломдук ишинде минтип жазат:
“Уркуя Салиева Лениндик комсомолдун катарына кирип, күйөөсү Колдош менен бирге ячейкада чогуу кызмат кыла баштайт. Уркуя эл арасында шамдагайлыгы, бетке ачык айтканы, тартынбай сүйлөгөнү аркылуу эл көзүнө тез эле көрүнө баштайт. Анын уюштуруучулук жөндөмүн байкашкан айылдыктар 1930-жылы Меркит-Мүркүт айылдык кеңешине башчы кылып шайлап алышат”. (Омурзаков М.А. Дипломдук иш. ‒ Бишкек, 1992. 45-бет).
“Уркуя Салиева 1932-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат. Партиянын катарына өтүү менен ал колхоздун экономикасын өстүрүү үстүндө иштеген. Сугат жерлер көбөйтүлүп, мал чарбачылыгын да өнүктүрө баштаган. 1932-жылы Уркуя райондо алгачкылардан болуп “Кызыл-Аскер” колхозунун башкармалыгына бир добуш менен шайланат. Бай-манаптар жана аны менен иштеген айрым кишилер аялдан чыккан башкарманы көралышкан эмес. Ичинен кекенип, өч алуунун жолун издешет. Уркуя ар кандай тоскоолдуктарга карабай, өз кайратынан кайтпай, жаштык жалын менен өз ишине абдан берилип иштеген. Колхоз ишине аялдардан да көп тартат. Меркит-Мүркүт кыштагында түзүлгөн “Кызыл-Аскер” колхозунда баардыгы болуп 48 кожолук түтүн, 480 баш кой-эчки, 2 чоң дөңгөлөктүү араба болгон. Колхоз курулушун эл массасы кызуу колдогонуна карабастан, кээ бир бай-манап, кулактар тымызын анын көзүн тазалоо үчүн аракет кылган, коркутуп-үркүтүп турушкан. Колхоз уюштурууда кемчиликтер көп болот. Мамлекеттик пландарды аткарууда чоң тоскоолдуктарды жасашат. Феодалдык бытыранды абалда жашап, бай-бийлердин рухунда тарбияланган жергиликтүү кыз-келиндер эл арасында жүзүн көрсөтүп жүрүүгө тыюу салган. Бирок алар менен Уркуя чечкиндүү күрөш жүргүзгөн. Ал коомдук ишке активдүү катышканы үчүн 1934-жылы Кыргыз АССР БАККа мүчөлүккө шайланган” (Уркуя Салиеванын музей архивинен алынды. “Китеп 1”. 4-бет).
“Көп өтпөй эле тап душмандары 1934-жылы 3-4-февралга караган түнүндө күйөөсү Колдош экөөнү өлтүрүшкөн. Эми гана 27 жашка чыккан Уркуянын өлүмү бүткүл элди кайгыга салды. Ал совет бийлигинин мезгилинде социалдык бай-кулактарга каршы күрөш жүргүзгөндүктөн, колхоз курулушу үчүн жан аябаган кызматы үчүн “Кызыл-Аскер” жана “Калинин” колхоздорун бириктирип. 1938-жылы “Уркуя Салиева атындагы колхоз” деп аташкан”.
“Советская Киргизия” гезитинин 1934-жылдын 17-февралдагы санында Уркуя Салиеванын курман болгондугу жөнүндөгү кабар жана эпкиндүү колхозчу аялдардын I съездинин делегаттарынын ага байланыштуу кайрылуусу, тап душмандарын аёосуз жазалоого, колхоз түзүлүшүн чыңдоо үчүн дагы активдүү күрөшкө чакырган” (ошол эле документтен).
“Кан төгүлгөн жерде гүл өсөт” дегендей, “Уркуя Салиева” колхозу облустук масштабдагы ири чарбалардан болуп калды. У.Салиеванын үй-музейи түзүлгөн. (Бул материалдар баардыгы ошол дипломдук иштен алынды. 45-46-47-беттер).
Демек, Уркуянын жаркын элеси бүгүнкү күндө да жаштарды патриоттуулукка, эл-жерди сүйүүгө тарбиялап, коомдук жана мамлекеттик ишке олуттуу мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтүп турат.
Бекеринен экс-президент Роза Отунбаева Курманжан датканын 200 жылдыгына карата уюштурулган илимий конференцияда “Курманжан датка – кыргыздын чыгаан саясый жана коомдук ишмери” деген докладында (6/X‑2011): “Бизге Курманжан датка баш болгон Уркуя Салиева, Өлмөсхан Атабекова, Саадат Ногоева, Диларам Рафикова, Телегей Сагынбаева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Сайра Кейизбаева, Бүбүсара Бейшеналиева, Күлүйпа Кондучалова, Анна Волкова, Фатима Нургазиева, Анна Юматова, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Ольга Мануйлова, Сатин Бегиматова, Тенти Адышева, Бүбүйна Орузбаева жана башка ондогон чыгаан кыздарды кыргызга берген тагдырыбызга ыраазы бололу!” деген эле. Чындыгында алыскы тоо боорундагы Беш-Бурхандан чыккан Уркуя кыргыздын чыгаан кыздарынын сап башында турушу – бизге чоң сыймык тартуулайт.
Жолборс Жоробеков
"Азия Ньюс" гезити











